Кусейин Эсенкожоев

1920-жылы 20-майда Ичке-Булуң айылында (азыркы Жети-Өгүз району) туулган. Молдо баласы. Эрте жашынан жетим калып, байкесинин колунда өскөн.

Орто мектепти 17 жашында бүтүрүп, ошол эле жылы күзүндө Кыргызстан Мамлекеттик педагогикалык институтка келип кирет. Кусейин Эсенкожоев институттун акыркы курсунда окуп жатканда Алма-Ата дагы офицерлерди даярдоочу согуш мектебине жиберилип мектепти кыска мөөнөттө бүтүрүп чыгып, офицердик наам менен фронтко аттанып, Москва алдындагы катуу салгылашта жыйырмадан жаңы ашкан кезинде курман болот.

К.Эсенкожоев өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө «Саякатчы бала», «Үчүнчү шар», «Родинанын уулу» ж.б. балдарга арналган илимий-фантастикалык кызыктуу чыгармаларды жазган.

Ал көп ырларды, поэмаларды, очерктерди, фельетондорду жазган, көбү бүтпөй калган. К.Эсенкожоевдин котормосу менен Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин бир нече ырлары кыргыз тилинде чыккан.

Кыргыз адабиятынын тарыхында К.Эсенкожоев кыргыз балдар адабиятынын негиз салуучуларынын бири.

Кусейин Эсенкожоев — балдарга арналган бир катар фантастикалык чыгармалардын жана котормолордун автору.

Эң биринчи аңгемелерин Казанда жарыялаган. 1937-жылы өзүнүн чыгармаларында, шар формасындагы аппарата адам менен ит космоско учкандыгы жөнүндө айтылат.

Уикипедиядан алынды

 

Кусейин Эсенкожов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Ачылбай калган каттар, жазылбай калган саптар. Кусейин Эсенкожоев тууралуу кызыктуу алты факты

 

Чыгармалары

“Саякатчы бала” (аңгеме) – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 24 б.

“Үчүнчү шар” (аңгеме) – Ф.: – Казань, Кыргызмамбас, 1958. – 30 б.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.