Бишкекте юбилейлик-персоналдык көргөзмө ачылды

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт-өнөр музейинде 19-январда  Лидия Ильинанын 95 жылдыгына жана Андрей Михалевдун 100 жылдыгына арналган персоналдык көргөзмөнүн ачылышы өттү. Бул туурасында 20-январда “КАБАР» агенттигине музейдин кызматкерлери билдирет.

Алардын имаалыматы боюнча, аталган жубайлар кыргыз графикасын негиздөөчүлөр катары эсептелет. Экспозицияда 100дөн ашуун эмгек: негизинен графика, ошондой эле акварель жана живопись тартууланган. Көргөзмө 15-февралга дейре созулат.

Ш.Торогельдиева, «Кабар» МА, 20.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.