Садык Алахан: АДАБИЯТЧЫЛАРДЫН АГАЙЫ

* * *

asanalievkenewbekӨткөн кылымдын 50-60-жылдары төл адабиятыбыздын бардык жанрлары үчүн таланттуу, мээнеткеч жаш таланттар менен толукталуунун мезгили болгондугу бүгүн атпай журт мойнуна алчу айныксыз факт болуп калды. Көптөгөн жанрлардын катарында адабий көркөм сын да жаңы күчтөр, жаңы таланттар менен толукталып жатты. Улуттук адабий көркөм сындын пайдубалын түптөшкөн Токчоро Жолдошев менен Тазабек Саманчинден башка 20-30-40-жылдары сын макала жазгандардын дээрлик баарысы акын, жазуучулардын өздөрү болушуптур. Арийне, Жараткан жар болгон талант-дараметин проза же поэзия менен байланыштырган ал калемгерлердин сын макалаларга жасаган мамилелери Ч. Айтматовдун “Жамийласындагы” Садыктын “Амандык каттарындагы” “Жана да аялым Жамийла аман-эсен турабы?” – деген айтылуу саламындагыдай эле мамиле болору түшүнүктүү эмеспи. Дал ошол 50-жылдары адабий көркөм сынга Кеңешбек Асаналиев баш болгон Шаршенбек Үмөталиев, Мухтар Борбугулов, Камбаралы Бобулов, Качкынбай Артыкбаев, Салижан Жигитовдордун келиши менен адабий сынды тагдырым деп эсептеген жаш таланттарга ээ болду улуттук “кыймылдагы эстетика”. Мындай болгон соң анан, албетте, кыргыз адабий көркөм сыны өнүгүүнүн жаңы тилкесине түшүп, натыйжада, жаңы бийиктиктерди багындыра баштады. Бул бир. Экинчиден, дал ушул муундун өкүлдөрүнүн адабий сын багытындагы эмгектери ал учурдагы Союздук басма сөз деп аталган Москва, Ленинграддан чыкчу гезит, журналдарга жарыялана баштап, натыйжада, кыргыз адабий көркөм сыны “элеттик”, “провинциалдык” деген жарлыктан кутулуунун жолуна түштү. Билгенге бул оңой жетишкендик эмес эле. Улуттук адабий көркөм сындын мына ушул жетишкендиктеринин эң алдында, туу башында, албетте, Кеңешбек Асаналиев турду.

Биз, адабий көркөм сынга кийин-кийин келген муундун өкүлдөрү, улуу агаларыбыздын көркөм чыгарманын нукура реалисттик мүнөзүн, бийик эстетикалык кунарын, андай чыгарманы жараткан талант улуттук кенч, улуттук байлык болорун, ошондуктан мындай таланттарга этият, аздек мамиле жасоонун зарылдыгын баштарын сая коргошуп, адабий чыгарманы талдоодо саясий токмокту көтөрө чуркоого, алысты көрө албаган тар түшүнүктүн чен-өлчөмүнөн туруп баалоого, кендирди кескен эмпиризмге, ой жүгүртүүдөгү шаблондуулукка каршы кылчайнашкан кармаштарын – айталы, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын көркөм тили демиш болуп улуу калемгердин жалпы чыгармаларына жасалган чабуулда, У.Абдукаимовдун “Майдан” романы боюнча эки күнгө созулган талкууда же болбосо Т.Касымбековдун “Сынган кылычынын” тегерегиндеги талкууларда кылчайнашкан кармаштарын – көрбөй калдык. Албетте, мындай тагдыр чечер кармаштарда жогоруда аттары аталган улуу муундагы агаларыбыз өздөрү баррикаданын эки жагында болуп калган учурлары да аз болбоптур. Бул эми башка маселе. Башка учурда айтылчу кеп… Бирок алардын аксакал куракка келип, турмуштук тажрыйбалары артып, ушундан улам ар нерсеге мурдагыдан да олуттуу мамиле жасап калган даанышман курактарына ортоктош болуу ырыскысын буйруптур бизге. Ушунусуна каниет.

