Жаныбек Жанызак: “Жаныш Кулманбетовду Кудай сактады. Эгер Чыңгыз тирүү болгондо ит болмок. А Бакыт Карагулов…”

Жаке, саясатка деле кызыгып, абай салып турасызбы? Бүгүнкү кыргыз бийлигинин жүргүзгөн саясаты боюнча көзкарашыңыз кандай?
– Азыр саясатка анча көңүл бурбай калдым. Анан башкаларды да көңүл бурбаганга чакырам. Албетте, ММК, басма сөз “бийлик башындагылар тигинтип-минтип атат, мунусу туура, анысы натура” деп айтып, жазып турушу керек. Бирок, азыр бийлик менен тикелей тирешкенден абайлаш керек болуп калды. Ушуга байланыштуу бир нерсени айтып берейин. Мен убагында “Айтматовдун айымдары” деп, атактуу жазуучу менен жүргөн аялдарды чукуп жазбадым беле. Ошол китепти жазгандан кийин бир жерде арак ичип отурсам, бирөө: “Ой, мобундай бандиттин моомунча катыны бар” деп, ошолорду да жазбайсыңбы дегенди кыйытып калды. Эми ал бандитти жазсаң, турган жерден эле атып өлтүргөнгө аракет кылат да, туурабы? Ал эми Айтматовду жазсаң, ал деген билимдүү, гумандуу адам, сөз менен жооп берип, айтышканга далалат кылат. А тигил болсо турган жерден эле бир жамандык жасаганды ойлойт, бандит да. Бүгүнкү саясат мына ушул экинчи вариантка жакын болгондон кийин, каршы тургандар дагы бираз абайлаш керекпи дейм… Туура, жол көрсөтүп айткан сөздөр болушу керек. Бирок, тикелей конфронтанцияга баргандан абайлаган оң.

Чыңгыз Айтматовдун аты аталып кетпедиби… Мурда театр сынчысы катары белгилүү Жаныш Кулманбетов жакында “Чыңгыз менен Бүбүсайра” деген көркөм фильм тартыптыр. Ал фильм азыр өйдө-төмөн сөзгө кабылууда. Кулманбетовдун киносуна сиз кандай баа бердиңиз?
Эми Жаныш мени кечирип койсун. “Айтматовдун айымдарын” жазганымда мага маек куруп бергендердин эң эле мерчемдүүсү ушул Жаныш Кулманбетов болгон. Ошол кезде Чыңгыз менен Бүбүсайранын мамилеси жөнүндө айткан сөздөрү менен азыркы “керемет сүйүү” деп айткандары бири-бирин жокко чыгарып, аябай кайчы келет. Жаныш анда алардын ортосундагы ысык мамилени ыйманга туура келбейт, туура эмес дегендей баалады эле. Мунусунда эми тим эле “керемет, таза сүйүү” деп атат. “Айтматовдун айымдарын” дагы чыгарам. Окуп, Жаныштын ошондо айтканы менен киносунун сценарийин салыштырып көрсөңөр болот.

Негизи, бул жерде Жаныш автор катары кичине куйтулук кылды. Сценарийин Чыңгыз тирүү кезинде жазган экен. Анан Чыкеге окутса, жактырган окшойт. Адам өзү жөнүндө жазылганды окуп атса, айрыкча, карыган кезде, жактырбаганда кантмек? Чыке анан кинону тартып, койгонго акчасын да таап бермек болгон көрүнөт. Биерде ошонун дабышы бар. Негизги маселе акчада. Чындыгында эле, Чыкенин көзү тирүү болгондо акчасын да көтөрүп бермек. Анан Чыкенин кадыры менен Жаныштын сөзгө арзыбаган сандырак киносу бир топ бийиктеп да кетмек. Туурабы?

