“Чокморовго окшоштугум – чоң сыймык”

Биздин бүгүнкү коногобуз таланттуу актёр жигит Кымбатбек Алимжан уулу болду. “Үркүн” тасмасында башкы каармандын ролун аткарган каарманыбызды көпчүлүк улуу актёр Сүймөнкүл Чокморовго окшоштурушат

Бактылуу үй-бүлөнүн баласымын

Алай районунун Гүлчө айылынын кулуну болом. Орто мектепти айылымдан аяктадым. Бишкек шаарына келип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырдым. 4 жылдан бери Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенем. Бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарындабыз десем жаңылышпайм. Сегиз бир туугандын бешинчисимин. Ата-энем, туугандарым айылда. Өзүм чоң ата-энемдин колунда чоңойгон баламын.

 

Ата-энем артист болуума каршы болгон

Окуучу кезимде эле ар кандай конкурстарга катышып, ийгилик жаратып жүрчүмүн. 11-классты бүтүп жатып, “Кечир” деген тасма тартканбыз. Ошондон кийин искусствого кызыга баштадым. Алгач, ата-энемдин искусство чөйрөсү тууралуу толук маалыматтары жок болуп, артист дегенди башкача кабыл алышчу. “Артист болуп эмне кыласың, биздин тукумдан артист чыккан эмес” деп башында караманча эле каршы болушту. Менин жети аталарым баатырлар болуп, каныбызда артист деген болгон эмес экен. Окууну бүтүп, театрга киргенден кийин “Балам, убагында бизди уккан жоксуң. Өз кесибиңди өзүң тандап кеттиң, эми жакса иштей бер” дешти. Азыр видео роликтерге, клип жана кинолорго тартыламбы, ата-энем кубанып, колдоп турушат.

 

Бир ролго байланып калбоо керек

Университетке тапшыргандан кийинки эң чоң ролум Людмила Разумовскаянын “Домой” деген чыгармасындагы терс каарман болду. Режиссёрдун көз карашы ар кандай болот. Ошол себептүү ал берген образды мыкты деңгээлде аткарганга аракет кылам. Театрдан ар кандай адамдарды аткарам. Актёр болгондон кийин өзүңө чек койбош керек. Менин жүзүм терс каарманга туура келет деп бир эле ролду аткара берсең, эл бир көрөт, эки көрөт, анан тажай баштайт.

 

Багым бар экен “Үркүнгө” тартылып калдым

Былтыр ушул убактарда “ “Үркүнгө” кастинг болуп жатыптыр, барбайсыңарбы” деп айтып калышты. Негизи, биз театрда эртеден-кечке чейин болобуз. Ошол себептүү көп жаңылыктардан артта калып калабыз. Барсак, кастинг бүтөйүн деп калыптыр. Багым бар экен башкы ролго мени тандашты. Киного өткөндөн кийин, тасма тарткан топ жана андагы чоң актёрлер менен иштөө мен үчүн абдан жагымдуу болду. Тасманы жаратуу учурунда суук болуп, кыйынчылыктар менен коштолду. Бирок менден улуу актёр байке-эжелер иштеп жүрүштү. Ошондуктан мага кыйын болду деп айтуу намысыма тийип кетет. Себеби менен жашмын, күч-кубатка толгон кезим, даттангым келбейт. Азыр кинону көрүп алып, бул жерин жакшы аткарсам болмок экен деп каталарымды байкап калам. Бирок бул деген камера болгондуктан ошол бойдон сакталып калат. Эгер театр болсо бир күнү болбосо, экинчи күнү оңдоп кетмекмин.

 

“Үркүн” тасмасына эмнеге каршы болуп жаткандарына түшүнө албайм

“Үркүн” тасмасы кыйынчылык менен тартылгандан кийин коом тарабынан жакшы кабыл алынат болуш керек деп ойлодум. Үркүндүн жүз жылдыгы болуп жаткандыктан башкача элестеткем. Бирок тасма чыгып-чыкпай жатып бут тосууларга дуушар болду. Эмнеге каршы болуп жатышканын түшүнө албайм. Ар бир адам өз элинин тарыхын билүүсү керек. Эгер көрүүчүлөр бул тасманы көрүшсө, ата-бабаларыбыз ушунча кыйынчылыктан өткөндөн кийин биз жарык жашоодо жашап жатабыз деп патриоттук сезими ойгонот беле дейм.

Сүймөнкул Чокморовго окшоштурушат

Үркүнгө тартылганга чейин өзүмдү Сүймөнкул Чокморовго окшоштурган эмесмин. Эми эл окшоштуруп жаткандан кийин, балким, окшоштурмун. Чындыгында, бул мен үчүн сыймык. Кээде ушул улуу адам менен теңеп жатышса, ошого татыктуу болууга аракет жасай баштайт экенсиң. Алсак, көчөдө да өзүмдү туура алып жүрө баштадым.

 

Актёрдун сөзсүз билими болуш керек

Актёр болуу үчүн сөзсүз билим алуу керек деп айтат элем. Азыр баары эле актёр болуп тасмаларга тартылып жатышат. Балким аларга жана билими бар актёрлорго сахнадан роль берип көрсөң, айырмачылык ошондо байкалмактыр. Азыр заман талабына ылайык кимде акча болсо, ошолор кино тартат. Бирок ар бир адам өзүнүн кесиби менен болсо жакшы. Бардык жакта тааныштык чоң роль ойнойт. Бирөө режиссёр болуп калса, ал жакка өзүнүн таанышын алып келет. Эгер ошол тасмалардагы ролдорду чыныгы актёрлор аткарса, искусство тармагыбыз өсөт эле деп ойлойм.

 

3Д, 5Д тасмалары театрга тең келе албайт

Шаардагы досторумдун бири дагы театрда болгон эмес эле. Мен искусство тармагында болуп калып, аларды бүгүн ушул күнү театр болот, мен аткарам келип кеткиле деп чакырдым. Алар келип көргөндөн кийин таң калып, мурун эмнеге чакырган жоксуң дешти. Азыр мага өздөрү чалып качан спектакль болот деп сурап калышат. 3 Д, 5 Д дегендерге караганда театрда баары жандуу. Ар бир адамдын жүрөгүнөн чыккан сөздөрдү, чыныгы көз жаштарды көрөсүң. Мунун баары көрүүчүгө өзгөчө сезимдерди берет.

 

Лондондун көрүүчүлөрү интеллигент экен

Жакында Лондондо театрлардын фестивалы болуп, Султан Раевдин “Суфлёр” деген спектаклин коюп келдик. Гран прини уттук. Көптөгөн кызыктарды, айырмачылыктарды көрдүк. Алсак, Уильям Шекспирдин 400-500 жыл болгон театрлары бар экен. Азыркыга чейин кооз бойдон сакталып туруптур. Көрүүчүлөр аябай интеллигент адамдар. Алар театрды бийик тутуп сыймыктанып, сүйүп жашашат экен. Алган гонарарлары өздөрүнө толугу менен жетет. Бир гана актёрлук чеберчилик менен алектенишет. Бизде болсо актёр театрда иштейт, кечинде барып тамада болот, айтор, ар кай жакка чачырайт. Бизде шарттын баары бар, бирок дагы да болсо театр, искусство тармагына жакшы көңүл бөлүнсө, бат өнүгөт элек.

“Саресеп”, 19.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.