Сулайман тоо ЮНЕСКОнун Баалуу мурастар тизмесинен өчөбү?

Сүрөт http://www.time.kg сайтынан алынды

Соңку кезде таптакыр тыюу салынганына карабастан Ош шаарына караштуу Сулайман тоонун аймагында мыйзамсыз курулуштар байма-бай тикеленип, атүгүл маркумдардын сөөктөрү да коюлуп жаткандыгы байкалууда. Жергиликтүү калк жана адистер ыйык жайга мындай теңирден тескери мамиле Сулайман тоонун ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесинен алынышына шылтоо болуп калышы толук ыктымал деп тынбай коңгуроо кагышууда.

ЮНЕСКОнун Борбор Азия боюнча өкүлү Сергей Лазаревдин ырасташынча, Ош шаарындагы Сулайман тоо бул абройлуу эл аралык уюмдун 2009-жылдын 26-июнундагы чечимине ылайык бүткүл дүйнөлүк өтө баалуу мурастар тизмесине киргизилген.

– Сулайман тоо кыйлалаган кызыл чеке талаш-тартыштан кийин гана ушундай татыктуу баага арзыды. Баса белгилөөчү жагдай: канчалаган уникалдуу жайлар бар, бирок ошолордун ичинен азырынча Сулайман тоо гана ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине кирип отурат. Буга сыймыктанууга толук акылуусуздар, – деп баса белгиледи Сергей Лазарев. – Ошол эле учурда Сулайман тоону кудум ушул тейде ар дайым көздүн карегиндей сактоо – Ош шаарынын ар бир тургунунун, ошондой эле коногунун ыйык парзы.

Расмий маалыматка таянсак, Сулайман тоо 1979-жылы эле абдан уникалдуу геологиялык жай сыңары эсептелинген. Ал эми 1982-жылы ошогездеги Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев аны Сулайман тоо улуттук илимий академиялык музей комплексинин карамагына кошкон.

– Сулайман тоонун жалпы аянты 112 гектар. Президенттин 2008-жылдагы указына ылайык, анын тегерегине кандайдыр бир курулуш тикелөөгө таптакыр тыюу салынган, – деп кепке аралашты Сулайман тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин баш директору Абдырайым Тургунбаев. – Бирок биздин колубузда эмдигиче кызыл китеп (мамлекеттик акт) жок. Ошон үчүн сотко кайрылып, жанагындай мыйзамсыз аракеттерге чек койгонго дегеле акыбыз жок. Анткени колубузда Сулайман тоо ушу музейге таандык деген документибиз болбосо эч ким бизди укпайт дагы, ой-пикирибиз менен дегеле эсептешпейт экен.

Абдырайым Тургунбаев баса белгилегендей, Сулайман тоого таандык тилкеде “Айдар Ата” кафеси, кичи базар кадимкидей эле иштетилип жатат. Дал ыйык жайдын ичинде “Торгмонтаж” ишканасы, газ бекети, килейген мечит жайланышкан. Эң кейиштүүсү: Сулайман тоонун бооруна маркумдардын сөөгүн жашыруу дале улантылып жатат. Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде бул жерге Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын тургуну көмүлгөн. Ал эми тоо боорундагы мечитке 78 сотых гана бөлүнсө, анын аянты учурда 2 гектарга дейре мыйзамсыз кеңейтилген.

Абдыкадыр САПАРБАЕВ, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Оштогу башчысы, коомдук ишмер:
– Мен мурда эле айтканмын, азыр деле баса белгилегим келет, ЮНЕСКОнун 2009-жылдын 26-июнундагы чечими аркылуу оштуктардын мойнуна өтө чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Биз муну илгиртпестен түшүнүп, Сулайман тоонун шарапаты менен Ош шаарын туризмдин ири борборуна айландыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Бул аркылуу Кыргызстандын экономикасы бат өнүгүп, ага улай улуттар аралык мамиле ого бетер чыңдалмак. Муну үчүн эң ириде Сулайман тоону Борбор Азиядагы бирден бир зыярат борбору, эл арасында айтылып жүргөндөй, экинчи Меккеге айлантуубуз кажет. Антпестен азыркы жосунсуз жоруктарыбызды улантса берсек, ЮНЕСКО Сулайман тоону баалуу мурастар тизмесинен жөн эле чийип таштайт, анан бармак тиштеген бойдон калабыз.

Анткени менен Сулайман тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагындагы олуттуу мыйзам бузууларды кең-кесири иликтеген Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев мындай тыянак чыгарууга али эртелик кыларын баса белгиледи.

– Сулайман тоонун накта бооруна “Айдар Ата” кафеси мыйзамсыз тикеленген. Анын кесепетинен музейге эл кирүүчү жер толук тосулуп, атүгүл автоунааларды такай токтотуучу жайга айланган. Буга улай музейге танапташ жерге аялдамага уруксат берилгендиктен, анын кесепетинен XVI кылымга таандык кайталангыс эстелик Асаф ибн Бурхия күмбөзү таптакыр көрүнбөй калган, – деп кейип-кепчиди ЖК депутаты Каныбек Осмоналиев. -Дагы опурталдуусу: тоонун түндүк-батыш тарабына Кара-Суу районунун жеке менчик газ чарбасынын убактылуу газ толтуруучу бекети жайгаштырылган. Ал дагы ЮНЕСКОнун талаптарына жооп бербейт. Коноктордун жана туристтердин коопсуздугу үчүн абдан коркунучтуу.

Каныбек Осмоналиевдин айтымында, Сулайман тоонун бооруна сөөк койгонго таптакыр тыюу салынган. Тилекке каршы, ошого карабастан каза тапкандардын денесин бул аймакка жашыруу эмдигиче тыйыла элек. Дагы өкүнүчтүүсү: Сулайман тоонун түндүк бөлүгүндө дале жеке үйлөр салынып жаткан чагы.

– Эгер жакынкы күндөрдө ыйык Сулайман тоонун табигый ландшафтын бузган курулуштар жок кылынбаса, анда Сулайман тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесинен чыгарылып салынышы толук ыктымал, – деп коңгуроо какты Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев.

Ал эми белгилүү тарыхчы-археолог, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун илимий кызматкери Бакыт Аманбаева коңгуроо какканга толук негиз бар деп эсептейт.

– Ош шаарынын Айтиев көчөсүндөгү “Сулайман Тоо” кафеси мыйзамсыз иштеп жатат. Буга улай медресе да тоону карай жүйөсүз кеңейтилген. Атүгүл айрым шылуундар жер тилкелерин тоо боорун карай кеңейтип жатканда буга кызыкпаган укук коргоо органдарына дегеле таңгаласың, – дейт тарыхчы-археолог Бакыт Аманбаева.

Алишер Токсонбаев, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.