Берметтер дүйнөсүндө “Акбаранын көз жашы”

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн “Баталга” (“Плаха”) романынын эң романтикалуу-трагедия бөлүгү ушундай ат менен театрларда спектакль болуп коюлган. Андан кийин кинорежиссер Дооронбек Садырбаев 1988-жылы эки сериялуу көркөм тасма тарткан. Бул көрүнүктүү режиссердун акыркы тасмасы болуп калды. Андан кийин ал саясатта күч сынады, депутаттык ишти аркалады. Эл аралык жана бүткүл союздук телефестивалдарда бир нече ирет сыйлыктарды жеңген, Маданияттын эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз эл артисти, “Манас” орденинин кавалери эле. Көзү өткөн соң “Кыргыз Эл Баатыры” наамына татыды.

Бул фильмде башкы ролдордун бирин ойногон КРнын Эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтов ал кезди мындайча эскерет.

Мен ал кезде Ошто элем
– Ош драмтеатрында иштеп жүргөн кез. Кызык жери, чыгарманы китеп болуп чыга электе бир журналдан окуп алып, бир бөлүгүн, муну фильм кылып тартса кызыктуу болчудай экен деп ойлоп койгом. Анан Дооронбек Садырбаев чакырып калды, 1988-жылы жазда, апрель айынын башы эле, келип сыноодон өтүп кеттим. Май майрамдарына аралаш кайра чакырып калды, тезинен кел деп, самолетко билет жок, жол тосуп бир КамАЗга түшүп келдим. Келсем, Бостонду эмес, Базарбайды аткар деп калыптыр. “Доке, мен мындай ролду аткара алар бекем, ал шогураак, мүнөзү бөлөкчөрөөк киши да?”, – десем, “Сен эмгек сиңирген артистсиңби? Өкмөт эмнеге берди аны аткара албасаң? Иттин ролун ойно десе да итти ойношуң керек. Советбек Жумадылов өмүр бою тескери кишилерди, жаман кишилерди ойноп келатат. Бир жолу жакшы кишини ойноп көрсүнчү”, – деди күлүп, өзү тамашакөй киши болчу. Ошентип, экөөбүз алмаштык. Мен да бактылуу киши экем, Чыңгыз атамдын чыгармаларына тартылып калган. Докеме да ыраазымын, мени чакырып тартып калганына. Көзү барда да айтып калдым муну.

Бөлтүрүктөр менен тартылганда
– Ошо, 1988-жылы, май айынын 24-25-де Алайдын Жошолуу деген айылынан тартыла баштадык, узун айыл экен. Бир кезде, Курманжан датка менен Алымбек датканын ордосу болгон жер дешти. Аппак өргөлөр турчу дейт. Чөбү белден буралган, жап-жашыл болгон сонун өрөөн экен. Ошол айылдын башында пионер лагери бар экен. Ошо жерди база кылышты, биз жатканга. Бөлтүрүктөрүбүз, карышкырларыбыз жаткан жер да, ошо база болду. Карышкырлар улуйт. Карышкырлардын үнүн угуп уктачубуз. Үчөө жапайы эле, экөө колго үйрөтүлгөн карышкыр. Аска-зоодо тоо текелер кадимкидей эле жүрүшөт. Жошолуудан ылдый эки жүздөй кой баткан үңкүр бар экен. Таш менен тосуп карышкырдын ийнинен бөлтүрүк алган жерден баштадык, көзү ачыла элек бөлтүрүктөр бат чоңоет экен да? Койнума салып келе жатсам, эмчек издеп көкүрөгүмдү, колтук-башымды бүт жалап-жуктап, итиркейимди келтирет. Үч-төрт күндөн кийин көздөрү ачылып, аябай тың болот экен, тимеле чуркап, ойноп калышты. Жапайы жаныбарлар менен иштеш аябай кыйын экен. Москванын зоопаркынан келген адистер иштешти. Күнүгө карышкырларга элүү сом төлөнөт, бизге жыйырма, отуз сом. Элүү сом ал кезде элүү доллардай эле. Карышкырлар чийки эт жейт да, жаңы. Аларга эки күндө бир кой союп берип атышты, бизге болсо бир кой бир жумага жетет.

