Жусупту баалап алчу күн келет…

“Айгай-пресс” газетасынын башкы редактору, газетанын 2011-жылдын 6-сентябрындагы санында: “Жусуп Абдрахмановду эстеген жан болбоду” деп күйүп жазыптыр. Күйбө, түтөбө Кенжебек иним дейм мен.

Мындан туура 87 жыл илгери: “Менин шордуу элим” – деп жазган экен кайран Жусуп, кыргыздын тагдырына күйүп – бышып. Сыягы ал: кыргыз элинин 1916-жылкы трагедиясына, өзүнчө мамлекет болбой дагы эле Россияга баш ийип калганына, ошол Москвага баш ийсе да казак, өзбек, түркмөн, тажик элдерине теңеле албай, кыргыздын басынганына көңүлү эзилип күйсө керек. Себеби, кыргыз сыяктуу эле экономикасы артта калган сабатсыз, караңгы өзбек эли 1924-жылы өзүнчө союздук республика, өзбек эли сыяктуу эле эч бир техникасы жок дыйканчылык менен күн көргөн тажик эли, көчмөн казак, түркмөн эли ошол 1924-жылы Автономиялык республика болуп өзүнчө статуска ээ болуп жатканда биз Кара-кыргыз областы деп аталып турган элек… Ошондо Жусуп кыргыз элинин өзбек эли сыяктуу союздук республика болуп аталышы үчүн өмүрүн сайган өжөрлүү күрөшкө чыккан.

“Сууну сиңген жерге куй, сөздү уккан жерге айт” деген бабаларыбыз. Улуттун кеменгери Жусуп Абдрахманов жөнүндө көөдөндөрү көөдөй караңгы бийликтегилер билбейт, тек кыргыз эли, анын келечеги деп соккон жүрөгү бар караламан калк билишсе болгону. Сөздү мына ушул элге айтып жатабыз. Улуу Омар Хаям: “Бул дүйнөдө пайда чыкпайт акылдан, жазмыш сүйөт наадандары ашынган” деп айтмакчы, 20 жылдан бери кыргыз бийлигин, куттуу үйдүн төрүн жалаң наадандар каргадай каркылдашып, ээлеп алышкан. Ала-Тоодо азыр жазмыш акыл эмес, наадандыкты сүйүп турат. Улуу Омар Хаям жогорудагы эки сапты өз мезгилинде өзүнүн чөйрөсүндө кудум биздегидей акыл баа болбой турганына күйүп жазган го. Бул мезгил да агып өтөт. Акыл баа болоор мезгил да келет. Ошондо Жусупту кыргыз туу тутушат. Буга менин көзүм жетпейт. Оомалуу – төкмөлүү дүйнө деген ушул.

Улуттун кеменгери ошол Жусуп 1932-жылы жазган “Улуттун көтөрүлүшү жөнүндө” эмгеги эле неге татыйт. Көлөмдүү болгондуктан аны толук бойдон газета бетине берүү мүмкүн эмес. Ушул жагдайды эске алуу менен, ал эмгектин урунттуу жерлеринен үзүндү келтирүү эле жетиштүү болоор, окурмандарга. Ж.Абдрахманов өзүнүн баалуу эмгегинин “Кыргызстан агрардык колониялык район катары, кыргыздардын коомдук, чарбалык жана маданий турмушуна колонизациянын тийгизген таасири” деген бөлүгүндө мындай далилдерди келтирет.

Орус помешиктери жана буржуазиясы “орус куралынын күчү” менен Кокон хандыгын талкалап, мурдагы Түркистан жергесинин экономикалык жана стратегиялык жактан өтө маанилүү борборлорун басып алып, Түркистан генерал-губернаторлугун түзүүгө жетишкенден кийин, алар өздөрүнүн алдына бул жергени каратып алуудагы максаттарынын бири орус келгиндери туруучу поселокторду куруу үчүн кыргыз жер-суусун басып алууну иш жүзүндө жүзөгө ашыруу милдетин койгон. Падышачылык Орто Азиядагы башка элдердин жер-суусун да басып алган, бирок кыйла кийинчирээк басып алган. Кыргыздардан тартып алынган жерлерге орус поселоктору биринчи болуп курулган, андан кийин Түркистандын башка жерлерин колониялдаштыруу жүргөн. Түркистандын биринчи генерал губернатору Кауфмандын буйругу менен 1874-жылы Кара-Балтада орустардын биринчи айылы түзүлгөн. 1877-жылга чейин кыргыз жеринде Чалдовар Таласта Дмитриевка, Михайловка поселоктору пайда болгон.

