Кыргыздын жээни – скрипач Даниэл

15 жаштагы Даниэл Лозакович скрипкада ойногон өзгөчө өнөрү менен дүйнөгө таанылган жаш талант. Даниэлдин апасы Алена Лозакович Бишкекте туулуп-өскөн.

Москвадагы Петр Чайковский атындагы концерттик залда дирижер Валерий Гергиев жана Мариинск театрынын симфониялык оркестринин коштоосу менен чыккан жаш скрипач Даниэл Лозаковичтин концертин угууга келген эл жык-жыйма.

15 жаштагы Даниэл Лозакович Москвадагы классикалык музыка сүйүүчүлөрдүн назарына эбак эле илинген. Даниэл 2011-жылы “Щелкунчик” жаш музыканттар сынагында биринчи орунду алгандан кийин орус коомчулугу анын таланты менен жакшы тааныш.

Ал өткөн жумада эле Уфада өткөн скрипачтардын эл аралык сынагында жеңишке жетип, 19-кылымда жасалган Жузеппе Карло Оддоне аттуу италиялык устаттын 100 миң долларга бааланган скрипкасына ээ болгон.

Оркестрдин ичинде Даниэлдин скрипкасы өзгөчө үн менен жаңырып турганда Даниэлдин апасы, кыргыз кызы Алена айым менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Алена 1992-жылы Швецияга окууга барып, алыскы өлкөдө Беларустан келген жигит менен кол кармашкан. Учурда жолдошу экөө бир кыз, эки уулдун ата-энеси. Даниэл кыргыз, татар, украин, беларус, еврей элдеринин каны аралашкан үй-бүлөдө туулган.

Балдарынын билим жана тарбия алуусуна өзгөчө көңүл бурган Алена Лозакович айым алгач уулун дүйнөгө таанымал теннисчи болушун кыялданган экен:

Ар бир бала таланттуу. Ата-эне баланын бир нерсеге кызыгуусун, шыгын эрте байкап, туура жолго багытташы керек. Менин балдарым эч качан кароосуз калбайт. Алар мектептен келгенден кийин бош, телевизор көрүп же интернетте отурганын көрүүгө болбойт. Швецияда балдарды аябай эркелетип, өз алдынча коюшат. Бизде Кыргызстанда болсо ата-энелер балдарды мектеп тарбиялашы керек дегендей мамиле кылышат. Мен балдарымды кичинесинен эле спортко кызыктырып, мектептен тышкары кошумча музыкалык билим берүүгө аракет кылам. Башында Даниэл тенниске аябай кызыкчу. Мен кыялымда уулум Марат Сафинге окшош белгилүү теннисчи болсо деп кыялданчумун. Даниэлдин жашы жетиге толгондо атайын бир мектепке тапшыралы деп барсак, музыкалык аспапта ойноону талап кылышат экен. Анан эле Даниэл скрипканы тандап, “апа мен теннисчи эмес, скрипач болом” деди. Ошентип, уулум өз жолун өзү тандады.

Ошентип музыка чөйрөсүнө келген Даниэл бир жыл өтпөй Швецияда скрипачтардын сынагында финалга чыккан. Эки жылдан кийин Москвада белгилүү дирижёр Владимир Спиваков уюштурган “Москва досторун тосот” фестивалында “Москва виртуоздору” оркестри менен ойногон. Учурда АКШ жана Европа өлкөлөрүндө өткөрүлгөн Вербье, Экс-ан-Прованс сыяктуу эл аралык музыкалык сынактардын катышуучусу.

Алена айым Даниэл скрипкадан тышкары шахмат, футбол, тенниске кызыгарын, англис, швед, немис жана орус тилинде эркин сүйлөрүн сыймыктана айтып отурду.

Даниэл күнүнө эки-үч сааттан скрипкада ойноп машыгат. Жылына чет өлкөлөрдө өткөн чоң эл аралык сынактарга катышабыз. Эки жакка көп чыккандыктан, мектептеги окуусу үзгүлтүккө учурабасын деп мугалимдерди жалдап, үйдөн сабак окуйбуз. Мындай катаал режимге карабай Даниэл өтө чыдамкай, алдыга умтулуусу күчтүү. Скрипкада ойногондо баарын унутуп, өзүнчө рахат алат. Миңдеген киши отурган залда элдин сүрүнөн апкаарыбайт. Башында баламдын чоң залдарда ойногонун көрүп, өзүм толкунданып, жашып кетчүмүн. Азыр болсо канатыма калкалап, ашыкча тоскоолдуктардан коргоп турам.

Даниэлдин музыка дүйнөсүндөгү устаттары – атактуу венгер музыканты Эдуард Вульфсон жана немис скрипачы Иосиф Рисин.

Жаш талант келерки жылы дүйнөлүк мыкты музыканттардын кыялы – Нью-Йорктогу Карнеги Холл залында жеке концерт берүүгө камылга көрүүдө.

Төмөнкү видеодо Даниэл Лозакович Москвада дирижер Владимир Спиваков жана “Москва виртуоздору” оркестри менен В.А.Моцарттын концертин скрипкада ойноодо.

Лазат Такырбашова, “Азаттык”, 19.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.