Кубат Жусубалиев: «Адамдын руханий изденүүсү тууралуу жазып жатам»

Кубат аке, эң оболу сизди жалпы окурмандарыбыздын атынан жетимиш жылдык мааракеңиз менен куттуктайбыз. Жаңы роман жазып жаткан экенсиз, ал эмне деп аталат?
– “Уй менен ат”. Кыргыздын уят деген сөзү ушу эки сөздөн турат экен. Жамбы “папа, как переводить на английский?” – деп сурап атпайбы. Англисче да, орусча да, дүйнөнүн эмне тилинде болсо  уй менен ат болот дедим.  Баягы жылдары  “Агымга” аты жок эле жазгам. Эрнис камбагалым редактор өзүң билесиң. Мага айтып калат. “Канттан бирөө чалып кандай киши бу, аны кошсо бу болот деп эле жаза берет экен, муну сабаш керек” деди дейт. Анда эми бир  сыноо катары , камбагал Мелис берген пулду акташ үчүн эптеп жазгам да. Азыр эми соверщенно башка. Мындагы эң башкы ой эмне? Сюжети адамдын руханий изденүүсү жөнүндө. Бул абдан кыйын иш болот экен да. Мен ошон үчүн  бир аз жазып, токтотуп койгом.

Бир жолу Оштун облустук гезитине келип калдык. Абдивахаб Мониев редактор болчу. Ошонун кабинетинде отурганда Кудай жөнүндө сөз болуп калса, орун басары: “Кудай барбы, жокпу, аны эмне менен далилдейсиз?”, – дебедиби мага. Сенин какылдап, шакылдып, уят-сыйыттын баарын таштап коюп ушинтип суроо берип атканыңдын өзү далил десем өзү да күлүп ийди. Бардык эле адамдардын абалы ушундай да эй. Анан бирөө болуш керек да ошону сездирген.

Мамат САБЫРОВ, «Кыргыз Туусу», 06.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.