Эгемберди Эрматов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: “Бир мезгил келет, адам көркөм адабиятсыз жашай албай калат. Себеби байлык менен бийлик тажатат”

eermatov

Акындык өнөрдүн үзүрүн көргөндөр да, көрбөгөндөр да бар. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Эгемберди Эрматов адабият, поэзиянын жыргал-кууралын көрүү менен өзүнө көп бийиктик багынта алгандардын бири. Эл арасында кадыр-барк күттү, чыгаан акын катары аты таанылды, өзүнө шакирт ээрчитти, анан да өзү айтмакчы, поэзия аркылуу адам болуу эмне экенин түшүндү. Кеп Кыргыз Эл акыны, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов жөнүндө улансын.

ЭГЕМБЕРДИ ЭРМАТОВ

Туулган жылы – 1951-жыл, 10-июль.

Туулган жери – Кадамжай району, Пум айылы.

Үй-бүлөсү – 3 уул, 1 кыз жана 8 небереси бар.

Билими – Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Сыйлыктары – 2003-жылы Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2010-жылы Кыргыз Эл акыны наамдарын алган.

Обонго салынган ырлары – “Гүлдөй жан”, “Дасторкон”, “Биздин жолдор эки айрылыш”, ”Махабат жөнүндө баллада” жана башка.

ЫР ЖАНА МЕН

– Мен 6-класста окуп жүргөндө эле ыр жаза баштагам. Алгачкы ырым райондук гезитке, андан кийин республикалык “Кыргызстан пионери” гезитине чыккан. Андан бери 40 жылга чукул убакыт өтсө да, ушул күнгө чейин ыр, адабият ааламынын артынан жүрөм. Ыр үчүн эч нерседен баш тарткан жокмун. Айрымдар айтышат, “ыр жазыш үчүн жашоодо көп нерседен баш тартыш керек” деп. Бирок мен андай жолдорго барган жокмун. Эң негизгиси, көп окуш керек. Жаш кезимден баштап өтө көп окуганга аракет кылдым. Бала чагымдан табият менен жуурулушуп жашадым. Анткени айылдан 6 чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке каттап окучумун. Ошондо табиятка көз артып, аны менен сырдашар элем.

ЫР ЖАЗУУДАГЫ НЕГИЗГИ ТЕМАМ – АДАМ

– Ыр жазуу үчүн атайын тематика деле тандаган эмесмин. Негизги темам – адам. Адамдын бардык кайгысы, кубанычы, сүйүүсү менин ырларымдын темасынын өзөгүн түзөт. Өзүмдү жазууну жакшы көрөм. Анткени адам – татаал, сырдуу дүйнө. Сен өзүңдү адам катары терең билип, бул дүйнөдө кандай адам экендигиңди билгенде гана адабиятка аралаша баштайсың. Эгер адам өзүн жазбаса, андагы ырлары супсак болуп калат. Акындык – өзгөчө кубулуш. Бул кубулуш өзүңдүн жан дүйнөңдү сезип, туя билүү. Адамдын сезими акындын чыгармачылык темасы болуп бериши керек.

ЭРГҮҮ

– Бала чакта мага ырлар кантип куюлушуп келерин билбей калар элем. Эргүү келип калганда ырларды жазып жетишпей калган учурлар болгон. Уйкаш саптар төгүлүп, ташып келгенде ыр саптарды кармай албай, жаза албай калган кезим болгон. Айрым учурлар болот, сен ыр жазам деп атайын калем кармап отуруп башыңды ташка урсаң да бир сап ыр келбей калат. “Ыр деген эмне?” деп сурап калышат. Бул суроого азыркыга чейин жооп бере албайм. Ыр – түпкүрдөн келген күч, кулагыңа шыбырап турган периштенин үнү, жүрөгүңдү мыжып турган санаа, сезим.

ӨНӨР

– Акындык өнөр мени эң оболу адам болууга үйрөттү. Адам болуу – өзүн өзү туюп-билүү. Акындык менен жүрүп мен адам болууну, адамды баалай билүүнү үйрөндүм. Себеби башка бирөөнү канчалык баалай билсең, ошол аркылуу сен өзүңдү туясың. Эгер өзүңдү кемсинткиң келбесе, башка бирөөнү кемсинте албайсың. Өзүндү жаман көрбөсөӊ, башка бирөөнү жаман көрө албайсыӊ. Ушунун баары мага адабият аркылуу келди.