Тоолуктардын аттары да мыкты
– Мен минген ат карагер, ошол аймакта көрүнүктүү ат экен. “Бул деген улактын аты, көкбөрүнүн аты” деп, ээси, тээ-тияктан бери чаап келип көрсөтүп, анан “Муну артисттериң мине алабы?”, – деп, өзү да тамашакөй киши экен, бизге ишенбегендей күлүп сурады. Докем: “Ээ, биздин артист, бала кезинде улак тартып чоңойгон улакчы”, – деди. “Минип көрчү”, – деди эле, “Байке, кандай чапсаңыз ошондой чабайын, карап көрүңүз эми”, – дедим. “Майли, майли”, – деп коет. Тиги киши кандай чапса ошондой чаптым, көчөнүн аягына дейре. Кайра учурткан бойдон келип тигилердин алдына токтодум. Оозу катуу күлүк ат экен, айтканындай эле тизгинин какмайынча токтобойт да, жөн тартсаң кетет ала качып эле. Бала кезден билем да, каксаң секирип-секирип барып токтойт андай ат. Ошондо тиги киши: “Аа!.. Ишендим! Ишендим!” – деди. Атын берди. Дооронбек байке, иштерман киши эле, ушунчалык токтобойт, жаны тынбай. Бизди да ошончо иштетет. Суунун жээгине боз үй тигип алган. Ошондо жашайт. Күнү-түнү иштейбиз, даярданабыз. Эки ай жайы менен тартты. Бир күнү анан, “Ой, тарткандарым эки серия болот окшойт?! Көп болуп калды”, – деп калды. Негизи, башында бир эле серия болот деп пландаган. Материал көптүгүнөн эки серия болуп калды.

Жамал эже менен Советбек агай
– Советбек Жумадылов экөөбүз он эки бала жаткан бөлмөдө жалгыз жатабыз. Матрацтарды алты-алтыдан эки керебетке эки катар жыйып алып, “Бизге окшоп падыша да жаткан эмес” деп бакылдашып, сүйлөшүп, ролдорду жаттайбыз. Советбек Жумадылов эмгеги сиңген зор актер эле да. Турмушта да бапылдаган жагымдуу киши болчу. Жамал эженин да бу кинодо ролу чоң болду. Мен эжени “эмне үчүн менин аялым өзүмөн улуу болушу керек? Өзүм менен тең эле аял ойнобойбу?” – десем, режиссер, анын таржымалы мындай: “Ал башында сенин жеңең болгон, күйөөсү өлгөндө сага нике кыйып койгон. Ошон үчүн ал сенден улуу. Ошон үчүн сен дайым жиниң келип, ага жаман мамиле кылып, ичип жүрөсүң”, – деди.

Тасмадагы эң юморлуу эпизод
– Аны Докем өзү кошкон. Бир күнү эле “Мага мындай ой келди, кел мындай кылабыз”, – деп калды. Карышкырды корумдап көмгөн жер дөбө да, жанында бир бак да бар. Ал жерди Мазар экен деп, дайым мас, кызуу, көңүлдүү жүргөн Базарбай өтүп баратып түшө калып, көңүлү ачык неме, жан-дили менен берилип куран окуп, бата жасайт. Бул киного айылдын эли, Алайдын эли абдан жакшы жардам берди. Кино өзүнүн айтайын деген ою жагынан жакшы тартылды деп ойлойм. Дооронбек да өзү эл оозуна аңыз болуп айтылып калган адам болчу. Түз сүйлөгөн, эчтекеден коркпогон, өзүнүн улуу жолун, даңазалуу жолун актады. Кийин депутат болуп кетти, Кыргыз Эл Баатыры дегенге татыктуу да чынында.

Алтынай Темирова, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.