* * *

Кеңешбек Асаналиев деген залкар талант менен алгачкы жолугушуум гезит бетинде болду. Сексенинчи жылдардын так ортосунда ошол учурдагы эң абройлуу да , нускасы жагынан да эң көп санда чыгуучу – жүз миңден ашуун нуска менен чыгууну төрт миң, жети миң менен чыгып жаткан азыркы гезиттер элестете да алышпайт – чыныгы элдик басылма болгон “Кыргызстан маданияты” жумалыгы “Азыркы кыргыз романдары: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр” деген аталышта талкуу баштады. Бир жагынан романтикалуу, бир жагынан табышмактуу сезилген “Үмүт кандай акталды?” деген аталыштагы макалабыз менен биз да аталган талкууга катышканбыз. Көп өтпөй эле Кеңешбек агай да “Көркөмдүктүн реалдуулугу жана иллюзиясы” деген макалалар түрмөгү – үч макаладан турган эмгеги (ооба, эмгеги) – менен катышты. Алардын экинчисинде Кеңешбек агай биздин макалабыздагы алгылыктуу жактарды баса белгилөө менен бирге стиль жөнүндөгү оюбуз менен полемикага чыккан. (К.Асаналиев Көркөмдүктүн реалдуулугу жана иллюзиясы. Экинчи макала. // Кыргызстан маданияты, 1985, 4-апрель; Дагы: К.Асаналиев. Көркөм нарк – Ф.: Адабият, 1988, 105 – 109-беттер.) Арадан отуз жылга жакын убакыт өткөн бүгүнкү күндө кээде олтуруп таң калам. Адабий сынга жаңыдан кадам койгон мен ким элем да, улуттук адабий көркөм сынды сапаттык жаңы баскычка көтөргөн Кеңешбек Асаналиев ким эле?! Көрсө, бул полемика адабият теориясы менен адабияттаанууга байланыштуу кандай гана ой пикир болбосун эч качан көз жаздымда калтырбаган Кеңешбек агайдын нукура профессионал адабиятчы экендигинен кабар берчү көрүнүш болсо, экинчиден, жаш муундарды, артта келе жаткан шакирт адабиятчыларды тарбиялоонун “асаналиевдик ыкмасынын” бир кыры экен. Мен муну азыр ушундай түшүнүп, ушундай кабыл алам… Ал эми бул түрмөктүн үчүнчү макаласы – Шүкүрбек Бейшеналиевдин “Болот калем” деп аталган романын талдоого алган макаласы – жыл аяктап, декабрга барып, араң-араң жарык көрүүсү адабий чөйрөдө аброю өзгөчө жогору экендигине карабастан Кеңешбек агай ар кандай тоскоолдуктарга ар качан тушугуп келгендигинин дагы бир фактысы болуп эсептелет. Дегеле сынчылык тагдырдын бир өзгөчөлүгү ушунда тура. Муну да биз кийин-кийин түшүндүк… Агайдын көзү өткөн соң, басылып чыккан – айтымга караганда өтө аз санда чыгып, эч кимге деле жетпей калган – “Адабий айкаш” аттуу эскерүү китебиндеги “Шүкүрбек жана мен” деген бапты окуганыбыздан кийин Асаналиев-Бейшеналиев маселеси баарыбызга түшүнүктүү болду. (К.Асаналиев. Адабий айкаш. Эскерме баян.-Б.: К.Карасаев атындагы БГУнун басмаканасы, 2008. – 56 – 63-беттер.)