ДҮЙНӨЛҮК АДАБИЯТ

– Дүйнөлүк адабиятты казып окудум. Москвадагы Максим Горький атындагы Адабий институтту бүтүрдүм. Ал жерге жылына болгону 20 бала кабыл алынчу. Жарымы СССРден, жарымы башка мамлекеттерден келгендер эле. Алардын арасында мен өзүмдүн алсыз, билимсиз экендигимди сездим. Алар чет тилин билишет, дүйнөлүк адабиятты казып окуган, мен укпаган акындардын ырларын окуп, аттарын аташар эле. Анан мен буларга кандай күндө болсо дагы жетишим керек деп ойлодум. Күнү-түнү китеп окуп отуруп, 3-курста мыкты окуган балдарды кууп жеттим. Анан жогорку стипендияга илештим. Кыйын окуган курсташтарымды артка калтырдым. Көрсө, адам баласына өжөрлүк керек экен. Дүйнөлүк адабиятты окудум, көп акындар менен тааныштым. Шаарды кыдырып жүрүп атактуу акындардын китептерин сатып алганга аракет кылдым. Ошол кезде айына айылга бир-эки посылка салып жиберчүмүн. Айылдагылар “Эгемберди посылка салып жибериптир” деп ичин ачса эле толтура китеп экен” деп күлүп калышар эле. Ошентип жүрүп менде дүйнөлүк адабияттын классикасы топтолгон. Ал китептер мага бүгүнкү күнгө чейин жардам берип келе жатат.

ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМ ШЕКСПИРДИН БУЛАГЫНАН СУУ ИЧИШИ КЕРЕК

– Мен “бул жазуучудан муну, тигиден муну алдым” деп айта албайм. Дүйнөлүк адабияттын сезилбей турган сырларын үйрөндүм. Алыска барбайын, Петрарка деген акын бар. Андан мен сүйүү темасын, сүйүү темасында акын кантип иштеши керек экенин үйрөндүм. Ал бүтүн ырларын сүйүү темасына арнап койгон акын. Же Шекспирди алалы, анын чыгармаларын окуганда ушунчалык таң каласыӊ. Азыр кыргыз окурмандары үчүн Шекспирдин улуу чыгармалары биздин театрларда спектакль болуп коюлган. Бүгүн биздин балдардан “Шекспир ким?” десең атын билбейт, чыгармаларын окуган эмес. Балким, чыгармаларын кино аркылуу таанышы мүмкүн. Ушул күнгө чейин дүйнөлүк адамзат Шекспирдей адамды жарата элек. Анын чыгармалары бири-бирине окшошпойт. Мунун каармандары ушунчалык түпсүз, терең болсо, чыгармасы ошончолук терең. Каарманын терс же оң деп бөлбөйт. Адамдын табиятында жакшы да, жаман да нерсе бар. Мунун баарын улуу күчү менен жазып берген. Чыгармачыл адам болом деген киши Шекспирдин булагынан суу ичип өтүшү керек.

ДРАМАТУРГИЯ ЖАНРЫ

– Мага драматургия жанры жагат. Бардык жанрлардын үстүнөн иштеп чыктым. Драмаларымдын баары ыр менен жазылды. Чоң 4 драма жаздым эле, алар кыргыздын чоң төрт театрында сахнага коюлду. “Аксаткын менен Кулмырза” Нарын музыкалык драма театрында, “Жаңыл Мырза” драмам Кыргыз драма театрында, “Туяктын ыры” Ош шаарында, “Кедейкан” драмам Баткен облусундагы драма театрда коюлду. Жогоруда Шекспирди жөн жерден айткан жокмун. Улуу драматургдар драмаларын ыр түрүндө жазышкан. Драма ырга жакын. Анда конфликт, кагылыш болуп турушу керек. Поэзия да ошондой. Кагылыш болбой, окшош болуп турса ал ыр окулбай калат. Ырда драматургия болуп турушу шарт. Жакшы нерсени айтсаӊ, анын ичинде жаман жактар да көрүнүп туруш керек болот. Драма жаатында көп иштеген жокмун. Бирок драма менин стихияма айланып кетти.

