Жумадин Кадыров

Акын жана жазуучу. Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө 1967-жылы 16-ноябрда туулган. 1985-жылы орто мектепти аяктап, Тамбов облусундагы И.В.Мичурин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтунун Орус тили жана адабияты факультетине тапшырган.

1986–1988-жж. Владивосток шаарында аскер кызматын өтөгөн.

1989–1992-жж. И.В.Мичурин мамлекеттик педагогикалык институтунан билим алган.

Эмгек жолун “Аалам” гезитинде кабарчы болуп иштөө менен баштаган.

1993–1995-жж. жаштардын “Тулпар” адабий-көркөм журналында редактордун орун басары болуп иштеп, 1997-жылы “Бийиктик” басмаканасын уюштурган. Ошондон бери ушул ишкананы жетектеп келет.

Алгачкы “Утурумдук коштошуу” деп аталган ырлар жыйнагы 1995-жылы жарык көргөн.

2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

Ырлар

Утурумдук коштошуу (ырлар жыйнагы)

 

ӨКҮТ ЫРЫ

Сүйөм сени, сүйөм Күндөй көктөгү,
Сен күткөндөй сүйүүм жалп деп өчпөдү.
Өөрчүп-өөрчүп улуу өрткө айланып,
Өмүрүмдүн гүлгүн кезин өрттөдү.

Ак сүйүүнүн шек келтирбей салтына,
Ардактасак жетээр болсок баркына.
Экөөбүздү сезмек эмес тозоктой,
Экөөбүздөн качмак эмес бакты да.

Эми билдим сүйүүлөрдү таптаза,
Эзелтеден кайгы-капа баспаса,
Азыркыдан адамдар да бактылуу –
Азыркыдан дүйнө болмок башкача.

…Өкүт ыры чын сырымдай сезилсе,
Эт жүрөгүң эңшерилип эзилсе,
Өтүнөрүм: абалымды түшүнүп,
Кайрыла көр, мен тирүүмдө кечикпе…

 

* * *

Эсиме эпкин тийгендей жүрөм эндиреп,
Элесин анын эсиме сактап, энчилеп…
Эч качан мындай тагдырга жетмек эмесмин,
Эштпей койсом бир ооз бул кепти келжирек:

“Жүрөгүң тандап, жалынып, арбап сүйгөнгө,
Акылың болсо атайы эле үйлөнбө.
Сүйүүңдүн баркын сактайсың – ошол зор бакыт
Билесиң аны күйүткө жаның күйгөндө”.

…Күнү да түнү көз жашым көлдөп акты го,
Күйүтүм көктү көшөгө болуп жапты го.
Сүйгөнгө жетпей сүйүүңдү сактап калганча,
Сүйгөнгө жетип, сүйүүңдү булгоо – бакты го…

…Эшитпей калсам бир ооз бир кепти келжирек,
Жар кылып аны жашабайт белем элжиреп…

 

* * *

Бир келет өмүр… Бактымды таппай күйөмбү?
Башканы дагы сенчелик арзып сүйөмбү?
Курулуп калган тагдырың менен ишим жок,
Качырып сени, кул кылгым келет күйөөңдү.

Тийбесин үчүн а бирок сага залалым,
Тынчтыгы үчүн тынчтыкка жетпес санаамдын.
Күйөөңдү жибер, өлтүрүп мени кеткенге,
Ачыгы: сенсиз жашоодон такыр тажадым.

Кара сөз

Бүбү Мариям (баян)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.