* * *

Ал эми агай менен бетме-бет олтуруп баарлашуубуз, адабияттын ар кайсы проблемалары тууралуу устат- шакирт катары узак-узак аңгеме-дүкөн куруучу учурларыбыз 90-жылдардын орто ченинен башталды. Дал ушул жылдары америкалык финансист-филантроп Жорж Сорос мурдагы СССРдин курамындагы көптөгөн республикаларда атайын долбоор менен ишин баштап, бул өлкөлөрдөгү гуманитардык илимдерди идеологиянын темир чынжырынан бошотуу мүдөөсүн көздөй, авторлордун эмгек акысына эч ким өкүнбөй турган калем акы коюп, жаңы типтеги китептерге конкурс жарыялады. Бул конкурста жалган атак-даңк, кулактан сүйрөгөн тааныш-билиштик эмес Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу колжазмалардын гана, эмгектердин өздөрүнүн гана чыныгы күрөшү болду… 1995-жылдын 12 – 14- июль күндөрү “Сорос-Кыргызстан” Фонду 3-турга өткөн эмгектердин авторлору үчүн “Ысык-Көл” мейманканасынын чоң жана кичи жыйындар залдарында атайын семинарларды уюштурду. Бул семинарларга чет элдик жана өзүбүздүн көрүнүктүү илимпоздорубуз жетекчилик кылышты. (Кийин байкап-баксак алардын баары жюринин мүчөлөрү болгон окумуштуулар экен.) Чакыруу кагазында белгиленген күнү эрте менен “Ысык-Көл” мейманканасына кирип эле короонун тээ ичкери жагында жалгыз ары-бери басып турган Кеңешбек агайды көргөнүм күнү бүгүнкүдөй эсимде. Жакындап калган мени көрө салып эле утурлай басты да, биринчи эле айткан сөзү бул болду: “Унутулган адабият” сеники беле? Бардык колжазмалардын авторлорун боолголоп билдим эле, бирок сени тапкан жок элем.” Унчукпай жылмая кол алышып, агайдын ал-ахвалын сурадым. Үч күндүк семинар-кеңешмеде агай биздин топко жетекчилик кылды. Ушундан кийин Кеңешбек агай экөөбүз устат-шакирт катары ээрчише басып жүрдүк. Кийин “Унутулган адабият” деп аталган бул эмгегибиз жарык көрөрдө агай атайы пикир жазган эле.

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун бул конкурсун биз эмне үчүн эскерип жатабыз? Башкы себеби, Кеңешбек агай кыргыз адабиятчыларынын ичинде теориялык билими өтө терең, эл аралык деңгээлде аброю бар, анан да – эң башкысы – илимдин тазалыгын, илимдин бийик сапатын баарынан жогору койгон дили таза, көкүрөгү тунук илимпоз катары коомчулукта кеңири белгилүү окумуштуу болгондугун дагы бир ирет баса белгилөө болду.

* * *

Кеңешбек агай өтө кадырлап сыйлаган кыргыз калемгерлеринин бири жалгыз чыгармасы менен улуттук адабиятыбыздын төрүнөн орун алган улуу жазуучу Узакбай Абдукаимов эле. Бул калемгердин өмүрү, чыгармачылыгын изилдеп үйрөнүү менин да адабиятчылык өмүрүмдөгү жакшы иштердин бирине айланып бара жаткан болчу. Дегенибиз, 1989 – 1990-жылдары Илимдер академиясынын колжазмалар фондунда олтуруп, Кыргызстан жазуучулар Союзунун башкармасынын презиудумунун кеңири жыйынындагы “Майдан” талкуусунун материалдарын көчүрүп чыгып, иреттеп, баш сөз жазып, комментарийлер менен жабдып “Ала-Тоо” журналынын үч санына жарыялаган элек. Кийин 2000-жылы журналга чыккан талкуунун ошол материалдарын, талкуунун уюштурулушуна жана өтүшүнө себепкер болгон А.Токомбаевдин “Майдан” романы жөнүндө учкай сөз” деген чуулгандуу макаласын жана өзүбүздүн “Убакыттан озгон парасат” деген изилдөөбүздү бириктирип, бир китеп кылып жарыкка чыгардык. Китепке жазган баш сөздө Кеңешбек агайдын “Майдан” романы жөнүндөгү ошол талкууга байланыштуу маегинен шилтеме келтирип жатып: “…улуттук адабий көркөм сыныбыздын тирүү классиги (мен бул сөздү айтуудан эч бир тартынбайм да тайманбайм) Кеңешбек Асаналиев…” – деп жаздым. (С. Алахан. Узакбай Абдукаимов жана “Майдан” талкуусу. – Б.: 2000, 6 – 7-беттер.) Бул 2000-жыл эле. Айрымдар: “Классик болуш үчүн классикага тете сыны керек” – деп чоёңдошту. “Андай сынды көрө билиш керек”, — деп мен да көгөрөм… Айтмакчы, агайдын көзү өткөн соң басылып чыккан, жогоруда сөзгө тартылып өткөн, “Адабий айкаш” деген эскерүү китебинин Узакбай Абдукаимовго арналган бөлүмүнүн 1-параграфы “Тагдырга кездешүү” деп аталат. (К.Асаналиев. Адабий айкаш. Эскерме баян. – Б.: 2008, К.Карасаев атындагы БГУнун басмаканасы, 64 – 98-беттер.)

