Алымкан деген ким болгон?

Адамдагы сезимдердин эң бийиги, ыйыгы, сырдана туюгу жана кылымдап жашаса да картайбаган касиеттүүсү – бул махабат. Дал ушундай улуу сезимди тутантып, ал сезимден урпактан-урпакка калгыдай улуу кайрыктардын жаралышына себеп болгон нечендеген сулууларыбыз бар. Ал сулуулардын аттары эскирбес болуп элге сиңип, өзүлөрү көмүскөдө калып сыр бойдон жашап келет. Залкарларды сүйдүргөн ошондой аруузаттардын эң эле белгилүүлөрүнүн бири – Токтогулдун Алымканы. Дегеле Алымкан деген айым өзү ким болгон?..

“Аксылык жигиттердин ыры болгон Алымкан”
Аксынын ак шайы сулуусу 1874-жылдын кеч күзүндө, Койташ айылынын жогору жагындагы Бакаулак кыштоосунда жарык дүйнөгө келиптир. Атасы Субан жайытына малы, төрүнө баскан байлыгы батпаган, тектүү жерден тээк издеп, жакшы жерден чыккандар менен теңирин сүйүп катташкан, өзгөлөрдөн өз кадырын өйдө койгон адам болуптур. Угуттуу саруу уруусунан таралган оготур уругуна таажылуу бий болуптур.

Субан бийдин үч аялы болуптур. Үчүнчү аялы болгон маңдайы жарык Макмалдан Абдылда аттуу уул, Алымкан, Мээлкан, Уулкан деген чолпондой үч кыз көрөт. Кыздарынын арасынан Алымкан атасына жакын өсөт. Алымкан атасы дайындаткан боз жоргонун үстүнөн түшпөй, аш-тойдон калбай, каалаганын кийип, самаганын таптырып айжамалы келишип 10 жашка толот. Жайлоонун төрүн жайлап теңтуш балдар менен чүкө атышып, ай нурунда ак чөлмөк ойноп өсөт. Эркекче жүрүп, эркек балдардын эркеси болгонун эч ким өөн көрбөйт. Кирпигине жаш албай, көңүлүнө кир илбей эркин жүрөт. Анан 12-13 жашка келген кезде аны кыз ыйбаасы коштоп, муңайым, назик тарта баштайт. Мурдагыдай эркек балдардын оюн-шоогуна катышпай калат. Ошентип 15-16 жаштар чамасында кадимкидей бой салып, жетилүү курагына келет. Аяр басып, акылга салып иш кылат. Атасына айтар сөзүн энеси аркылуу айттырып, энеси менен акыл бөлүшүп, нар көтөрбөс нарктуунун жүгүн көтөрөт. Күн өткөн сайын күлмүңдөп жүзү ачылат, ай өткөн сайын келбетине келип, табият ага ургаачынын бир бактысы болгон сулуулукту суратпай берет. Басса-турса балтырын сылап буралган коюу кара чачы тал чыбыктай солкулдаган боюна жарашып чырайы чыгат. Ууртундагы бармак басымдай меңи сүттөй жүзүн ого бетер мөлтүрөтүп көргөзүп, жууган карагаттай кареги, кайрылган канаттай кашы карагыны келтирип турчу дешет. Субан бийдин каарын, теңтайлаша албаган тагдырын эстеп, эчен курдай эчкирип ыйлап арманда болгондор өздөн да, жаттан да чыккан экен. Ушундай-ушундайдан улам Макмал эне кызын эркек көзүнөн, жигит сөзүнөн сактоонун аракетин жасап, “көңүлүн бурган жан болсо болсун, а бирок алардын суук сөзүнөн, кайра жанбас каргышынан жаратканым сактасын”, – деп, дубалатып тумар, ырымдап көз мончок тагат. Өйдөкүдөй абалдан улам Алымканды көрүп көөнүн байлаган, атын угуп айылды алты айлангандар көп болот. Алардын айрымдары ыр чыгарып, ал кыз оюндарда, жаштар арасында ырдалып, Алымкандын атагын Аксынын чегинен алыс таанытат. Мындай кырдаал кызды ого бетер жоопкерчиликке, гүлдөн назик, күндөн жылуу болууга түрткү берет.