Студент кезде чыгыш адабияты менен көбүрөөк алектенип калдым. Азербайжан элинин Низами Гянжеви деген улуу акыны бар. Анын “Хамза” деген бешилтик поэмасы белгилүү. Анын бирөөсүн, “Жети сулуу” деп 400 беттен турган поэмасын котордум. Бул чыгыш адабиятынын башатында турат. Гянжеви 9-кылымда жашап өткөн. Аны туурап чыгыштын жүздөгөн акыны “Лайли менен Мажнун” деген дастан жазды. Бул дастанды биринчи Гянжеви жазган. Ошондой эле “Искендердин сепили” деген дастан жазган. Аны да ондогон акындар туурап жазышты. Чыгыш адабиятына кызыктым да, ЖОЖдор үчүн “Чыгыш адабияты” деген хрестоматия жаздым. Анда Арабиянын, Тажикстан, Индия, Япониянын акындарынын ырларын которуп бердим. Улуу бабабыз Кулкожо Акмат Яссавинин бардык чыгармалары 140 хикметтен турат. Анын мага чейин 5-6 гана чыгармасы кыргыз тилине которулган болчу. Мен анын баарын кыргызчаладым.

ПАЙГАМБАР ТУУРАЛУУ ДАСТАН

– Пайгамбар тууралуу дастаным менин чыгармачылыгымда өзгөчө орунду ээлейт. Анткени Союз учурунда руханий адабиятка кызыгып, пайгамбарлардын, диндердин тарыхын изилдеп окудум. 15 жыл убактымды коротуп маалымат жыйнадым. Ошол маалыматтарым мага тынчтык бербеди. Чыгарма жазыш керек деп көпкө ойлонуп жүрүп, акыры Мухаммед пайгамбардын өмүр жолун жазууга токтолдум да, 3 жыл ичинде ушул дастанды жазып бүттүм. Гянжевинин “Жети сулуу” дастанын которбосом, балким, бул дастанды жазууга кирише албайт элем. Ошол чоң дастанды которгонум мага сабак болду. Бул дастанды 5 жыл котордум. Анын шакирти болдум. Анын оту менен кирип, күлү менен чыктым. Ушундан улам менде ички туюм, ички сезим пайда болду. Биздин заманыбыз аңтар-теңтер болду. Руханий баалуулуктарыбыз жоголуп кетти. Бири-бирин алдаган, бири-бирин жамандаган, жалмаган заманга туш келдик. Мына ушул абалда адамга өрнөк боло турган адамды жазышым керек болду. Мен ойлоп көрсөм, адамзаттын тарыхында пайгамбарыбыздай адам жок экен. Анан анын төрөлгөндөн көзү өткөнгө чейинки убактысын кыргыз тилинде дастан кылып жаздым. Башында айтып өттүм, ыр жазууда кайгы-капа болот. Дайыма эле кубанып, сүйүнүп, жыргап, шадыраңдап жашаган акындардын жазган ырлары супсак. Себеби жашоо дайыма эки нерседен турат: кубаныч жана өкүнүү, сүйүү жана жек көрүү, өмүр жана өлүм, түн жана күн, аял жана эркек. Бардыгы жупташкан.

ӨМҮРҮМДӨГҮ КАЙГЫГА ТОЛГОН КҮНДӨР

– Өмүрүмдө кайгыга толгон күндөр көп эле болду. 1-класска барганда атамдан, 8-класска барганда апамдан айрылдым. Томолой жетим калдым. Интернатта окудум, кийин атым элге таанылып, чоң-чоң китептерим чыгып калганда мени акындыкка түрткөн Эрдөөлөт деген агамдан айрылдым. Ошол агам чыныгы акын болчу. Мен агамды туурап ыр жазып жүрүп акын болуп кеткем десем болот. Мен ыр жазып баштагандан кийин агам жазбай койгон, сен жаз деп. Менин жазгандарымды жакшысын жакшы, жаманын жаман деп сындап, атадай, устатымдай тарбия берди. Мындай кайгылуу күндөр менин өмүрүмдө өтө көп болду. Жаш кезимден эле өжөрмүн. Көздөгөн максатыма жетүү – жаш кезимде калыптанган адат. Кыйынчылыктар келсе, андан эч качан корккон жокмун. Ал кыйынчылыктар Кудайдын мага берген сыноосу деп кабыл алдым. Кудай мага дагы бир жол ачып жатат, мен ушундан өтүшүм керек деп сабыр кылып, ошол кыйынчылыктарды жеңип келдим.

