“Ааламга чыккан атагы – айылы Чыңгыз атанын”

Атагы ааламды аралаган айтылуу Шекерди чыгарма кейипкерлерине айланган адамдары аркылуу эле билип, Чыңгыз агабыздын көзү тирүүсүндө барып көрбөгөнүмө катуу өкүттө калдым. Чыкебиздин алдында узап кеткен каармандарында айтылбай канча сыр кетти деп… Көптөн бери күтүп жаткан ошол күнгө 12-декабрды утурлай айтылуу Шекерде болдук. Элет эли:”Айтматовдун даңкына, беделине жараша иш-чара көрүлөт. Мухтар Шаханов баштаган алыскы-жакынкы санаалаш достору, бийлик тараптан премьер-министр Данияр Үсөновду алдыга салып бир топ адам келет” деп күтүшкөн экен. “Эскерүү салтанаты мамлекеттик деңгээлде өтөт” деп үмүт артышыптыр. Андай болбоду, 80 жылдыгын жетиштүү көрүштүбү, бул жолу маданиятчы директор Султан Раевден башка бийлик адамы көзгө урунбады. Шаарга келгенибизде Мухтар Шахановдун операциядан кийин жакшы тыңый электигинен келалбай калганы маалым болду.

Жайнаган милиция, этке шаштырган айыл өкмөттөрү…
Алгач жол азабы түйшүктү салды. “Оңдолот” деген жолдору оңдолбой, эптеп чүргөп бүткөрүлгөн окшобойбу, унаа дөңгөлөгү аң-дөңгө түшкөн сайын, өпкө, жүрөк капшырылып атып, көздөгөн дарегибизге эптеп жетип бардык.

Чыңгыз аганы айтылуу Шекердин айтылуу калың эли эскерди. Анан да жайнап милициябыз жүрдү. Алар Чыңгыз агабызды арбагын сыйлап, топурак-дүпүрөктөр болбосун дегениби, же атайын буйрук алып, айрым бирөөлөрдү аңдып, кармаганы келгенби, болбоду дегенде, Раевди сак-сактап жүрүштүбү, билбедик. Мурда-кийин кулагыбыз чалып калгандай, “алар Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов баштаган оппозиция көчүп келген экен деп угушкан көрүнөт” деп ойлогонбу?..

Айтор, залда отурган эл көп болду, эскерип сүйлөгөнү аз болду. Болгону үч адамга гана сөз берилип, “убакыттын тардыгына” байланыштуу ар бирине үч мүнөттөн убакыт чегеришти. Өкүнүчтүүсү – “мен анын жердешимин” деп, Чыңгыз Айтматов өзү сыймыктанган, анын он эки чыгармасын кыргызчага оодарган Ашым Жакыпбеков тууралуу бир ооз сөз айтылбады. Ашым аганын жакын туугандары деле бар экен, катышып отурушту, тилекке каршы, “узун тизмеден” сөз кезеги берилбеди. Бизге жупуну белгиленип калгандай көрүнүп, сыртка чыкканда Ильгиз Айтматовго бул тууралуу суроо узатсак, ыраазы экенин билдирди. Айыл өкмөттөрү колдогу башка тизмени карап, элди этке чакырып, шаштырып жүрүштү.

Атактуу адамдарыбыз эмнени эстен чыгарышты?
Эт демекчи, эскерүү кечеге эки жылкы, алты кой союлуп, он үйгө бөлүнгөн коноктордун алдына табак тартылды. Курсакка ысыгы да, “ачуусу” да барып, ар кандай сөздөр козголду… Дасторконго бата кылынып, эркек-аял дебей, баарынын колунда ырымга сала кетели деген баштыктар шуудурап калды. Бири:”биз дагы 80 жашка жетели” десе, экинчиси: “Чыңгыз атасындай жазуучу болсун, небереме алып барайын” дейт… Айтор, баштыктарын көтөрүп, калчусу калып, калганы – бири Таластын борборуна, бири “жарыкта жетип алалы” деп Бишкекти көздөй агылып жөнөй баштады. Алар дагы деле бир нерсени эске алышпады: келгендер Ашым Жакыпбековго да кайрылат го деп, туугандарынын жыт чыгарып, жайган дасторкону томсоруп жайылган бойдон калды. Жадагалса, жол жээгинде турган бейитине кайрылып, куран түшүрүп коюшпады. Жааган кар бетинен бейитке жол салган адам изин көрө албадым…

