Балдарды достукка үндөгөн чий куурчактар

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 100дөн ашык жомок китептердин автору Жылдыз Акаева балдар эмес, чоң кишилерди суктандырган чий куурчактарды жасайт. Жазуучунун колунан жаралган дүйнөдөгү түрдүү улуттардын кийимдерин кийген чий куурчактардын саны азыркы күндө 23кө жетти. Ал келечекте ар улутту чагылдырган куурчактардын санын 60ка жеткирип, «Балдар китептеринин» фестивалын өткөрүүгө ниеттенүүдө.

Чий куурчактарды жасоо идеясы жазуучуга небереси төрөлгөндө келген. Адегенде «Чий куурчак» деген китеп жазып, анан китептеги чий куурчактарды кол менен жасаган. Алар менен куурчактар сынагына катышып, жеңүүчү да болгон. Бул балдар үчүн кызыктуу демилгени «Кумтөр» ишканасы колдоп, китептин чыгуусуна колдоо көрсөткөн эле. Китептин бет ачары 2012-жылы өткөрүлүп, ага балдар катышып, бийлеп, ырдап, куурчактардын оюндарына күбө болушуп, абдан көңүлдүү тарашкан. “Чий куурчактарды жасоо менен балдардын китеп окуганга кызыгуусун арттыргым келет, балдардын аң сезиминде дүйнөдөгү бардык улуттун элдери ынтымакта, биримдикте, достукта жашашы керек деген түшүнүктү бекемдегим келет. Эң негизгиси, балдар куурчактар аркылуу кайсыл өлкөдө, кандай улуттар жашай турганын, алар кандай тилде сүйлөшөрүн, өзгөчөлүктөрүн, салтын, маданиятын билишсе деген ниетте ушул куурчактарды жасап баштадым”, – деди ал. Азыр жазуучу өспүрүмдөр үчүн «Мен сүйөм…», «GOP STOP же биздин зебра» деген чыгармаларды жазып жатат. «Өткөн жылы Суусамыр жайлоосундагы балдар бакчасына куурчактарымды алпарып, балдарга чий куурчак жасаганды, алар менен ойногонду көрсөтүп бердим. Балдар ойногондон тышкары, улутуна да абдан кызыгышты”, – дейт Жылдыз Акаева.

Жазуучунун айтымында, жаш өспүрүмдөрдү кенедейинен ушундай таңууланбаган, кызыктуу нерселер аркылуу толеранттуулукка, улуттар аралык достукка тарбиялоого болот.

Жыпар АКУНОВА, «Кыргыз Туусу», 15.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.