Демек, сиз “Чыңгыз менен Бүбүсайра” фильмин сөз кылганга арзыбайт деп баалайсызбы?
– Ооба. Коюлушу, деңгээли жөнүндө кенен сөз кылып отурбай, бир эле эпизодун алалы. Караңгы түндө каармандары Дзержинка багында туруп алып: “О, ленинградские, прекрасные белые ночи!” деп атпайбы! Жаныш өмүрүндө “белые ночини” көрбөгөн окшойт.

Мен өзүм Прибалтикада аскердик кызмат өтөгөм. Жаңы барганда ошол “белые ночиси” болуп калып, түнү менен уктай албай ит болгонбуз. Такыр эле караңгы кирбейт экен да…

Анча киришкен соң, Жаныш ага киносундагы ошол эпизодду Петербургга барып эле тартса болмок экен…
– Ага акча керек да. А, акча бере турган Чыңгыз өлүп калып жатпайбы. Башын баштап алгандан кийин аягын эптеп чапмалап болсо да бүтүрүш керек болгон го. Ленинградга барбаса деле, таңкы саат 4-5терде туруп алып, тартса, кичине чындыкка окшошмок. Жаныштын киносу чыгармачыл киши жасай турган иш эмес, халтурщик, чайкоочунун иши болду.

Дагы бир кызык жагдай бар. Балким, чыгармачыл дүйнө түшүнөт. Мен кызыккан ушакчы дүйнө бираз түшүнбөй калды. Анткени, Жаныш өзүнүн экинчиби, же үчүнчүбү аялын баш каарман кылып коюптур. Аны көрүп, азыркы жаш аялынын абалы кандай болду экен, ошого таңмын. Мен деле эки аял алгам. Мурункусун кичине мактап койсоң эле кабыл албоочулук болот да. Сыягы, Жаныштын азыркы аялы жеткилең чыгармачыл, айкөл аял болуш керек.

Жаке, темабыздан четтеп кеттик окшойт. Анан да Жаныш ага сиздин бул сөздөрүңүзгө таарынбас бекен?
Жаныш экөөбүз Ташкенде чогуу окуганбыз. Саламыбыз түз. Мен журналистмин, бүгүн бир кишини сындап, эртеси аны менен учураша берем. Жакшы кишинин иши бүт эле жакшы болуп бүтпөйт да. Каталык кетирет. А мен болгонун болгондой айтканга көнгөм… Дагы Жанышты итчиликтен Кудай сактап калбадыбы?! Кудайым Чыкени 80 жашка чыгарып алып кетти. Ошентип, Жаныш таза боюнча, өз деңгээлинде эле калды.

Мунуңузду кандай түшүнсөк болот?
– Эгер Чыңгыздын көзү тирүү болгондо бул фильм дүңгүрөп, Андерсендин “Жылаңач королундагы” кейипти киймекбиз. Жаныш тарткан кинонун “жылаңач” экендигин көрүп турса да, Чыкенин абройуна карап элдин баары: “Мыкты, мыкты” дей бермек. Анан ага Жаныш өзү да ишенип алып, “мыктымын” деп ит болмок. Мүмкүн, Чыкенин көзү тирүү болгондо бул фильм бираз башкачараак, дурусураак тартылмактыр. Ошондо да…Негизи эле ушундай халтурщиктер Чыкемдин айланасында көп болгон. Мисалы, кинорежиссёр Бакыт Карагулов Найман-эне окуясын тартып, Чыкенин чыгармасынын негизги идеясын жерге чаап, шермендесин чыгарды. Анын аркасынан мыкты деген актёрлорубуз да ашмалтай болуп калды. Бакыт да таластык, мен да таластыкмын, бирок чындыкты айтыш керек да. Ал Айтматовдун “Бетме-бетин” да ашмалтай кылып салган. Ага караганда “Бетме-беттин” мурунку киносу мыкты болчу. Эл да кызык, жанында Чыңгыздын карааны тургандыгы үчүн эле, Бакыттын киносун “шедевр” деп жүрүштү…

Маектешкен Тайчабар Улукбеков, «Пресс.kg» («Кыргыз гезиттер айылы), 20.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.