Ашым Жакыпбековдун куттуу үйүндө…
Ал күнү айылда калдым. Ашым аганын туугандарына жолуга кетейин деген тилегим бар болчу. Айылга келе жатканда билгендер болсо тактап коеюн деп, чогуу келген бир баланы токтотуп, даректи сурап калсам, “ал үйдө биз жашайбыз, тууганы болом” деп калбаспы. Кандай барып, кандай табышты макулдашып, чечишип алып, салтанат аяктаганда айтылган тарапка жөнөдүм. Жайдары, кубануу менен тосуп алышты. Ашым аганын туугандары менен таанышып, агайга, анын байбичесине бата кылып, бейитине чейин барып кайттым… Күн да кечтеп калгандыктан, Ашым аганын келини Күлүпа эже: “Конуп кет, кеч болуп кетти. Тамак асалы” деп калтырып коюшту. Илешбек агадан Чыңгыз Айтматовдун туугандарын сураштырып калсам, “айтып бергенче, барып келели” деп, ээрчитип жөнөдү. Биз билген Чыңгыз ааламынын бизге белгисиз бир өңүрүн ачып кайткандай эле болдум. Мен кезиккен адамдар бир муңайып ойго чөмүлүп, бир күлүп, сырын да каткан, ыйын да да каткан күндөргө сереп салып жатышты. Бир топ сөздөр айтылды. Аттиң, убакыттын тардыгы да, аздыгы деген өкүнүчтө калдым. Айла жок деп, көтөрүп келген аздыр-көптүр маалытыбызды алдыңарга тартып отурабыз. Кетээримде, Ашым аганын Чыңгыз Айтматов тууралуу бир сөзүн жазып алдым эле: “Адам адамдан жакшылык арттырат, ал адам улуу болсо экен. Ушул ойлор Айтматовдун таразасыбы деп ойлойм. Бул кишинин Көктө Ак Болпоң жылдызы бар. Бар дегеним, жалаң Шекер айылындагы эмес, жаамы адамзатты ойлоп, башы катат. Ошон үчүн айылдаш болуп калганыма корстонмун”.

Байтик ТАЙСАРИЕВ, Чыңгыздын 85 жаштагы агасы: “Чыңгызымдын жөнөкөйлүгүн эстеп, ыйлагам…”
– Бүгүнкү эскерүү кечеге нааразы эл көп, а сизчи?
– Эскерүү кечесине ооруп бара алган жокмун. Андыктан, Чыңгыз Айтматов канчалык деңгээлде эскерилгенин билбейт экемин. Тирүү болгондо, бүгүн 81 жашка толмок экен деп үйдө эстеп олтурдум…

