Сүйүтбек Төрөбеков: “Сүрөт – бул руханий, интеллектуалдык байлык”

Портрет стили адамдын сырткы келбетин гана эмес, анын ички жан дүйнөсүн чагылдыруу. Бул жанр аркылуу сүрөткер адамдын жан дүйнөсүндө орун алган руханий баалуулуктарды ачып берет.

– Бала чагыңызда сүрөтчү болом деген ой бар беле? Кандайча ушул өнөргө келип калдыңыз?
– Бала чакта сүрөт тартууга өтө кызыкчумун. Жетинчи классымда Андрей Захарович Толчинский деген сүрөтчү-мугалим чийүү сабагын берип калды. Ага балдар менин сүрөт тартууга кызыгарымды айтышыптыр. Бир күнү “Сүрөттөрүңдү алып келип, мага көргөзчү” деп калды. Тарткан сүрөттөрүмдүн баарын алып барып көргөзсөм, “cен сүрөттү жакшы тартат экенсиң, мага кел, билгенимди үйрөтөм”,-деди. Сабактан тышкары өнөрканасына барып жүрдүм. Тапшырманы бир жума алдыга берип койчу. Ошонун таасиринен улам кызыгып, сүрөттөрдү жайнатып даярдап койчумун. Каталарымды айтып, мындай-тигиндей кылыш керек деген кеңештерди берчи. 10-классты бүткүчө А.Толчинский агайдын кол алдында тарбия алып жүрдүм. Ошентип ал мени сүрөт тартууга кызыктырып койду. “Сенден мыкты сүрөтчү чыгат, талантың бар” деген сөздөрдү көп айтчу.

Мектепти бүткөндөн кийин С.А.Чуйков атындагы окуу жайына тапшырып, ал жерде төрт жыл билим алдым. Аны аяктап Санк-Петербургдагы (Ленинград) И.Е.Репин атындагы институттун живопись бөлүмүнө тапшырдым. Ал жогорку окуу жайда алты жыл окудум. Нева боюндагы Түндүк Венеция аталган шаарда өткөрүлгөн сүрөт көргөзмөлөргө үзбөй барып, андан да таалим алдым. Башкасын айтпаганда, Санк-Петербург шаарынын архитектурасы эмне деген керемет, аны искусствонун ордосу деп айтмакчымын.

– Ар бир сүрөтчүнүн башка сүрөтчүлөргө окшошпогон өз стили болот эмеспи. Сиз кайсы жанрда өзүңүздү эркин сезесиз?
– Ар бир сүрөтчү бири-бирине окшобогон, өзгөчөлөнүп турган ички дүйнөсү, өзүнүн философиялык ой жүгүртүүсү, кол жазмасы бар адам болушу зарыл. Мен портрет жанрына көп көңүл бөлөм. Мыкты сүрөттөрүм да ушул жанрдан чыкты. Пейзаж, натюморт багыттарында иштей берем. Бирок өзүмдүн негизги ички ой толгоомду, жан дүйнөмдү ээлеген бул – портрет стили. Адамдын сырткы келбетинен тышкары, анын ички дүйнөсүнүн элесин табууга, жан дүйнөсүндөгү баалуулуктарды туура берүүгө аракет кылам.

– Сүрөтчүлөргө кандай сапаттар мүнөздүү болушу керек деп ойлойсуз?
– Ак ниеттүү болуу зарыл. Ички сезимди, жашоодогу таасирлерди, көргөн-билгениңди боз кендир же кагаздын бетине түшүрүү үчүн дитиң, жан дүйнөң жумшалат. Жөн эле күнүмдүк модага айланган тематикаларга, чыгармачылык агымдарга кызыгуу туура эмес. Ал чыгармачыл адамды адаштырат. Бирөөлөрдү туурап, бирөөлөргө окшогусу келген сүрөтчү мыкты кыл калем боло албайт. Тышкы көрүнүштөрдөн алыс болуу керек. Анткени сен жасаган чыгарма башкаларга түшүнүксүз болуп калат. Ак ниет, чынчылдык менен жаралган чыгарманы эл сезе да, түшүнө да билет.