ДЕПУТАТТЫК МИЛДЕТ

– Жогорку Кеңешке депутат болуп калышымдын себеби бирөө эле. КСДП түптөлгөн учурдан бери ушул партияга мүчөмүн. Ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, оппозицияда жүргөндө канчалык куугунтукта жүрсөм да, бул партияны чанып кетпей, башкалар чакырса аларга барбай жүрүп агарып-көгөрдүм. Баткен чөлкөмүнө кетип калганымда ал жакта партиянын алгачкы уюмун түзүп, ошол партиянын ишин улантып жүрдүм. “Ушул партиядан чык, болбосо жумушуңду ташта” деген учурлар келди. Катуу сыноо алдыма коюлганда мен ишимди таштап, бирок партияны таштаган эмесмин. Ушунун баарын борбордук штаб билчү. Ошон үчүн ыңгайы келип калганда партияда 9-тизме менен депутат болуп келгем. Депутат болуш кыйын экенин башынан эле билчүмүн. Жашым да бир топко жетип калганда саясатка аралаштым. Элге ак кызмат кылып берсем деп ойлонор элем. Эл, коомчулук билет, депутат болуп турганда адабият, маданият тармагын жана башка тармактардын маселесин көтөрүп, трубунадан айтып турдум.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯНЫН ТӨРАГАЛЫГЫ

– Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болгонума бир жыл болду. Бир күнү президент Алмазбек Атамбаев чакырып, “Депутат болуп жүрөсүӊ, депутаттардын арасында кадыр- баркың бар, партиянын арасында кадыр-баркың чоң. Эми биздин эң оор тармагыбыз Улуттук тил комиссиясы болуп жатат. Мамлекеттик тилди колго алып беришиң керек. Ушуга кандай дейсиң, ойлонуп көрчү” деди. Анан мен ойлонууга эки күн убакыт сурадым. Ойлонуп көрүп, чындыгында бир иш кылыш керек болду. Депутат болуп жүрө берейин десең, жашкы маяна аласың, кадыр-баркың бар, бир жакка барсаң дайым сыйдын үстүндө жүрөсүң, кайда барсаң жардамчыларың, кенешчилериң бардык материалдарды даярдап берип турушат… Бирок конкреттүү бир участок жок. Социалдык темадан коопсуздук темага чейин козгойсуң. Айтор, мыйзамдын бардык жагынан башты иштетишиң керек. Ага караганда бул Мамлекеттик тил комиссиясы бир тармактуу, өтө олуттуу маселе. Анын үстүнө тилди өнүктүрүү мыйзамы кабыл алынганына 25 жыл болсо, ошол жылдан бери эле тилибиз өнүкпөй жатат деп какшап келе жатабыз. Ушул тармак эмнеге өнүкпөй жатат? Ушул тармакты бир изилдеп, иштеп көрөйүн деген максат менен келдим. Кудайга шүгүр, бир жылдан бери бир топ мамлекеттик тил боюнча маселелер көтөрүлдү. Азыр мамлекеттик тил өтө олуттуу маселе экендиги элдин оозунда. Бир жыл ичинде тилди өркүндөтүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгууга жетиштим. Өткөндө Улуттук кеңеште мамлекеттик тил боюнча программа кабыл алынды. Катардагы программа болбостон, мунун каржылык маселеси чечилип, ар бир жылда кандай ишти аткарыш керек, аны ким аткарат, канча каражат кете тургандыгы баары жазылып, президент тарабынан колдоого ээ болуп отурат. Бул ошол элибиздин келечеги үчүн жасалып жаткан эң орчундуу маселелердин бири. Анткени тили болбой эл болбойт, тилиң болбой дил болбойт. Биздин каада-салтыбыз, жүрүм-турумубуз – баары тилге келип такалат. Тили бар элдин келечеги бар. Биздин тилибиз – кылымдардан бери келе жаткан тил, көөнөрбөс тил, байыркы тил. Биз ушул тилде сүлөшүп, ушул тил менен балдарыбызды тарбиялап жатканыбыз үчүн, ушул тилде сүйүүбүздү айтып жатканыбыз үчүн сыймыктанышыбыз керек.