Иниңиз кандай адам эле?
“Канчалык бийик болсоң, ошончолук кичик бол” дегендей, Чыңгыз атагы ааламга кеткени менен көпкөн жок. Баягы эле бала кездеги жөнөкөйлүгү менен өттү дүйнөдөн. Бир эле мисалды келтирейин. Бишкекке кайсы бир конференцияга чакырылып, президиумдан Чыңгызды көрүп калдым. Танаписте кол тамгасын алып жаткан элдин арасынан араң суурулуп чыгып, ага жолукканга аракет кылсам, жакындап калганда милиция көкүрөктөн түртөт. Мени байкап калган Чыңгыз:”кое бергиле, ал менин агам” деп жанына чакырып олтургузуп, “бул менин агам” деп ар бир кол тамга алган адамга мени тааныштырып жатты. Анын андай жылуу мамилесине ичимден ыраазы болуп олтурдум. Ушунчалык көккө көкөлөтүп салган Чыңгызымдын мамилесин балдарынан көрө албай, ызаланып ыйлагам. Чыңгыз өлгөндө болду, бир окуя. Шаарда чоңоюп, чет жакта жүрүп, кыргыздын каада-салтынан алыстап, орус мүнөз болуп калган балдары ыйлап келгендерге үн чыгарбай койбосун деп чочулап, катарларына кошулуп боз үйдүн жанында олтурдум. Бир убакта үчөө тең жок. Колго суу куйган балдардан сурасам, үйдүн ичинде тамак ичип жаткандарын айтышты. Кирип барып: “Ай, Аскар, мени таштап кетип калганыңар эмне?” десем, “Ну…” дейт орусчалап. Ыза болгонумдан:”Өлбөй кал, Чыңгыз, өлбөй кал. Өзүң жазган маңкурт кайда деп жүрсөм, бул жерде турбайбы” деп, Чыңгызымдын жөнөкөйлүгүн балдарынан издеп ыйлагам…

Керимсейит ДОБУЛБЕКОВ, 75 жаштагы иниси: “Чыңгызымдын сөөгүн Шекерге алып кетем дегем…”
– Сиз жакын иниси экенсиз. Кандайча тууган болосуздар?
Биз эки бир туугандын балдарыбыз. Алар Тынаалыдан, биз Жанаалыдан тарайбыз. Чыңгыз менден жети жаш улуу болчу. Балалык кезин билбегеним менен, эр жеткен кезин жакшы эле билем.

Бүгүнкү жылкынын бирин сизди сойду дешүүдө. Үйүңөрдө коноктор да болушуптур…
Кой союп болсо да, туугандарга колдон келген жардамыбызды кылдык. Бүгүн биздин үйдө 30га жакын киши болду. Чыңгыздын уулу Аскар, карындашы Роза, анан Роза Отунбаева келди. Башкасын тааныган деле жокмун. Роза мени кучактап алып ыйлады… Эми Чыңгызымды эскерип олтурсам, бир күн да жетпейт… Илгери акылман, кеменгерлер сүйлөшүп олтуруп, “Суу өлбөйт, Күн өлбөйт, Тоо өлбөйт” деген талаш сөз болуп калганда бириси: “Өлбөгөн эки нерсе бар: молдонун жазган каты өлбөйт, жакшы адамдын аты өлбөйт” деген экен. Анын сыңарындай, Чыкемдин акылман сөзү калды, жакшы аты элдин жүрөгүндө, жазган китептеринде калды. Тогуздап бээ союп балдарыбыздын атын Чыңгыз коюп ырымдасак да, бул Чыңгыздай боло албайт. Чыңгыз бир келди да, кетти. Кыргызды дүйнөгө таанытты, анын артынан Шекер айылы да дүңгүрөдү. Китептериндеги каармандарынын баары ушул айылдын жашоочулары. Бир гана Ысмайыл Көк-Сай айылында жашачу. Көлдөн, Кеминден келген куда, кудагыйларым Ысмайылды сурашчу. Өз көзү менен көргүсү келгендерди анын үйүнө алып барчумун. Байбичеси тамашалап көрүндүк сурачу…

“Шекерликтер Чыңгыздын сөөгүн алып кетебиз деп талашкан” дешет го…
Ал мындай, Чыңгыздын башка жакта көз жумганын деле элес албай, өттү дегенди телевизордон угуп алып, эртеси эрте Байтик агам, айыл имамы жана башка туугандар Бишкекке жөнөп кеттик. Эрте барып алыппыз, үч күн сөөгүн күттүк. “Гробдо жатат” деген сөздү уккандан “эмне, орусча коюлуп калабы?” деп чочулай баштадым. Германиядан сөөгү келгенден кийин, айылга алып кетебиз десек, “атамдын жанына койгула деген аманат-керээзи бар” дешти. “Бул жерде бир атасы болсо, айылда жети атасы бар. Айылга алып кетем” деп айтканым чын. Акыры ынадык. Тууган дегенден айланса болот. Майрам сууга алып, жерге койгонун да шекерлик туугандары мойнуна алып, тикесинен тик турушту…