* * *

Мен кайрадан Улуттук университетке барган соң агай экөөбүз андан бетер жакын боло баштадык. Кээде жумуштан соң чогуу басып калабыз. Көбүнчө адабият жөнүндө сөз кылганыбыз менен кээде турмуштун оорчулугу, элдин кыйналып жаткандыгы тууралуу кеп салабыз. “Ушу да революция болмок беле, — деди бир ирет агай өкүнүү менен 24-марттагы төңкөрүштү эске алып. – Революция делип аталыш үчүн коомдук түзүлүш өзгөрүш керек го. А бизде баары эле баягыдай. Бийликтегилер гана башка адамдар. Бул деген дворцовый переворот да.” Ошентип, көп нерселер жөнүндө сүйлөшөбүз.

Жаңы 2007-жыл жакындап келе жатты. Бир күнү жумушка келсем агайдын кафедрасынан телефон чалышып, издеп жатышкандыгын айтты лаборант кызыбыз. Бардым. Агай ордунда экен. “Кыздарыбыз Сени жаңы жылды биздин кафедра менен чогуу тозсун деп жатышат”, — деди агай бир аз тамашага чалып. Бул агайдын өзүнүн ниети, өзүнүн чечими экендигин түшүндүм. Ошентип, жаңы жылды чогуу тостук, жакшы-жакшы тилектерди, ширин-ширин каалоолорду айтыштык. Ырдадык, бийледик дегендей. Бул сүрөт андагы жаңы жылдык салтанатыбыздан бир элес болуп калды. Ошол 2007-жылды тосуу агайдын өмүрүндөгү акыркы жаңы жылдык үлпөтү болуп калат деп анда эч кимибиздин оюбузга да келген эмес эле го. Кээде олтуруп ойлоп кетем: жаңы жылды чогуу тосуу жөнүндөгү чечимди агай эмне деген ойлордон, кандай сезимдерден улам кабыл алды экен? Мындай чечимге келерде кандай ойлор көөдөнүн бийлеп, кандай сезимдер көкүрөгүн ээледи экен? Атаганат!