БАГЫНГАН БИЙИКТИКТЕР

– Акын өзү “мындай деңгээлге жеттим” деп эч убакта айта албайт. Бирок өзүнүн кандай деңгээлде жазып жатканын сөзсүз сезет. Эч убакта акын “мен” деп көкүрөгүн кага албайт. Көкүрөгүн каккан акын – жарды акын. Менменсингендик адамдын, диндин табиятына тескери турган нерсе. Ошон үчүн менин чыгармаларымдын баасын бүгүнбү, эртеңби, келечектеби, окурман өзү берет. Кыргыз эли, кыргыз тили турганда менин чыгармаларым жашайт деп ишенем.

Айта берсем мен багынта турган бийиктиктер өтө көп. Мен азап тартып жүргөн адаммын. Канткенде биздин элибиз окурман эл болот, канткенде биздин элибиздин түшүнүгү өтө кенен болот деп. Мен ушул кыргыз тил комиссиясына келгенден кийин көп нерсени байкап жатам. Окурман, абдан билимдүү жаштарыбыз бар. Келечекте ушул жаштарыбыз мамлекетти колуна алат. Кайсы бир мезгил келет, көркөм адабиятсыз адам жашай албай калат. Себеби байлык, бийлик тажатат. Менмин деп өнүгүп келе жаткан батыш руханий кризиске батып калды. Алар материалдык жактан эпсиз бай, бирок көкүрөгү жарды. А биз келечеги алдыда, алга карай бара жаткан элбиз. Биздин руханий байлыгыбыз бар. Муну мактануу менен айтыш керек.

БҮГҮН ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕКМИН?

– Учурда бир ыр китеп жазып жатам. Ал кышка даяр болуп калат. Ушул мен бийликте турган маалдагы бийликтин философиясын, анатомиясын, ичиндеги илдетин, иригин, сыйкырын, сырын ачып берейин деген ойдомун. Анткени кармап көрдүм, басып көрдүм, шадыраңдап байлардын тойлоруна барып көрдүм.

Акындык өнөр деген өзү кызык нерсе. Поэзия деген ушундай экен, айрым акындар он том жазса, кээ бир акындын бир куплет ыры ошол он томдук чыгарманы ичине сыйдырат. Ошон үчүн менин бул чыгармам мынча жыл жашайт деп айта албайсыӊ. Ал ошол окуган окурманга байлык. Ал ошону канчалык сезимталдык менен туюп, сезе алат? Акын ар бир жазган ырында кандайдыр бир туюк сырларды ичине катып коюшу керек. Мен мындай деп айтайын, адам парашют менен асмандан секирип жатса, ошол илмекти ачып жиберсе, ал тирүү калат. Эгер ача албаса, ал адам да, сенин ырың да өлөт. Эгерде окурман да сен каткан ырдын түйүнүн ачып алса, анда ошол ырыӊ жашайт. Эмне үчүн Пушкиндин ырлары 200 жыл болсо дагы кечээ жазылгандай туюлат, эмне себептен Омор Хайямдын ырлары 900 жыл болсо дагы бүгүн жазылгандай ичине туюмду камтып турат? Поэзия ушунусу менен керемет да.