Акбар СЕЙТАЛИЕВА, Ысмайылдын кызы: “Чыңгыз аганын атамды пенсияга чыгарганы кызык…”
– Биздин угушубузга караганда, атаңыз Чыңгыз абага нааразы эмес, ыраазы болгон турбайбы. Эмнеге?
Ооба, чын. Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанытты деп. Элден укканым боюнча, атам Чыңгыз агага жолугуп, колун кармаган экен. Залкар жазуучубуз 50 жылдыгы белгиленип айылга келгенинде, атам учурашайын деп алдын тосуп чыгат. Жанына жолотпой милициялар түртөт. Чыңгыз ага:”Кое бергиле, бул менин – Ысмайылым” десе, милициялар да, журналисттер да таңгалып карашып, “тирүү турбайбы” деп сүрөткө аябай тартышыптыр. Чыңгыз ага атам менен амандашкандан кийин, “Эмне керек болуп калды?” десе, “Сен мени ууру кылып дүйнөгө тааныттың. Ошондон уламбы, айтор, пенсияга чыгалбай жүрөм. Пенсияга чыгарып кетчи” деп суранган экен. Чыңгыз аба убадасына туруп, тиешелүү жерге айтып кеткен экен, алар аганын сөзүн эки кылбай, аткарышыптыр. Атамдын бир жолу жашынган үңкүрү жөнүндө айтып бергени эсимде. Чыңгыз аганын “Бетме-бет” чыгармасы боюнча киного тартыларда кинорежиссер, сьемка тобу атамды атайы издеп айылга келишиптир. Жашынган үңкүрүн сурашкан экен, атам ошол жерге алып барып көрсөтүп бериптир. “Мен жашынып жүргөндө үч эшиги бар эле. Бирөө бет маңдайымда, экөө эки капталында. Кадимки эле үйдөй болчу. Эки капталы бүтөлүп калган турбайбы” деп элди күлдүрүптүр.

Атамдын кылык-жоругун элден көп угам. Атам көп жыл камакта болду. Мен бир балалуу болгондо келди. Ошондуктан, эч нерсесин сурап деле калбаптырмын. “Өз оозунан угуп жазып калсам болмок экен” деп өкүнүп калам. Ошентсе да, теңтуштарына айтып калгандарынан кулагым чалып калгандары эске түшө калат. “Мен өз кызыкчылыгын көздөгөн ууру эмес, элди баккан ууру болгом. Ачарчылыкта баласынын этин жеген кишилерди кезиктиргем. Бир тууган эжемдин кунажынын союп, аларга алып барып берген күндөрүм болгом…” дегени, “Кинодо бир аз бурмаланып, туура эмес тартылган” деп айтканы эсимде…