Токтогул менен Алымкандын мамилеси
Токтогул менен Алымкандын качан, каерден, кандай абалда кез келгенин эч ким биле албайт. Алымкан деп ойго батып, күйдүм чок болгондордун жараткан ырлары Токтогулга да жетип, ушундан улам акын Алымканды көрөйүн, шарты келсе жакындардан жөн-жайын сурайын деген болуу керек. Акыры ал тилеги аткарылат. Анысы бул окуя менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Жеңилбес ырчы Жеңижок менен комуздун кылын сүйлөткөн Ныязалыга бир ирет барган кезде сөздөн-сөз чыгып олтуруп Токтогул өз тагдырын, жаш кездеги бир арманы болгон, көөнүнө жагып, көңүлү арбалып, бирок, көөдөндөн сыр чечишип бир боло албай калган Толгонайын айтат. Кеп учугу уланып “Аксылык жигиттердин ыры” аталган Алымкан жөнүндө сурап, кызыгы ойгонот. Жоомарт Бөкөнбаевдин жазганына караганда 1980-жылдары Кашкасуу жайлоосундагы бир жыйында Токтогул атын угуп, акылына түйүп жүргөн Алымканына жолугат. Ал кезде Аксынын сулуусу Алымкан 16да, Токтогул 26ларда болот. Токобуз Алымканды алгач көргөндө анын жанда жок жароокерлигине, сүйгөн жандан кездешпес сүйкүмдүүлүгүнө таң калса керек да, анын кайсы бир жактарынан Толгонайды көрүп, ага назарын салып, жылдызы келишсе керек. Ушундай өкүнүч менен бүткөн сүйүүсүнүн арты менен тапкан арзуусу азыркыга чейин ырдалып келет. Жеңижок менен Ниязалы Токтогулга жардам кылышкан. Эки жаштын жолугушуп кол алышына, көңүлдүн сөзүн көңүлгө салышына шарт түзүшкөн. Алымкандын жеңеси Айбүш аркылуу сүйлөшүп, Айбүш аркылуу өзгө көзгө көрүнбөй жолугушуп турушкан экен. Ал кездин жолу ошондой болгон. Кошумчалай турган сөз, Алымкан ырчыны сынынан өткөзүп, жактырганы кандай экенин сурап, айтор, көкүрөгүнө жакын алып жүргөн жайы болгон имиш. Акыры эки ашык беришкен сөздөрүн бекемдеп, Алымканды жеңеси аркылуу чыгарып, Токо өз жерине алып кетмек болот.

Алымканды турмушка узатуу
Тилекке каршы, Токтогул менен Алымкандын ою ишке ашпайт. Субан бий сатыкей уруусу менен кудалашат. Токтосун, Беки деген бир туугандар жаш кезинен кырктын кырына келгенче казактардын жылкысына тийип, өмүр жолу жортуул үстүндө өтөт. 1980-жылдардын аягында Субан бийдин эки-үч үйүр жылкысы уурдалып, дайыны чыкпай калат. Субан бий жок жерден Токтосунга күмөн санап, жоголгон жылкылардын изи ушу тараптан чыгып жатканын доо кылып, жалган жерден жалаа жаап, буларды ууру тутат. Таппасаңар айып тартасыңар деп жигиттерине тополоң түшүрөт. Жоокер турмушка көнгөн сатыкейлер Субандын бул жоругуна нааразы болушуп, “бий башы менен жалган жалаа жапты, жаманатты кылды, айыбын тартып, элибизге кадыры сиңген баатырыбыз Токтосундун алдына келсин. Келгиси жок болсо биз өзүбүз барабыз, уурулук эмне экенин көргөзөбүз”, – дешет. Мынча катуу күүлөнгөн сатыкейлердин каарынан чочулаган Субан бий Токтосундун алдына келип, мойнуна камчы салынып кечирим сурайт. Жарашуунун соңу жакшылык менен бүтсүн, мындан аркысы туугандык иш болсун дешип, куда-сөөк болушат. Алымкан атасынын акылы менен Токтосундун иниси Бекинин Осмонаалы деген уулуна баш кошмой болот. Айла канча, Алымкан ата салтын аттай албайт, ата сөзүн эки кылууга кудурети жетпейт, сатыкей менен саруу элинин ортосундагы очокту өчүргүсү келбейт, бактымдан көрөрмүн деген ойго алданып кала берет.

