Актриса экранда жана анын артында

“Таланты ташыган адамдын тагдыры тайкы келет”, “Артистти аялым дебе”, “Чыгармачыл адам сүйүп-күйүп турбаса болбойт” деген сөздөр чыгармачыл адамдарга карата канча мезгилден бери айтылып келет. Көпчүлүк талант адамдары өмүр-саатынын көп убактысын чыгармачылыкка арнап, үй-бүлө бактысы экинчи планга калганын ошол эле адамдардын өз ооздорунан угуп келебиз. Өз бактысын таппай, 2-3 ирет турмушка чыккандары же таптакыр күйөөгө тийбей калганы канча. Үй-бүлө менен талант бири-бирине дал келбесе, улуу көч деген “симфония” кайдан жаралат дейсиң. Ошондон улам экрандан карап эсибиз оогон актрисалардын жеке турмушунан маалымат берели дедик. Кимиси экрандан бактылуу көрүнүп, кимиси чын эле аял катары бактылуу болгонун, байкасаңыз…

Бакен Кыдыкеева
Таттыбүбү театрга жаңы келгенде өзү “шефтикке” алып (ал кезде жаңы келген артисттерди тажрыйбалуу актерлор көзөмөлдөп турушчу экен), ошондон тартып Таттыбүбүнү өлгөнгө чейин коргоп келген жалгыз адам – Бакен эже болгон дешет. Таттыбүбү өлгөндө да жүрөгү сыздап, “Таттыбүбү бизге берилген жаратылыштын баа жеткис, татынакай белеги эле. Ал биздин сахнага кокусунан учуп келип калган кереметтүү аккуу болчу. Биз аны баркына жетип, баалай албагандан соң, арабыздан көздөн кайым болуп учуп кетти. Биз болсо анын талантын баалабай келатабыз” – деп айтканы бар. Ушул аркылуу ал өзү жөнүндө да айтып алганын байкабаса керек…

“Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, ал акыркы жылдары эч кимге кереги жок адамдай көчөдө калганын, ошол күндөрдүн биринде актрисаны бир автобус сүзүп кетип, аны эч ким издебей, сөөгү 18 күн өлүкканада жатканын айтып келишет. Залкар таланттын мындай трагедиялуу тагдырына жеке турмушунун бир нукка салынбаганы себеп болсо керек. Аны жаш кезинде сүйүп тийген жигити чыгармачылыгын түшүнбөй койгондуктан, үй-бүлөдөн театрды өйдө көрүп баса берген. Андан кийин экинчи сүйүүгө кабылып, театр режиссеру Ажыгабыл деген адамга турмушка чыгат. Көп өтпөй жолдошу жол кырсыгына кабылып каза таап, актрисаны күйүткө салып кете берет. Андан соң дагы бир адамга турмушка чыгып, аны менен оту күйүшпөй ажырашып кетет. Жолдошу менен баягы эле көралбас айрым кесиптештеринин кесепетинен ажырашып тынганы аз келгенсип, актриса театрдан да чыгарылат. Театрсыз жашоосун элестете албаган талант башка эч жерде иштебей, бир топ жыл иши жок жүргөн. Түйшүктүү тагдырын жүзүнө чыгарбай канча аракет кылганы менен тагдыр түрткөн тайгак жолго тайгаланып кеткенин карасаң…

Сабира Күмүшалиева
Кыргыз маданиятынын өзүнчө бир доорун басып өткөн инсан, кыргыз театрынын “Умай энеси” Сабира апа биринчи күйөөсүнүн фамилиясында Күмүшалиева болгонун көптөр биле бербесе керек. Биринчи күйөөсү Күмүшалиев деген журналист адамга турмушка чыккан. Сабира апа менен залкар талант Муратбек Рыскулов экөө сүйүүнүн күчү менен баш кошуп алышат. Бирок, бир топ убакыт өткөндөн кийин биринчи күйөөсү Күмүшалиев Сабира апага келген экен. Ортолорунда эмне сөз болгонун ким билсин, бирок жолдошу Муратбек Рыскулов “Ал кишиде күнөө жок, Күмүшалиева бойдон эле кала бергин” деп айкөлдүк кылган экен. Экөө жашоодо, сахнада бири-бирине жөлөк-таяк болушуп, бактылуу өмүр сүрүшүп, эки уул, бир кыздуу болушкан. Убагында эки залкар, “жубайлардын символу” болуп канча адамды суктантып турушкан.