Сейталы БЕКМАМБЕТОВ, классташы, досу: “Жамийла менен жолуктурганда, ал ыйлап…”
– Классташы да, курдашы да, сырдашы да сиз экенсиз. Андыктан, Чыңгызды сиз билгенден артык билген киши жокко дейм…
Ырас, Чыңгыз экөөбүз 8 жаштан 80 жашка чейин дос болдук. Бир “сен, мен” дешкен жокпуз. Тогуз бала дос элек, биринчи кеткен жетөөсүнөн кийин, Чыңгыз да кетип, жалгыз калдым. Курдашым өлөөрүн билгенби деп ойлоп кетем өзүмчө. Себеби, кызыктай бир окуя болгон. Былтыр 24-апрелде мени шашылыш үйүнө чакыртыптыр. Чыңгызга жолугарымдан кабардар болгон райондун акими: “80 жылдык тойду өзү менен сүйлөшүп, планды чогуу түзсөк жакшы болоор эле” деп суранып калды. Мейли деп, чогуу бардык. “Кино үйүндө” күтүп жаткан экен. Амандашкандан он мүнөттөн кийин, “Секе, мени Ак үй чакырып жатат. Үйдү болсо билесиң. Силер бара бергиле. Чай ичкениңерче барып калам” деп калды. Өзү айткан убакта артыбыздан барып калды. “Чыке, деги тынччылыкпы? Мени эмне чакырдың? Айтчуңду айт, биз кетели” десем, “Калып эле кеткиле, эт салдырып койдум. Секе, сага орус камырынан беш бармак берем” деп тамашалап калды. Анан көпкө чейин ар нерсени эске түшүрүп, баарлашып олтурдук. Аким экөө 80 жылдык тойдун планын түзүштү. Антип-минткенче эле кечки саат 11 болуп кетиптир. Мени сыртка алып чыгып, үйүнөн үч метрдей нары басып барып, балалык кезибизди эскердик. Апамдын курутун уурдаганыбызды, коонго уурулукка барганыбызды айтып, “Балалык” деген китебине кол тамгасын коюп, “мунун ичинде сен дагы барсың. Үйүңө барганда окуурсуң” деп колума тапшырып, эки бетимден өөп, бекем кучактап, ыйлап жиберди. “Ой, сен эмне, 80 жашка чыгып жатканыңа капа болуп жатасыңбы?” десем, “Балалык күндөрдү эстеп, эрергип кеттим” деди.

Эртеси биз айылга жөнөп кеттик. Баягы китебин үйгө келип окусам, “Сейталы директорлукка салып, үстөмдүк кылып, мени эки жолу суудан көтөртүп өттү” деп жазылган жери бар экен. “Көркөмдөп жиберипсиң. Качан ошондой болду эле? “Үстөмдүккө салып” дебей, жөн эле жазбайт белең” деп айтайын дегенче, бу дүйнөдөн өтүп кетти. Көрсө, баягы баарлашуубуз акыркысы экен. Адам баласы “мен өлөм” деп түз айтпайт да. Өлөөрүн билип, мени көрүп калайын деп шашылыш чакыртса керек деп ойлоп калдым.

Сөөгүн коердо калемдеш досу Муктар Шаханов келбеди беле. Ошондо ал мени четке алып чыгып, “Чыңгыз өлөөрүн билген” деди. “Кандайча?” десем, “Казакстанга барганда, мейманканага жатам дегенине карабай, үйгө алып барып, коноктоп, кондуруп койгом. Ошондо “мен быйыл силер менен чогуу болбой калат окшойм” деген” дейт.

Андан ары Татарстанга баргандагысын байбичеси айтып бергени бар. Ал жактан да “балдарды чакыр, айтар сөзүм бар” дептир. Аскар менен Элдар чогуу барса керек. Аларга: “Балдарым, кокус көзүм жумулуп кетсе, Ата-Бейитке, атамдын жанына койгула” десе, балдары боппоз болуп отуруп калыптыр. Чочуп кеткен байбичеси: “Эмне деп жатасың, балдардын эсин чыгарып…” десе, “Ээ, байбиче, эртеби, кечпи, кетебиз. Кандай болгон күндө да балдардын кулагына салып коеюн дедим” деген экен. Ушул үч окуясы жөн жерден окшош чыкпайт. Чыңгыз жөн адам эмес, ага Алла Таала түшүндө аян берсе керек деп кетем.