Түштүк районунда мурдагы Фергана областында 1893-жылы Куршаб жеринде орустардын Покровский поселогу пайда болгон. Келгиндердин Ферганада көп отурукташкан жери Көкарт өрөөнү болгон. Ферганада, Таласта кыргыздардын жер-суусун басып алуу канчалык күчтүү болбосун, Кыргызстандын түндүк райондоруна караганда кенедей эле нерсе болгон. Келгиндерди жайгаштыруу алгачкы кезде административдик бийлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн. Алар жергиликтүү калктын иш жүзүндө пайдаланып жүргөн жер аянттарын кимдир бирөөлөргө тийиштүүлүгүн эске алган эмес. Каерде жана канча жер бар экендигин көз болжоо менен аныкташкан. Мына ошондуктан падышалык зулумдар көчмөн элдерде “зор жер аянттары бар турбайбы” деген ойдо “ашык жерлерди” тартып алышып иштете башташкан. Алар бул “бош” жерлер таптакыр бош эмес экендигин, оттуу жер издеп башка жакка көчүп кетишкен көчмөн кыргыз эртең эле жанагы “бош” жерге кайра келишээри менен эсептешкен эмес. Жергиликтүү калктын пайдалануусунда турган жерлерди иликтеп – изилдөө иштерин жүргүзгөн инжинерлердин, жер ченегичтердин, статистердин, юристтердин, экономисттердин жана падышачылыктын ушулар сыяктуу “окумуштуу” ишмерлеринин эмгектерин окуганыбызда К.Маркс: “Буржуазия илим адамын өзүнүн жалданма кызматкерине айландырып алды” деп эң туура айткандыгын аргасыз ойлойсуз. Эски Россиянын падышалык-империалисттик чөйрөлөрүнүн кулдары катары (илимпоздор- Ж.Т. ) абалда турушу гана алардын өздөрүнүн изилдөөчүлүк иштерине маселени чыныгы жөн жайы менен эсептешпей, фактыларды бурмалашып, падышалык баскынчылык саясатына “Илимий объективдүү база” түзүп берүүгө чейин жеткизген.

Князь Масальский, Мамлекеттик Думанын мүчөсү, профессор Трегубов, прфессор Васильев жана “революционер” Шпакский өзүлөрүнүн алдында жана падышалык бүткүл Россиянын алдына генерал Калпоковский койгон милдетти – Түркистан жергесин жана айрыкча Жети-Суу областын орусташтыруу жүзөгө ашыруу үчүн биригип кетишкен. Бул адамдар айтып жана жазып кала беришпестен иштин өтөөсүнө чыгышкан. Алар кыргыздардын жер-суусун басып алуу үчүн өтө көп иш кылышкан. Сөзүм жайдак болбос үчүн мындай мисалдарды келтирейин.

Мурдагы Пржевальск уезди боючна орус калкынын жерин пайдаланганы боюнча алынган маалыматтар мындай: 1900-жылы Пржевальск уездинин 2%ды түзгөн орус калкынын карамагында уездин баардык айдоо жеринин 23,8%ы турган. 1916-жылы уездин 21,1%ды түзгөн орус калкы баардык айдоо жердин 67,3%ын өз колуна алган. 1920-жылы жер реформасы жүргүзүлгөнгө чейин калктын 34,1%ын түзгөн орус калкында баардык айдоо жердин 84,7%ы болгон. Пишпек уездинде деле ушундай абалды көрөбүз. Орус келгиндер калкы 38,1% ды түзүп Пишпек уездинин айдоого жарактуу (казактар тараптагы жерди кошпогондо) баардык жердин 57,3%ын кармап турушкан. Өзүңүздөр көрүп тургандай орус келгиндери айдоо жерлердин зор аймагын ээлеп турушкан. Падышалык зулумдар суудан пайдалануу жагынан кыргыз калкын эң жаман шартка дуушар кылышкан. Айтсак, кыргыз дыйкандары менен орус келгиндери бир арыктан суу алып калышса, кыргыздар жекшемби күнү гана пайдаланышып калган күндөрү суу орус келгиндерине берилген. Кыргыздардын айдоого жарактуу жерин тартып алуу жана аларды суудан пайдалануу укугунан ажыратуу жагынан иш ушундай абалда болгон. Ал эми жайыт жагы кандай болду экен?

1916-жылы бүткүл Кыргызстандын аймагында 2449890 гектар токой дачалары үчүн бөлүнүп берилген. Бул жерлердин 1177536 гектары чынында эле токойлуу келип, ал көбүнчө тоолуу массивдерде жайгашкан. Мал кармоочу калктын кыштоолору жана жайлоолору болуп келген 714 миң гектары чынында жайдак жерлер болуп, бирок алар токойчулук ведомствосуна өткөрүлүп берилгендиктен мал кармаган кыргыз калкы аларды ижарага (аренда) алышып, пайдаланып калышкан. Мына ушундай окурман, тарых чындыгын кашкайган цифра, фактылар менен келтирип жазган кеменгер Жусуптун эмгеги! Бул баа далилдүү фактыларды келтирет, Россиянын колониялдык саясатынан эзилген кыргыз элинин жашоосу жөнүндө. Ошо үчүн 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштү кеменгер Жусуп: “Эң революциячыл окуя” деп таамай баа берген. Мындан 100-140 жылкы окуялар азыр да карапайым кыргыз калкынын башына түшүп тургандай. Жогорудагы өткөн мезгилде падышалык Россия бийлиги, анын жер которушкан келгиндери (переселенцы) карапайым кыргыз калкына жогоркудай кордуктарды көргөзсө, азыркы учурда орус келгиндери эмес эле “рыноктук мамиле”, “демократия”, жеке менчик”, “мыйзам” деген мифтерди жамынышкан калктын бир ууч катмары калкты чексиз жакырчылыкка алып келишти. “Карганы баксаң куш болбойт” дегендей азыр кимди президенттикке сүрөбөгүн, Жусуптун шыйрагына татышпайт. “Кайран Жусуп өлбөй кал” деп каңырык түтөбөй койбойт экен, калктын ыргалып, араң жан болуп турганын көрүп.

Жолдошбек Токоев, “Айгай” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.