Таттыбүбү Турсунбаева
“Кызыл алма”, “Акмөөр”, “Уркуя”, “Атадан калган туяк”, “Саманчынын жолу” кинолорун өзүнүн жүзү жана таланты менен ачкан Таттыбүбүгө Кудай сулуулук менен атакты аянбай бергени менен аялдык бакыттан аксатып койгондой. Актриса өзүнүн кесиптеши актер Имаш Эшимбековго турмушка чыгып, бирок ортодогу кызганыч, ар кандай келишпестиктерден улам бир уул, бир кызына карабай ажырашып кетишкен. Ошондон кийин ага кимдер гана сүйүүсүн арнашпаган. Ак көңүл жаны кимиси чын дилинен, кимиси арам ой менен айтып жатышканын убагында байкабаган экен. Таттыбүбүнү сүйгөндөр көп болгондой эле, сүйбөгөндөр да көп болгон. Алар анын жанында жүргөн жапжакын кесиптештери эле. Сыртынан сыр бербеген курбулары ичинен таруу айланбай, дайыма тымызын бут тосуп келишкен. Мындай көңүл соккуларын көтөрө албаган актриса акырында душмандарына сынып берген. Араң турган “жакындары” “арак ичти”, “ар ким менен жүрүп кетти” дешип, театрдан чыгарып жиберишкенге чейин барышкан. Бирок, актриса “ар кимди” эмес, бир гана адамды сүйгөн дешет. Ал адам “Акмөөр” фильмине бирге тартылган актер Болот Бейшеналиев эле. Ал дагы өмүрүнүн акыркы саатына чейин Таттыбүбүгө арнап ыр жазып, аздектеп сүйүп келген. Ошентип, экөө тирүү кезинде жакын туруп алыс болушкан. Акындар “Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу” деп жазышкандай, актрисанын жашоосун арман коштоп кеткендей…

Гүлсара Ажыбекова
“Фудзиямадагы кадыр түн”, “Кызыл алма”, “Процесс”, “Бороондуу бекет”, “Найман эне”, “Аномалия” ж.б. фильмдери аркылуу эл жүрөгүнөн орун алган Гүлсара Ажыбекова биринчи-кесиптешине турмушка чыккан. Экөөнүн ортосунда төрөлгөн уулу Бакыт азыр Америкада, жакшы скрипач дешет. Бирок, уулунун атасы менен эки башка кетишкен соң актриса кайра эле актер адамга бактысын байлайт. Ал адам- Акылбек Мураталиев болчу. Экөөнүн Айдай аттуу кызы бар. Бирок Гүлсара эженин бул адам менен да турмушу болбой, ажырашып кеткенине 7 жылдын жүзү болду. Учурда таланттуу актриса кесиптештеринин “киночулардын акчасын уурдаган” деген уу сөзүнө уугуп келет. Жакындан тааныгандар “ошол Кинематографисттер союзунан жоголгон акчанын айынан Гүлсара Ажыбекова көп ооруп, депрессиядан чыга албай келет” деп айтышат. Андан бери Кыргыз эл артисти бир да киного тартыла элек. Эжени эки жактан да көп көрбөйсүң…