Тагдырына баш ийген Алымкан Осмонаалынын акылман аялы болуп андан эки уул көрөт. Экинин энеси болсо да кыз сынынан кетпеген Алымканга анын никелүү аял экенине карабай ашык болгондор көп болот. Алардын бири Жумаш Алымканды алсам деген оюнан кайтпай жүрүп Осмонаалыны жайлап тынат. Бирок, бул арам оюн ишке ашырганы менен Алымканга жетпей калат. Анткени сатыкейлер акылы тунук келинин колдон чыгаргылары келбей, бир эсе ата салтын кармап Осмонаалынын бир тууганы Өмүрбекке нике кыйып коюшат. Экөө Сыдык аттуу бир балалуу болгон соң 1910-жылы Өмүрбек каза табат. Алымкан экинчи никесинен кийин 7 жыл жесир жүрүп, 1917-жылы Таластан жер которуп келген Бокмурун деген менен жылдызы келишип, ага баш байлайт.

Ырда жашаган өмүр
Алымкан 1942-жылы Сыдыгын согушка узатканы Ташкөмүргө келип, ошол аймактан каза табат. Бирок, согуштун кесепети бул жерде да үстөмдүк кылып Алымкандын сөөгү айылга жетпей калып Ташкөмүр шаарынын күн чыгышындагы көрүстөнгө коюлат. Алымкандын артында атын өчүрбөй турган балдары калды. Азыр неберелери, чөбөрөлөрү негизинен Аксы аймагында, башка жерлерде жашап жатышат. Алардын арасында Алымканга окшошураагы, ал кишини эске салганы, жылдызы жакыны да бар. Токтогулдун сүйүүсүнө арзып, акындын атактуу ырына айланып, калкында кадыры калып, түбөлүк өлбөстүк жолуна түшүп, түбөлүк кайрадан жаралбас жападан жалгыз Алымкан сулуу атыккан адамдын тагдыр-турмушу ушундай болгон экен. Ал түбөлүк жаш бойдон, түбөлүк сулуу бойдон, түбөлүк таза бойдон биз менен, тирүүлүк менен жанаша жашай берет. А биз болсо аны ажары менен акылы айкашкан кыргыздын жылдызы өчпөгөн сулуу кыздарынын бири катары сыйлап, анын арбагына ар дайым таазим кыла беребиз.

____

Алымкандын колунда өскөн небереси Жамшитбек Тазабеков: “Алымкан чоң энемдин казаны оттон түшчү эмес”

– Жамшитбек ага, Алымкан эне кандай киши эле? Чын эле өңдүү-түстүү, боюнан нур төгүлгөн сымбаттуу жан беле?
– Чоң энемдин элеси карегимден өчө элек. Ал киши орто бойлуу, акжуумал, көзү карагаттай жайнаган, кара каш, келбеттүү, жүргөн-турганы чапчаң, мүнөзү курч, акылга бай, каада-салтты бекем кармаган нарктуу адам эле. Кыймылы шамдагай болчу. Казаны оттон түшчү эмес. Келим-кетими көп болуп, дасторкону дайым жайылуу турчу. Сөзгө уста, ырга жакын жан эле. Беш убак намазын таштаган жок.

– Токтогул менен Алымкандын ортосунда ашыктык иши кандайча болгону жөнүндө кабарыңыз барбы? Көргөн-билгендерден укканыңыз барбы?
– Кайсыл жыл экенин азыр так билбейм, мен анда 10-11де болсом керек эле. Фрунзеден Калык, Осмонкул, Алымкул баштаган артисттер келиптир. Бир убакта Токтогулдун “Алымканы” ырдалды. Атай ырдады окшойт. Жанымдагы теңтуштарым “сенин чоң энеңди ырдап жатат. Билесиңби?” дешти. А мен эч нерсе билчү эмесмин. Ал түнү чоң энем мени жанына алып жатты. Балдардын сөзүнөн улам “Токтогул сизди ырдаган турбайбы, ошону бүгүн артисттер ырдады” дедим. Бир азга кармана калып “кандай экен?” деди кайдыгер. “Жакшы… Ырдады беле?” дедим. “И-ий, өлүгүңдү көрөйүн десе, жатчы эми. Биздин эшикке келип ырдап кетип жүрчү. Ырчы киши ырдайт да, балам. Ырды ырдасын деп чыгарат” деп негедир жактырбагансып койду. Кийин эр жеттим, “Алымкан” телефильми тартылды, алар катышкан тарыхый чыгармаларды окудум. Анан чоң энемди бактылуу адамдардын бири деп санап калдым.

