Мөөркан жана анын айрым варианттары

«Соң-Көлдүн башы тал менен
Соодагер өтөт мал менен»

Ак Мөөр мезгилинде ашкан сулуу, акылдуу кыргыздын кыздарынын бири болгон. Эл арасында Мөөр жөнүндө дастандар, уламыштар эл арасында бүгүн да, айтылып келет. Ооба, бул өткөн замандагы окуяга болгон, менин да кызыгуум артып, Кыргыз улуттук илимдер академиясында, «Ак Мөөргө» байланышкан кол жазмаларды колубузга алып окуп олтуруп, ошол мезгилге туш келгенсидим эмнегедир.

Мына менин колумда 1927-жылы белгилүү кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын жыйнаган, Каюм Мифтаковдун кол жазмасын барактап жатып, кол жазмалар фондусу кыргыз элинин катылып жаткан кенчи экендигине ынандым.

Арийне, чындыгында кыргыздын ар бир сөзү таамай айтылган, терең философиялык көрөңгөсү бар, байыркы элдерден экендигин илимий изилдөөлөр улам-улам тастыктап жатышпайбы.

Каюм Мифтаков 1927-жылы Жаңыбай Кожек уулунан «Ак Мөөр» дастанын жазып алган. К.Мифтаков 1916-жылдардан баштап, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын жыйнай баштаган. Алардын ичинде «Мөөркан» дастаны да бар эле. Анын жыйнаган маалыматы боюнча Ак Мөөр 16 жашта болуп, Болоттун колуктусу болгон экен. Ал эми Болот болсо, 21 жаштагы сүйкүмдүү, орто оокаттуу кишинин уулу жана мурунку атказып койгон күйөөсү болгон деп белгиленет кол жазмада.

Алар болсоң Жантай чал
Берер болсо атакем,
Үч жылкы бир айдап
Кызыл куйрук нар айдап,
Кулдугума бир келсин.
Алтымыш бээ бир айдап,
Айры өркөчтүү төө айдап.
Алаар болсо Жантай чал,
Үй жанына бир келсин
Алтымыш жылкы бир айдап?
Айры өркөчтүү нар айдап
Аларында бир келсин?
Берер болсо атакем?
Алтын сөөк кун берсин?
Төө жетелеп жүрүүгө
Элимен айдап кул берсин!-деп Мөөр өзүнүн калыңын өзү бычып, Жантайга айтырган экен. Анда Жантай ушулда малбы? Деп бир күндө малын жөнөтүп, дагы канчалаган малы артып калып, күйөө болуп калды-деп жазылган.

Ал эми 1958-жылы Токомбаева Анар Жолдошев Баатырбектен жазып алганы боюнча, Ак Мөөр калыңды көп айтсам, Жантай мени албай калат деген ой менен деп өз калыңын бычкан экен.

С. Дыйканбаевдин варианты боюнча (кол жазмалар фонду инв.820): Ак Мөөрдү Жантай алып кетмек болгондо кыз беш жеңеси менен кеңешип, Болотко жигит чаптырат. Кабарчы бала Болотко келип, «Жантай чал сенин Мөөрүңдү алып кетмек болду. Мөөр сени келсин деди» – деп койнундагы Мөөрдүн сары шайы жоолугун Болотту көздөй сунат. Болот камчынын сабы менен жоолукту илип алып, бала менен кошулуп Мөөргө жөнөйт. Мөөр эч кимге билгизбей Болотту көшөгөнүн ичине алып келип бергиле дейт. Ошондо Ак Мөөр болкулдап, кыздын арманын айтып турган кези:

Кош Баке, коюңду жайдың колотко
Кош көрбөдү кудайым
Коюн алышкан Болотко
Жылкыңды жайдың колотко
Кош көрбөдү кудайым
Жыт алышкан Болотко
Соң-Көлдүн башы тал менен
Соодагер өтөт мал менен
Солкулдап кетип баратам.
Зордукчул Жантай чал менен,
Кеминдин башы тал менен
Кербендер өтөт мал менен
Кейип бир ыйлап баратам,
Кесирлүү Жантай чал менен.
Ак шайы менин көйнөгүм,
Ак шайынын көркүнөн
Ак тукаба бош эмди,
Алыска ыйлап мен кеттим.
Армандуу Болот кош эми! –деп ырдаган экен Ак Мөөр.

Совет доорундагы идеология таянуу менен «Ак Мөөр» баяны эмнегедир бурмаланып, негизги текстинен обочолонуп калганы байкалат.

Мисалга алсак: Ак Мөөр жана Болот эң эле томояк болгондой көрсөтүлөт. Бирок биздин колубуздагы кол жазмаларга ылайык экөө тең колунда эле бар адамдар экендиги айтылат. Болот Ак Мөөрдүн атказып койгон күйөөсү деп айтылат К.Мифтаковдун жазып алган кол жазмасында. Болот Ак Мөөрдөн айрылгандан кийин, ага-тууганы чогулуп жигит сүйлөшкөн кызына жете албай, сөзгө сынып калды дешип үч жерге куда түшөт. Малын чачып, куда түшөт. Малын чачып, куда түшүп, макулдашып алганга келгенде, Болот Мөөрүмө окшобойт экен деп басып кете берет. Бул жазылып алынган маалыматтардан Болот Ак Мөөргө чындап ашык болгону жана ак сүйүүсүнө жете албай калганы баяндалат дастанда.

Бүгүнкү күндө эл арасында Ак Мөөр айтылуу Жумгалдан чыккан ашкан сулуу десе, айрымдары жок ал Ак-Талаанын кызы деп келишет. Макаламды жыйынтыктап жатып, кыргыз элинин «Ак Куу» сымал сулуусу заманындагы далай боз уландардын жүрөгүн туйлаткан Мөөрканды биз бүгүнкү күндө тигил же бул жерден чыккан деп талашпастан, тарыхый баа берип, дастандын варианттарын толугу менен кенен изилдөөгө алып, кыргыз кызынын чыныгы жүзүн элге тартууласак алгылыктуу иш жасаган болмокпуз деп белгилегим сөз соңунда…

Сөйкө Мусаева, “Кыргызым”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.