– Сүрөт өнөрү сиз үчүн эмне?
– Бул – абдан кызыктуу дүйнө. Ага бир кирген кишиге кайра чыгуусуна кыйын болуп калат. Мыкты сүрөт жаратсаң ага делөөрүп, жыргап, рахат аласың. Ал эми сүрөтүң болбой жатса, кадимкидей капаланасың. Бул нерсе күндүр-түндүр оюңда жүрө берет. Илхам келгенде адамзатынын жашоосунун бир бөлүгүн чагылдырып, анын үлүшү боло турган, чынында ой-толгоолордон, жан дүйнөң менен байыган жакшы чыгарма чыга келет. Ошондуктан сүрөт өнөрү мен үчүн жашоонун өзү, өзөгү жана кызыгы.

– Сиз кыргыз сүрөтчүлөрүнүн “Жаңы толкун” агымынын өкүлдөрүнүн бирисиз. “Жаңы толкун”, “Дубал” көргөзмөлөрү жөнүндө айтып берсеңиз?
– ХХ кылымдын 80-85-жылдары сүрөтчүлөрдүн жаңы мууну аталган Жылкычы Жакыпов, Юристанбек Шыгаев, Талант Өгөбаев, Каныбек Давлетов жана бир топ сүрөтчү балдар чыгармачылык иштерине активдүү киришкен. “Жаңы толкун” агымын дал ушул сүрөтчүлөр негиздешти. Бул агым искусстводо жашоого болгон жаңыча көз караш, ойлорду алып келди. Союз убагына, сенек дооруна каршы чыгармаларды жаратып, “Жаңы толкун”, “Дубал” көргөзмөлөрүн өткөрүштү. Негизинен турмуш өзү ушул нерсеге алып келип такады. Себеби, мурунку жаңы муун эркиндикти каалаган. Цензура сымал союз мезгили сүрөтчүлөрдү кичине кысып койгон. Кыл калемдер алдыга умтулуу чыгармачылык иштери менен жанаша кыргыз сүрөт өнөрүн бир тепкичке өйдө көтөрүштү. Бул кийинки жаш муунга чоң таасир берди. Бирок да, союз кулап, баары эркиндик алганда, карама-каршылык жок болуп, сүрөтчүлөр эмне тартарын билбей, өздөрүн жоготуп коюшкан. Чынында бир нерсеге карама-каршы иштөөдө, умтулууда белгилүү бир чыгарма жаралат экен. Анын дагы бир себеби, бул кыргыз элинин ошол кезде сүрөт өнөрүнө кызыкпаганы болду. Азыркы мезгилде сүрөт өнөрүнө кичине болсо да кызыгуу бар. Бирок, сүрөттү товар катары кабыл алгандар да аз эмес. Ал товар эмес, сүрөт-бул интеллектуалдык, руханий байлык.

– Киносүрөтчү деген да өнөр бар эмеспи, ушул туурасында айта кетсеңиз?
– Киносүрөтчү-бул абдан кызыктуу кесип. Бирок азыркы мезгилде бизде киносүрөтчүлөр аз. Өткөн он жылдыкта кино тартылбай калса, учурда кино тартуу жандана баштады. Бул жерде киносүрөтчү милдеттүү түрдө керек. Антпесе режиссёрдун колу байланып калат. Ал тасмада тартыла турган курулуштун, имараттын план-долбоорун даярдайт. Декорацияны жасагандар да сүрөтчүдөн кеңеш алышат. Кийим кечекти, гриммди да ал тандайт. Ошон үчүн киносүрөтчү ар тараптуу болушу зарыл. Ал тасманын деңгээлин бир тепкичке өйдө көтөрөт.

– Жаш сүрөтчүлөрдүн сүрөт өнөрүнө болгон кызыгуусу кандай?
– “Кыргыз эли уучу кур эмес экен” деп коёт эмеспи. Азыр таланттуу сүрөтчүлөр чыгып жатышат. Бирок бизде бир аз аксаган жерибиз бар. Себеби, бизде чоң көргөзмөлөр боло элек. Жаштар болсо чоң көргөзмөлөрдү көрүп, катышса чыгармачыл жактан өскөнүнө түрткү болмок. Сүрөт искусствосунун үлгүлүү чебер чыгармалары менен тааныш болсо, ошончолук ага далаалат кылып, алдына койгон максатына жетмек.

– Азыркы мезгилде эмне менен алексиз?
– Атын атабай эле коёюн… Бир кишинин портретин тартайын деп жатам. Кудай буйруса, ал киши менен келишим түзүлдү. Эми жакын арада ишимди баштамакчымын.

Маектешкен Нуржигит Болотбек уулу,
“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.