Тартканы Европага чейин тараган сүрөтчү Буласбек Шералиев

Кыргыз эл сүрөтчүсү Буласбек Шералиев сүрөтчүлүк менен кошо ырчылык өнөрдү да кошо ала жүрөт.

Ал чыгармачылык сапардан кайтып келатканда кыргыздын элдик ырларын, орустун романстарын ырдаганды жакшы көрөт.

Сүрөт менен ырды айкалыштырып…
– Мен көлгө жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пай дубалын.
Турмушум татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.

Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жолук” жалжалым повестиндеги баш каарман Ильяска арнап обончу Жекшен Тагаев чыгарган ырды Кыргыз эл сүрөтчүсү Буласбек Шералиев коңур үнү менен созду. Ал бул ырды 1987-жылы Нарын музыкалык театрында башкы сүрөтчү болуп иштеп туруп, Ысык-Көл облустук театрына кызматка которулганда Долон ашуусунан ашып баратып ырдап, ушул кезге чейин өздүк репертуарынан түшүрбөй келет.

Буласбек Шералиев ырдаганды бала кезинде пластинкадан угуп үйрөнүптүр.
– Илгери биз мектепте окуп жүргөндө патифон бар эле. Чоң пластинкаларын коюп алып, ырларды туурап ырдай берчүбүз. Орто-Суу орто мектебинде 6-7-класста орусча окуп жүргөндө орусча ырлар боюнча сынактар уюштурулуп тураар эле. Ошондо ким жакшы ырдаса белектер берилүүчү.
– Бала кезде артист болом деп кыялданчуу белеңиз?
–  Жок, жок. Мен ырдаганым менен артист болом деп оюма да келген эмес. Мен биринчи класска барганда эле сүрөтчү болом дегем.

Баткен

Буласбек мырза гитара черткенге да кызыгып бирок сүрөтчүлүк кесипти аркалагандан кийин музыкалык аспаптарда ойноо куштарлыгы сууп калат.

Ушул тапта ал алтымыштан жаңы ашкан кези. Жаш кезинде ыкшоолук кылып чертпей койгон гитараны эми үйрөнө турганын айтты.
– Азыр деле кеч эмес. Эми гитараны үйрөнөйүн деп жатам. Мурда гитарам бар эле. Аны бир жолдош баламдын уулуна белекке берип салгам. Кайра жакшы гитара алып алайын деп жүрөм.

Эл сүрөтчүсү Кыргызстандын аймагын кыдырып, бийик тоолорду, алыскы айылдардын сырдуу көрүнүшүн, анда жашаган карапайым адамдардын портретин, кооз жаратылышты тартып келатканда ышкысы ойгонуп ырдаганды жакшы көрөт.

Даниярдын ыры
Буласбек Шералиев Орусиянын Кострама, Суздаль, Ростов сыяктуу шаарларында болуп, тарыхый жерлерин, жаратылышын полотного түшүрүп, миңге чукул чыгармаларды жазып, орусиянын сүрөткерлери менен тыгыз байланышта.

Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги келерки жылы Москва, Санкт-Петербургда Шералиевдин жеке көргөзмөсүн ачууну пландаштырган. Анын тарткан сүрөттөрү Кыргызстан менен Орусияда эле эмес, Түркия, Кипр, Европанын бир катар өлкөлөрүнө тараган.

Эл сүрөтчүсү талаа-түздө жүргөндө, көңүл чөгүп турганда же куса болгондо, жан дүйнөм уйгу-туйгу болуп туталанганда үнүмдү катуу чыгарып ырдап алсам, бугум чыгып, көңүлүм ачылып, чыгармачылык эргүү пайда болот дейт.

Ал башка улуттун өкүлдөрү менен чогуу отуруп калганда Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестине карата чыгарылган Даниярдын ырын ырдаганда сөзүнө түшүнүшпөсө дагы, обонуна эргип, кайра-кайра ырдаткан учурлар болгонун белгиледи.
-Мен элем элимди сагынган,
Туулган жер тузуна багынган.
Келемин узак жол алдымда,
Махабат күтөмүн айымдан.
Ардагым сен Жамиля,
Ашыгым сен Жамиля,
Асылым сен, эркетайым.

Ысык-Көлдөгү көктөм

Буласбек Шералиев мындан 61 жыл мурда Жайыл районундагы Малтовар айылында жарык дүйнөгө келген. Ал Фрунзедеги сүрөт окуу жайын аяктап, Москвадагы М.Горький атындагы академиялык театрдын (МХАТ) алдындагы В.И. Немирович-Данченконун ысымын алып жүргөн студиядан театр-сүрөтчүсү адистиги боюнча билимин улантат. Ал жерде 5 жыл окугандан кийин аталган студияда мугалим болуп иштеп калат.

Кийин Кыргызстандын Маданият министрлигинин чакыруусу менен 1983-жылы Ысык-Көл облустук театрына башкы сүрөтчү болуп келет. Эки жылдан кийин Нарын облустук музыкалык-дарама театрына башкы сүрөтчү болуп которулат.

Кийинчерек Бишкекке келип Бакен Кыдыкеева атындагы республикалык жаштар театрына башкы сүрөтчү болуп иштеп, живопись жанрында талбай эмгектенет. Алгачкы сүрөт көргөзмөсүн 1999-жылы Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде ачып, андан бери бир катар жеке көргөзмөлөрүн уюштурган.

Буласбек Шералиевдин тарткан живопистери эл аралык деңгээлдеги сүрөтчүлөрдүн чыгармалары менен теңдешип, КМШ мамлекеттеринде анын сүрөттөрүнө жогору баа берилип келет.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 24.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.