ШАКИРТТЕРИМ

– Шакирттерим бар. Мен бир кезде “Тулпар” деген журналда башкы редактор болуп турганда азыркы адабиятка көптөгөн салымын кошуп келе жаткан балдар унивеситетти жаӊыдан бүтүп, менин журналыма келип ырларын сунуштап, ырларын журналга басканбыз. Ошондо адабий ийрим уюштуруп, ошол балдарды окутканмын. Алардын атын айтсам, Жыпара Арыкова деген кызыбыз бар, Марат Токоев, Атахан Кожогулов деген жигиттер. Алар кыргыз элине таанылган адамдар болушту. Мына ошолорду менин шакирттерим деп ойлойм. Шакирттер устаттарын айтып жүрүшү керек. Менин устатым, айталы, дүйнөлүк адабияттан Низами Гянжеви болуп калды. Кыргыз адабиятынан Жолон Мамытов менен Сооронбай Жусуев. Москвадагы окуу жайдан окуп калышыма бирден-бир себепкер Жолон Мамытов болду. Кыргыз адабиятында устаттык менен шакирттик темасы ачылбаган бойдон турган несе. Себеби кыргыз адабиятында акын-жазуучулар өздөрүнүн устаттарын устатым деп айтып жүрбөйт. Устаттары шаркирттерин айтпайт. Бул ааламга жок жерден жаралып калгандай элестетишет. Бул, менин оюмча, текебердик. Кимден кандай сабак алганыӊды билишиң керек. Балким, бир сөз айтуу менен устат болуп калышы ыктымал. А балким, 10 жыл ээрчитип жүрсө да устат болбой калышы ыктымал. Бул өтө эле сырдуу, сыйкырдуу нерсе.

УУЛ-КЫЗДАРЫМ

– Бул өнөрдү аркалаган балдарым жок. Кызым ыр жазчу эле, турмушка чыгып кетип, ошол бойдон жазбай калды. Ырлары республикалык гезиттерге чыгып жүрдү. Бирок поэзияны абдан сүйгөн күйөрман бойдон калды. Балдарым ыр жазбаганы менен, дүйнөлүк чыгармалар топтолгон китепканамдагы китептердин баарын окуп чыгышкан. Мен балдарым менен сыймыктанам. Анткени алар менен кадимкидей дүйнөлүк адабият боюнча талашып-тартышып сүйлөшөм.

МАХАБАТ ТЕМАСЫ

– Менин бир китебим “Махабат” деп аталат. Бул тема мен үчүн өтө ыйык тема. Бүгүн деле ошол ырларымды кээде сагынып окуйм. Кээде таң калам, кантип жаздым экен ушул ырларымды деп. Ушул китебим жарыкка чыкканда Рыспай Абдыкадыров окуп алып абдан сыймыктанып, “мен ушул ырларыңды окуп алып сүйүү менен жашап жатам, окуп алып ыйлайм, анан мен ушул ырыңа обон жаздым” деген. “Махабат балладасы” деп менин ырыма 20 мүнөттүк обон жараткан. Азыр айрымдары айтып калат, “Рыспайдын чыгармачылыгында ушул ыр өзгөчө обон болду” деп. Рыспай акени тамашаладым, “сиз өмүр бою махабат ырын ырдап жүрүп махабаттын профессору болуп калдыңыз” деп. Ал “туура, мен махабаттын профессорумун, сенин ырларыңды окуп көрсөм, сен махабаттын академиги болуп алыпсың” деп тамашага салган. Азыр мен кээде тамашалап айтып калам, “Рыспай аке мага махабат ырларынын академиги деп наам берип койгон” деп.

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШИМЕ ӨЖӨРЛҮГҮМ ТҮРТКҮ БОЛДУ

 – Бул ийгиликке жетишиме, албетте, Жараткан тарабынан берилген өжөрлүгүм түрткү болду. Өжөр болбосом, мүмкүн, М.Горький атындагы институтту да аяктамак эмесмин, мүмкүн, ыр да жаза алмак эмесмин. Бала чактан тартып өтө эмгекчил болууга умтулдум, алдыга койгон максатымды ишке ашыруу үчүн бардык күчүмдү жумшадым. Эч кимден эч кандай жардам сурабай туруп өз күчүм менен ушул деңгээлге жеттим да айтуудан алысмын. Себиби жакын туугандарым, санаалаштарым да тим отурбай колдорунан келген жакшы тилектерин билдирип, мага дем-күч берип колдоп турушту.

Жамалидин Парманкулов, “Супер-инфо”, 26-05-2014-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Эгемберди Эрматов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: “Бир мезгил келет, адам көркөм адабиятсыз жашай албай калат. Себеби байлык менен бийлик тажатат”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.