“Балалык” деген китебинде “бир аз көркөмдөлүп кеткен” деп айттыңыз. А чыны кандай болуш керек эле?
Согуш учурунда айылдагы эр-азаматтын баары согушка кетип, эч ким калбай калганда, мектептер жабылып калбасын деген ниетте бизди эки айлык курстарга окутуп, окутуучу кылып коюшкан. Мен мектеп директору, Чыңгыз орус тилинен мугалим болчу. Күркүрөө суусун жайында кечип, алмак-салмак бири-бирибизди көтөрүп өтчүбүз. Жээкке чыккандан кийин экөөбүз чүкө ойноп кетчүбүз. Аны көрүп калган апам муштумун түйүп, чакырып: “Директор менен мугалим да чүкө ойночу беле? Окуучуларыңар терезеден карап турбайбы” деп урушаар эле. Азыр ойлосом, өзүбүз деле1 бала экенбиз… Анда биз араң 7-классты гана бүткөнбүз.

Чыңгыз экөөбүздүн ортобузда бир көрпө, бир тебетей, бир бут кийим болоор эле. Районго кимибиз бара турган болсок, ошобуз кийип жөнөп калчубуз. Ал дайыма биздин үйдө сакталаар эле…

Балдарыңыздардын бири-бирине болгон мамилеси кандай?
Балдарды тааныштырып койгонбуз. Катташабы же жокпу, аны өздөрү билет.

Чыгармаларында “өзүнүн турмушун да чагылдырган” дешет. “Жамийла” аттуу чыгармасындагы Сейит өзү турбайбы. Ошондогу жакшы көргөн жеңесин кийин деле “бир көрсөм” дегени чын беле?
Чыңгыздын чыгармасынын дээрлик көбү турмуштан алынып жазылган. Жамийла жакын жеңеси болчу. 63-жылы, жаңы эле Лениндик сыйлыктын лауреаты болуп айылга келген. Анан “Жамийла жеңем азыр кайда болду экен? Сен билбейсиңби?” деп сураганда: “Билем” десем, “жолуктурууну уштуруп берсең жакшы болот эле” деп калды. Жеңесине барсам, “кантип барам? Баланын бетин кантип карайм?” деп болбойт. “Балаңдын шагың сындырып коесуң” деп атып араң алып келдим. “Жеңе кандайсыз? Деги күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү?” дегенде эле Жамийла ыйлап жиберди. “Коюңуз жеңе, муну керегиңизге жаратып алыңыз” деп чөнтөгүнөн бир бутам акча сууруп сунду эле, Жамийла кетенчиктеп болбойт. “Балаңдын назарын сындырба! Ал берген нерсени…” деп атып араң бергенбиз.

Агай, “Чыңгыз аганын чыгармаларынын көбүн кыргызчалаган Ашым Жакыпбеков” деп айтылып келгени менен бүгүнкү эскерүүдө ал кишинин аты аталбады…
Чыңгыздын чыгармасында Ашымдын мээнети күч. Аны мен окуткам. Кичинекейинде коркок бала кийин кара сөздүн чебери болбодубу. “Манас” эпосун эч ким кара сөз менен жазган эмес. Ашым жөнүндө айтылчу сөздөр али алдыда…

Ашымдын берешендиги, Кымбат кызы, урпагын улаган Уланы
Өз колу менен там салып, бак отургузган Ашым Жакыпбековдун айылдагы үйүндө иниси Илешбек Казиев үй-бүлөсү менен жашап, аны көздүн карегиндей сактап келет. Ашым менен Илешбек эки бир туугандын балдары. Экөөнүн тең агалары согушка кетип, келбей калган. Ниязбек уулу Өмүрбектин кемпири Сарыбай кызы Алмабүбү жолдошунан жаш калса да, турмушка чыкпай, эки баланы өз баласындай багып, өстүрүп, үйлөнтүп-жайланткан. “Апам Ашым акемди шаардан чакыртып, там салдырып, бак тиктирип, үйлөнтүп, акылдуулук кылган экен. Мен үйлөнгөндөн кийин, акем шаарга кеткен. Апам бир коюн союп алып, “балам шорпо шилең ичсин” деп артынан шаарга барса, акем ар кимге чалып, чакырып, эттин баарын бир күндө таратыптыр. Эртеси капуста менен шорпо ичип калгандарын айтып, күлүп да, күйүп да келген апам. Чынында эле акем ченебеген берешен адам эле. Айылга келгенде жалгыз келбей, жанына жок дегенде эле он чакты адамды ээрчите келип, кой союп сыйлачу. Конок тоскону да бир кызык. Чакырган убактысынан кечигип келген коногуна кайра кой сойчу. Кыскасы, он адам кечиксе, он кой союлчу.