* * *

Кеңешбек агай жөнүндөгү бул чакан баянымды бүтүп жатып залкар устат менен акыркы коштошуум жөнүндө эскербей коё албасымды сезип турам. Бул өзүнчө бир жүрөк-жүлүндү куйкалаган окуя го! Агайдын капилет кайтыш болгонун угаарыбыз менен баарыбыз 7-кичирайондогу үйүн көздөй жөнөгөнбүз. Чилде чыгып, күн жылымык тартып баратканы менен февралдын муздак шамалдуу суугу дене бойду ичиркентет. Күндүзү келип-кеткен эл көп болгону менен февралдын кыска күнүндө эрте түшчү кечтен уламбы караңгы кирери менен эл аягы суюла баштады. Кечки тогуздарда Эже (К.Асаналиевдин байбичеси, белгилүү окумуштуу Раиса Заитовна Кыдырбаева – ред.) менен Аселди (К.Асаналиевдин кызы – ред.) үйгө киргизишти. Айылдагы туугандардан келише элек болгондуктан – алар эртеси келишип, агайдын сөөгүн айылга алып кетип, туулган жерине коёбуз дешкенин өз кулагым менен угуп, өзүм күбө болдум – Улуттук университеттин кыргыз филологиясы факультетинин жаш окутуучулары Улан Турдалиев менен Жыргалбек Мамытовду (сары чийкил дагы бир жигит бар эле аты-жөнү эсимде жок) жаныма алып, боз үйдө калдым. Калыбек Байжигитов (Акем) да түнкү он бирлерде телефону шыңгырады эле зарыл иштери чыкканын, таң атпай келип каларын айтып үйүнө кетти. Үч бала менен боз үйдүн эр капталында жаткан агайдын табытынын башында олтурдум. Он экилерде (түнкү) тамакка чакырышты эле балдардын бирөөнү калтырып, шам-шум эткен соң кайра боз үйгө келип олтурдук. Түнкү экилерде “зың” этип бир ой келди. Чочуп кеттим. Бирок, ичимден бул келген ойду туура деп таптым. Агайдын суук (муздак) жүзү менен болсо да коштошуу тууралуу ой эле бул. Жаш балдар чочуп калбасын деп аларды “сыртка чыгып тамеки чегип келгиле” деп чыгарып жибердим да, боз үйдө агай экөөбүз эле калдык. Мына кыргыз адабиятынын соңку алтымыш жылдык басып өткөн жолуна, анын ийгиликтери менен кенемтелерине күбө болгон, улуттук адабий көркөм сын менен адабияттаануу илимин түптөгөн жана жаңы бийиктикке көтөргөн, эми минтип бул турмуштун түйшүгү түмөн мүшкүлүнөн улам бир аз эс алгысы келип, бетин жаап алып жаткансыган залкар талант, орошон устат жана асыл аалымдын кара кылды как жарган калыстыгына, нукура илимпоздук насилине башын ийе таазим эткен шакирти эч ким жок боз үйдө ээн-эркин отургансыдык. Агай азыр акырын жамбаштай чыканагына жөлөнө өйдө болуп, олтура тургансып сезилди. Ушуну күткөнсүп мен да бир азга дымып олтуруп калдым. Анан барып өзүмө келдим. Улам келме келтирип, олтуруп, агайдын жүзүн жаап турган матанын четин акырын кайрып ачтым. Дем албаганы эле болбосо агай тек гана уктап жаткансыйт. Суйдаң тарткан чачы маңдайына жайылып калыптыр. Акырын сыйпап-сыйпап капталына кайрып койдум. Манжаларым мупмуздак чекесинен сылап жаткандай болду. Кайрадан келме келтире баштадым. Ушул учурда негедир устат-шакирт эмес ата-бала сыяктуу бир сезим көөдөндү булк эткизип алды. Көздөрүмдөн жашым куюлуп кетти. Үн-сөзсүз ыйлап олтурдум. Анан барып акырын жүзүн жаптым, эсил кайран алп аалымдын… Таң атып, эл көбөё баштаганда, Эже менен Асел, мен тааныбаган аялдар кайрадан боз үйгө келишкенде, өсүп кеткен сакал, мурутумду алып келүү үчүн үйгө кайттым.

Мына бүгүн-эртең залкар илимпоздун 85 жылдык маарекеси белгиленгени жатат. Агайдын кайтыш болгонуна 6 жыл 3 айдын жүзү болот. Биз К.Асаналиев деген опол тоодой окумуштуунун арбагынын астында “мобуну аткардык” деп айтарлык иш жасай алдыкпы? Жок. Агайдын соңку жылдары жарык көргөн эң сонун макалаларын гезит бетинен чогултуп, өзүнчө жыйнак кылып чыгарып койдукпу? Албетте, жок. К.Асаналиевдин чыгармачылыгына багышталган, бейнесин ачып берүүгө арналган эмгектерди топтоштуруп, китеп кылып окурмандарга тартуулай алдыкпы? Дагы да жок. Кыргыз адабиятчыларынын башын бириктирип турчу, илимге, адабиятка келип жаткан жаштардын тушоосу кесилчү “Асаналиевдик окууларды” өткөрө алдыкпы? Жок, жок, жок. Ырасында булар анча деле күчтүү, анча деле убакытты талап кылуучу жумуштар эмес эле го. Анан эмнеге?..

«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.