Арууланам десең, Айтиев музейине бар

8-сентябрдан баштап Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Инсектоиддер жана рептилоиддер – гармония издөөсүндө” аталышындагы көргөзмө ачылат. Мындай көргөзмөнүн Бишкекте ачылышы ойчул, кыргызстандык геолог Ильяс Садыбакасовдун идеясы. Долбоор биринчи жолу көлөмдүү масштабда Украина искусствосун Кыргызстанда көрсөтөт. Анын катышуучулары – Украинада иштеп, жашаган, бирок, ар кайсы өлкөнүн өкүлдөрү. Мисалы, ирландиялык Майкл Мерфенко бир канча өлкөлөрдөгү көргөзмөнүн автору айнектен жасалган графикаларды коймокчу. Санкт-Петербургда туулган С.Вольнова Украинанын тележылдызы, ал кыргыз өспүрүм баласы башкы каарман болгон “Азиз” фотодолбоорун көрсөтмөкчү.  Бул долбоор түзүлгөндөн кийин алгач Пекинде, андан соң Майамиде көрсөтүлгөн. Эми бизде өтүп жаткан бул көргөзмө 8-октябрга чейин уланып, бир ай турмакчы.

“Эркин-Тоо”, 02.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.