Акем 12 балалуу болуп, анын бири да токтобой, ырым-жырым менен кыз токтоп, анын атын “Кымбат” деп акем өзү койгон. Көп жылдан кийин Уланбек аттуу уулдуу болот. Турмуштан өз ордуларын тапкан бир туугандардын бири Бишкекте, бири Америкада. Уландын Америкага кетишине Чыңгыз Айтматов жардам берген. Уландын Муса аттуу баласы бар. Анын атын Азамат Алтай койгон. Андан кийин бир кыздуу болгон. Чет өлкөдө жүрсө да Уландын эне тилибизди унутпаганы бизди кубандырат” дейт Илешбек ага. Ушундай ысым менен айылына белгилүү агабыздын өз аты – Жетимишбай. Ал эми Ашым агай болсо “Шерик” дечү экен. Ашым ага 1994-жылы бу дүйнө менен кош айтышса, өмүрлүк жары Кемпирбүбү Рыспаева узак оорудан кийин, 2004-жылы, 4-июнда көз жумган экен.

“Нет” деген Кулов. Жооп бербеген Бабанов. Эрдик кылган Шерниязов
Илешбек аганын жубайы Күлипа эже күйүп-бышып буларды айтты: “Акемдин көзү тирүү болгондо, эмки жылы 75 жашка чыкмак экен. Эскерүү салтанатына эмитен кам көрөлү деп жатабыз. 2005-жылы 70 жылдык эскерүү кечесин өткөрө албай калганбыз. Ал учурда Өкмөт башчысы Кулов болчу. Катыбызды жазып алып, Байтиктеги үйүнө барсак, окуп туруп, ошол жерден эле “нет, нельзя” деген баш тартууну угуп, шаабыз сууп кайтканбыз. Андагы парламент депутаты Өмүрбек Бабановго кайрылып, өзүнө жолуга албай, катыбызды кабылдамасындагы кызга таштаганбыз. Тилекке каршы, ал дагы “жок” же “ооба” деп жооп берген эмес. Мындан капысынан үйүбүзгө бата кылып келген Болот Шерниязовго аябай ыраазы болгонбуз. Ошол учурда Кара-Буурада өтүп аткан “Көк-Бөрү” федерациясынын олимпиадасына келген экен. Ал эшиктин алдына боз үй тиктирип, мал союп, дасторкон жайдырып, мектептин директору менен кошо мугалимдерди чакырган. “Эмне үчүн ушул убакка чейин залкар жазуучу, мыкты котормочу Ашым Жакыпбековго арналган бир бурч жок” деп собол таштаса, “каражат жок” деп жооп берди мектептин директору. “Канча?” дегенде “20 миң” деди эле, дароо эле айткан суммасын колуна карматты. Ошентип, Болот Эсентаевичтин жардамы менен мектепке акеме арналган бир бурч ачылып калган.

Сөз соңунда…

“Үзүктөй өмүр үзүлсө,
Сызыктай тамыр сызылып.
Атамдай айкөл бул аалам,
Алкымда турду кысылып…”
– деген Каныбек Иманалиевдин жоктоо ырынан саптар эске түшүп, ааламга биринен бири ашкан эки залкарды берген Шекерден “кайрылып келем” деген илгери үмүт менен узадым. Алар аманат кылган кайрылууну аты аталган инсандар окуп калса, жаңырган жылда дагы бир он экисинде – 12-августта Ашым Жакыпбековду эскерип келип калабызбы деп… Албетте, жайды күтүп жата бербейбиз дечи…

Назира СААЛИЕВА, Бишкек-Шекер-Бишкек, «Пресс.кг» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.