– Алымкан эне Осмонаалыдан жесир калып анын бир тууган агасына баш байлаган дешет…
– Никеде чоң энемдин тагдыры оор болуптур. Айтылгандай алгач Осмонаалы чоң атама баш байлап, бала төрөп жакшынакай жашайт. Бирок, никелүү экенине карабай Алымканга ашык болгон Жумаш деген Осмонаалыны уу коргошун менен жайлап тынат. Анан ата салты менен Алымкандын башын бош койбой кайнагасы Өмүрбекке нике жаңыртып коюшат. 1910-жылы ал киши да каза табат. Сатыкей эли дале чоң энемди колдон кетиргилери келбей турганда өзү кеп баштап “эл салтында эмне айып? Бирок мен сатыкейлерди четинен кыра беремби? Бул жолу мага жол бергиле. Балдарымды кор кылбайм”,-дейт. Ошентип жети жыл жесир жүрөт. Кийин Бокмурун дегенге баш байлап жашап калды. Мен ушул кишилердин колунда өстүм.

– Алымкан эненин неберелеринен азыр кимдер бар?
– Тазабек баласынан мен, иним Табылды, Тасма деген уулунан Кеңешбек, Сыдыгынан Гүлсина деген кыз бар. Чоң энемден тараган небере-чөбөрө, дагы башкаларынын саны азыр 50-60 болуп калды.

– Жамшитбек ага, Алымкан энеден тарагандардан а кишиге окшош кыздары барбы? Кандан кайталанат дешет го?
– Бар. Менин бир кызым Бурулай ошо чоң энеме окшош эле, ал азыр жок. Чоң энемди көргөндөр: “Ыя, Жамшитбек, бул кызың чоң энеңдин эле өзү” деп калышчу. Мен кызымды чоң энеме окшоштура берер элем, ичимден. Алымкан чоң энемдин тагдыры ушундай болгон. Жакшы киши эле, жанда жок сымбаттуу, элде жок нарктуу адам эле.

Макала Самсак Станалиевдин “Залкарлар сүйгөн сулуулар” китебинен алынды,
«Леди.КГ» («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.03.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Алымкан деген ким болгон?

  • 05.04.2012 at 22:28
    Permalink

    АЛЫМКАН
    Атка салган дилдейсиң,
    Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
    Бир күнү оору, бир күн соо
    Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

    Бетегелүү майданым,
    Пейли жакшы жайдарым!
    Көлөкөлүү майданым,
    Көөнү жакшы жайдарым!

    Букардын тоосу бурулуш,
    Бурулуп учат улуу куш.
    Бурулуп мага келе кет,
    Алымкан, муңдуга салбай кыйын иш!..

    Кашкардын тоосу кайрылыш,
    Кайрылып учат улуу куш.
    Кайрылып мага келе кет,
    Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..

    Саркештеп тиккен жоолугуң,
    Сар санаа кылат жоругуң,
    Көккештеп тиккен жоолугуң,
    Көп санаа кылат жоругуң.

    Токтогул черткен «Жаш кыял»
    Тыңдасаң боло, Алымкан.
    Ак шайы жоолук колго алып
    Булгасаң боло, Алымкан.
    Аз күнчөлүк өмүрдө
    Жыргасаң боло, Алымкан!..

    Reply
  • 30.05.2012 at 22:54
    Permalink

    Абдан кызыктуу окуя болгон экен.:) Менин апам да ушул уруудан. А балким менин апам да Алымкан энебизге абдан окшоштур)))

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.