Балдар үчүн ырлар

Жакында белгилүү балдар акыны Каныбек Жунушевдин 132 беттен түзүлгөн “Күн чубак” аттуу көркөм түстүү китеби жарык көрдү. Аталган жыйнактагы ырлар жана жомоктор балдарга арналган. Китеп – “Күн чубак”, “Зымырык”, “Жашыл чырак”, “Жомоктор” аттуу төрт бөлүмдөн турат. Сүрөттөрүн Ренат Мамытбеков, Нурбек Матаев, Анара Тугулбаева жана Зарина Мидинова тарткан. Балдардын жан дүйнөсүн ачып берген ырларга тартылган сүрөттөр шайкеш келип, окурманды улам жаңы барактарды ачууга жетелейт. Буга мисал, “Аэропорт” аттуу ырын алып көрөлү:
Унутуп коюп сабагын,
Уктап калган баланын.
Пыр-пыр этип “ырдаган”,
Мурдуна таң каламын.

Жуулбаса кол таза,
Жуулбаса мурундар….
“Аэропорт” кылып алышат
А жерге конуп чымындар.

Ушул ырга тартылган сүрөттү көргөн бала ырдын маани-мазмунун абдан жакшы түшүнөт. Бул жерде акын эле эмес, сүрөтчүнүн эмгегин да баалашыбыз керек.

“Короз” аттуу ырда:
Корозубуз кыйкырып,
Ойготот бул айылды.
Көйрөңдүгү болбосо,
Мүнөзү жумшак, сабырдуу.

Койколоңдоп жүргөнү,
Корообузга жарашат.
Ошол короз кыйкырса,
Ошондон кийин таң атат.

Жогоруда айтып кеткендей бул саптарга дагы жыгач тосмого конуп кыйкырып жаткан короздун сүрөтү тартылган. Ары жакта шиферлүү эки үй, топурак жолдун оң тарабында ийрейип өскөн тал. Жашыл бактар жаз айынан кабар берип турат. Менин сүрөттөргө кайрылып жатканымдын себеби, ал ырлардын көркүн ачып, ойдун окурмандын сезимине бат жетишине таасир этет. Каныбек Жунушевдин бул китеби балдарга арналган көптөгөн китептерден балдардын жан дүйнөсүн ачып бергендиги, алардын тилин билгендиги жана ошого ылайык көркөм сүрөттөргө бай экендиги менен айырмаланат.

Күчүк эмен жалбырагын, 
Казга тиштеп барыптыр:
-Мобул сенин таманың го,
Жерге түшүп калыптыр.

Ушундай шедевр саптар бар экендигин да айта кетүүбүз абзел.

Азыр жашым тогузда,
Жакында онго толомун.
Жылына тиксем үч бактан,
Алтымышка чыкканда,
Канча бак тиккен боломун?

-деп бала өзүнө өзү кайрылат, өзүнө өзү суроо берет. Мындай окурманды ойлонткон, анын аң-сезиминин өсүшүнө түрткү болгон ырлар оголе көп.

“Бизде сексен улак бар, 
Канча аларда кулак бар?”.
 

Эки эле сап, бирок ошол эки сап баланы эки мүнөт же эки саат ойлондурушу мүмкүн. Демек ал жөнөкөй эле ыр эмес, акыл-эсти жаңы мейкинге алып чыгуучу күн деп койсок да болот.

“Калемпир” деген ырын мисалга алып көрөлү:
Кызарып кетет мен өңдүү,
Билбесе ким сабагын.
Тамакка көп салынса,
Башка даам жоголуп,
Өзүм эле каламын. Кызык…

Мындай ырлар жаш балдардын жан дүйнөсүнө жакшы таасир этет. Калемпирди тамакка көп салып койсо, ал бардык даамды “өчүрүп” койгондой автордун ар бир ыры Каныбек Жунушев даамданып турат. Даамданып дегеним, балдар акынынын эч кимге окшошпогон өз стили бар. Буудай, арпа, жүгөрү, кызылча, капустаны бири биринен айырмалап билгендей автордун ырын шарт эле айырмалап билүүгө болот. Маселен, дарбыз минтип ойлонот:
Көп суроо келет башыма,
Эмне үчүн тоонун бооруна.
Өспөйм, же бактын башына?
Эмне үчүн асман көгөрөт?
Эмне үчүн Күн, Ай тегерек?

Кыйналган сайын ойлонуп,
Дардайып башы дарбыздын,
Баратат күндө чоңоюп…

“Жомоктор” бөлүмүндө “Чамгыр”, “Бадыраң кантип үшүгөн?”, “Жаратылыш – тууган мекеним” аттуу жомоктор балдарды ар түрдүү ойго салып, кенен мейкиндиктерге алып чыгат. Өзгөчө бала жөнүндө жомок окурманды жүгүртүп жетелеген күчкө ээ. Бир бала баканы таш менен уруп жибергенде таш тийбей жонун кичине сүрүп өтөт. Ошондо бака:
Тийбегени таштын оң болду,
Жээкке кеттим ары сүрүлүп.
Баарысынан кымбат экен го,
Баа жетпеген алтын тирүүлүк!

Энекемди эстеп сагынып,
Кур-кур этип кээде коёмун.
Ушунчалык кусам артылып,
Уккум келет ырын, жомогун.

Кайдан издеп энем жүрдү экен?
Капилеттен калды кабылып.
Өөп, жыттап ийди мойнуман,
Өпкө-боорун берип чабылып… 

Көлчүккө секирип кирген, көлчүктөн секирип чыккан баканы көргөн бала, анын да меникиндей апасы бар турбайбы деген ойго келет. Сөзсүз бул ырды окуган соң ушул жомок-балладаны кийинки кездеги балдар үчүн жазылган эң мыкты чыгарма деп атоого болот. Анын сүрөттөрүн лирик-художник Зарина Мидинова тарткан. “Кутаалам” басмасы чыгарган бул китепте чындыгында эле балдардын куту бар…

Карбалас БАКИРОВ, “Эркин-Тоо”, 24.07.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Балдар үчүн ырлар

  • 30.06.2015 at 13:22
    Permalink

    Создорун толугу менен баргилечи

    Reply
  • 01.10.2015 at 12:36
    Permalink

    Мен да ыр жазам китеп чыгаргым келет силерге кайрылсам болобу,Атаы Мели

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.