«Көктөм» сынагы: «Кыргыз бала»

Көз жетпей бүгүн ой жетип,
Сагыныч куса баскан кез.
Жер сууңа зар болуп,
Жүрөкө ыза баткан кез.

Кымызың кимдер ичет деп,
Кошунаң кыйык айткан кез.
Жалган бир сөзгө тайанып,
Карызга калкым баткан кез.

Көгөрбөй жерим куураган,
Көктөмдү кумсап турган кез.
Жыйылбай бүгүн журт болуп,
Журтуман жаштар качкан кез!

– Жамгырдай жашым төксөмбү?
Бүк түшүп жерим өпсөмбү?
Кууратпай калың калкымды,
Белек кылсам көктөмдү.

Эстесең өткөн күндөрдү,
Жаш эмес көздөн кан чыгат.
– Жакшылык күндү берем деп,
Калпты айтып дагы ким чыгат.

“Кыргыз Бала”,
“Көктөм” сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.