«Кайыкта сага да орун бар!»

29-сентябрдан 2-октябрга чейин Бишкек шаарында Эл аралык “Место в лодке” көчө театрынын фестивалы өтөт. Анда бир эле Кыргызстан эмес, Казакстан, Өзбекстан, Япония, Англия жана Колумбиянын чыгармачыл топтору да катышат. Алгачкы иш-чара 2009-жылы Борбор Азиялык аймакта эң мыкты долбоор деп табылып, Эл аралык “Ильхом” сыйлыгы тапшырылган.

Кезектеги фестивалдын алдында уюштуруучулар Бишкектин жаңы конуштарындагы чыгармачыл топторго кайрылышат. Шарт боюнча, көрсөтүү (спектакль, шоу ж.б.) атайын көчө үчүн даярдалышы керек. Кенен маалымат алуу үчүн mesto.d@gmail.com электрондук дарегине кайрылууга болот.

«Супер-инфо», №460 26-август – 1-сентябрь, 2011-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.