Айтурган Темирова
“Биринчи мугалим”, “Ак кеме”, “Аккуулар конгон айдың көл” ж.б. фильмдерде катышкан актриса Айтурган Темирова кичинекей, каратору кыз болуп туруп, белгилүү режиссер Болот Шамшиевдин көзүнө түшүп калган. Экөө кино аянтчасында жакындан таанышып, жаш айырмачылыгана карабастан, сүйүү деп баш кошуп алышкан. Экөөнүн ортосундагы Чыңгыз жана Сүйүүтайы азыр 30 жашты нарылап калды. Атактуу режиссер менен атактуу актрисанын ортосундагы жылуулук уул-кызы чоңоюп калган кезинде өчө баштаган. Экөөнүн мындай бири-бирине болгон салкын мамилесин кайрадан жылытыш үчүн канча аракет кылышканы менен уул-кызы да жардам бере алышкан эмес. Жолдошу менен ажырашкандан кийин актриса көп убакыт бойдок жүрдү. Бирок “Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” демекчи, бир топ жашка барып калгандан кийин чет өлкөлүк адамды сүйдүрүп, өзү да аны сүйүп калып, учурда ал адам менен Чехия мамлекетинде түтүн булатып жаткан кези. Актриса көптөн бери киного тартылбай, жердеш киночулар менен тыгыз байланышпасада менен, ал жакта аны “Кыргыздын атактуу актрисасы” деп сыйлап келишет.

Асел Эшимбекова
Соң-Көлдүн чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын өзүнө окшогон чүрөктөй кызы Асел Эшимбекова дагы апасынын жолун жолдойм деп, “Театр жана кино актрисасы” адистиги боюнча Ленинграддагы Черкасов атындагы жогорку окуу жайын бүтүргөн. Асел “Махабат дастаны”, “Махабат жөнүндө легенда” фильмдери менен элге белгилүү. “Махабат дастанында” Бегимай сулуунун образын ийине жеткире аткаргандыгы үчүн Минскиде өткөн кинофестивалда дүйнө кино коомчулугунун көңүлүн бурган. 10-класста окуп жаткан мезгилинде тартылган бул тасмадан соң жаш сулуу апасындай болуп тез эле оозго алынып, атактуу болуп чыга келген. Бирок апасынын тагдырын кайталап калгандан корктубу же башка себеби барбы, айтор кумга сиңген суудай жок болуп кеткен. Кийинчерек актрисаны белгилүү бизнесмен Урмат Барыктабасовго турмушка чыкканын укканбыз. “Эл оозунда элек жок” демекчи, “жолдошу Урмат киного катыштырмак турсун, азыркыга чейин кызганып, эч жакка чыгарбайт” деп айтып калышканы төгүн эмес болсо керек.

Гүлсина Чотонова
“Карагыз”, “Метаморфоза”, “Исход” фильмдеринде ар түркүн образдарды жаратып, көрүүчүлөр назарына илинген Гүлсина Чотонова мурункудай “кино керемети” учуруна туш келгенде, дагы далай элди тамшандырган образдарды жаратмак. Актриса жалгыз бой уулу Манасты тарбиялап жүрүп, сүйүүгө кабылып, 33 жашында Акылбек Табышов аттуу акын жигитке турмушка чыккан. Учурда жубайлар бир уул, бир кызды тарбиялап жатышат. А кино жаатында жымжырттык…

Айжан Акылбекова
“Апамдын махабаты” сериалы менен оозго алынган жаш актриса Айжан Акылбекова тескерисинче карьера, театр, кинодон үй-бүлөлүк бакытты биринчи орунга койду. Жолдошу “Замандаш” ассоциациясынын жетечиси Муктар Өмүракуновду чындилден сүйүп калгандыктан, анын үй-бүлөлүү, бир топ жаш улуу экенине карабай, экинчи жубай болгонго макул болуп, ушу тапта балдары менен эрмектешип үйдө отурган учуру. Айтмакчы, Айжанга Таттыбүбү Турсунбаева таеже болуп калат, Ошондо Асел Эшимбекова анын бөлөсү.

Эльмира МАДИЕВА, «Лозунг» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.