Кыргызгидромет: мамтилдин бүгүнү жана эртеңи

Биздин мекемеде иштеп жаткандардын көпчүлүгү расмий тилде сүйлөгөндөр (Кыргызгидрометте жалпысынан эмгектенген 584 кызматкердин 66 пайызы орус тилдүүлөр болуп эсептелет) болгондугуна карабастан, мурда бул багытта бир аз иштер жүргүзүлүп келсе да, мамлекеттик тил боюнча кабыл алынган мыйзамды жетекчиликке алуу менен 2011-жылдын май-июль айларынан баштап Кыргызгидрометте ички иш кагаздарды, буйруктарды, токтомдорду жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде даярдоону камсыз кылууга багытталган мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө иш чаралар иштелип чыгып, алар бардык башкармалыктарга, өз алдынча бөлүмдөргө, станцияларга, пункттарга, түзүмдүк бөлүмдөргө жеткирилген.

Аба ырайы жөнүндө билдирүүлөр, табигый кырсыктардын пайда болуу коркунучу жөнүндө шашылыш билдирүүлөр жана башка иш кагаздарынын мамлекеттик жана расмий тилдерде берилиши колго алынган. Кыргызгидрометтин расмий сайтын эки тилде-кыргыз жана орус тилдеринде чыгаруу башталган.

Мамлекеттик сынактан жана аттестациялоодон өткөрүү үчүн адистештирилген адистиктер боюнча ар бири 100 суроодон турган 11 сынактык тапшырмалар мамлекеттик тилде иштелип чыккан.

Ар бир станция жана бөлүм мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн керектүү болгон иш кагаздар менен камсыздандырылган. Сырткы көрнөк-жарнактар, иш бөлмөлөрүнүн аталыштары, токтомдор, буйруктар, кулактандыруулар мамлекеттик тилге которулган. Агенттикте ички иш кагаздар, кызматтык каттар, жыйындардын протоколдору,токтомдор, буйруктар жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору мамлекеттик тилде жүргүзүлө баштаган.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 33-беренесинин талаптарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик тилди өз деңгээлинде билбеген кызматкерлерге шарттар түзүлүп, окутуу зарылчылыктары келип чыккан кызматкерлер башталгыч жана улантуучу тайпаларга бөлүнүп, кыргыз тили сабагы окутулган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 370-v токтомун аткаруу максатында Кыргызгидрометтин кадрдык иштер жана иш кагаздары башкармалыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана которуу сектору түзүлүп, аталган сектордо сектор башчынын жана башкы адис – котормочунун кызмат оруну ачылып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Бюджеттик тартыштыкка ылайык, кийинки мезгилде бул сектор жоюлуп калды, бирок, мамлекеттик тил боюнча башкы адистин кызматы документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн курамына киргизилүү менен мамлекеттик тил боюнча иштерди алып баруу милдети ушул бөлүмгө тапшырылган.

Агенттикте директордун 2013-жылдын 14-мартындагы № 27 буйругу менен бекитилген 10 кызматкерден турган мамлекеттик тил комиссиясы мамлекеттик тилдин багытында бир кыйла аракеттенүү менен иш алып барган. Ушул жылдан баштап ар жыл сайын аталган мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир жылдык аткарыла турган иш чаралардын программасы иштелип чыгып аткарууга алынып келе жатат.

Агенттиктин кызматкерлерине мамлекеттик тил боюнча үзгүлтүксүз усулдук кеңештер берилип, Кыргызгидрометте иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча семинар өткөрүлүп, жүздөгөн иш кагаздар мамлекеттик тилге которулган жана тармактык станцияларга расмий иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги үлгүлөрү жөнөтүлгөн. Агенттиктен чыгуучу документтер, буйруктар, кеңешмелердин, отурумдардын протоколдору жана башка түрдүү кызматтык каттар мамлекеттик тилде гана жүргүзүлө баштаган жана агенттиктин, башкармалыктардын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн жоболору мамлекеттик тилге которулган. Мындан сырткары, Кыргызгидрометтин расмий интернет жана маалымат баракчалары (айлык, кварталдык, он күндүк, беш күндүк жана жылдык гидрометеорологиялык бюллетендер) мамлекеттик тилге которулуп, алардын сапаттуу жазылышы туруктуу көзөмөлгө алынган. Кыргызгидрометтин кесиптик терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү иштелип чыгып, колдонууга берилген.

Ар жуманын үчүнчү (шаршемби) күнү – Мамлекеттик тил күнү деп жарыяланып, бул күнү мамлекеттик тил жөнүндө маанилүү документтер,кыргыз тарыхынын урунттуу учурлары, көрүнүктүү адамдары тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берилип келе жатат.

“Кыргызгидрометте мамлекеттик тилдин алган орду жана аны өнүктүрүү” деген темада методикалык-практикалык багыттагы “тегерек үстөл” өткөрүлүп, “Кыргызтест” түзүмүнүн баалоо тартибине ылайык агенттикте иштеген кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин компьютер аркылуу аныктоо жүргүзүлүп, 51 кызматкер тил үйрөнүүнүн С1 деңгээлинде, 18 кызматкер В2 деңгээлинде, 5 кызматкер В1 деңгээлинде, 8 кызматкер А2 деңгээлинде, 33 кызматкер А1 деңгээлинде экендиктери аныкталган.

Быйылкыжылы кызматкерлерди мамлекеттик тилге окутууга айрыкча көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалымат борбору тарабынан каралган каражаттардын эсебинен орус тилдүү 12 кызматкерди тил үйрөнүүнүн А1 жана А2 деңгээлинде окутуу жүргүзүлдү. Бул окутуулар мурдагыларга караганда бир кыйла сапаттуу болгондугун белгилеп кетишибиз керек. Мындан тышкары, бул жылы Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан уюштурулган окуу курстарынан 3 кызматкер билим алып келди. Мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча окуу курстарынан өтүшкөн М.В.Сорокина, Е.В.Александровская, Ю.В.Алькина, В.А.Бондарева сыяктуу кызматкерлердин мамлекеттик тилди үйрөнүүгө, сүйлөөгө болгон далалаттарын жагымдуу көрүнүш катары белгилеп кетүүгө болот.

Гидрометеорологиялык терминдердин көлөмдүү этимологиялык кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн түзүүнү быйылкы жылга максат кылган элек. Бирок, бул иш өтө көлөмдүү болгондуктан, гидрометеорология тармагында билими жок кызматкерлер тарабынан бир жылда бул сөздүктү даярдай коюу мүмкүн эместей көрүнөт. Аталган сөздүктү гидрометеорология тармагында көп жылдар бою иштеген, тажрыйбалуу, кесипкөй адамдар түзсө туура болчудай. Ушундай себептерден бул сөздүктү түзүү узагыраак убакытты камтыйт го деп жатабыз. Ал эми айрым иш кагаздарынын үлгүлөрү Кыргызгидрометтин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен даярдалып бүттү, жакынкы күндөрдө кызматкерлердин пайдалануусуна берилет.

Кыргызгидрометтин расмий сайтында мамлекеттик тил боюнча блог ачылып, анда мекеменин жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча тил комиссиясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында жүргүзүп жаткан иштерин жайгаштырып туруу колго алынууда. Агенттиктеги мамлекеттик тил боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер мындан ары ушул блогго жайгаштырылып турмакчы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук Программасында” 1-баскычта (2014-2016-жылдар) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди В1 же В2 деңгээлдеринде билүүгө жетишүү керектиги, ошондой эле “2018-жылга карата мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери, кыргыз тили эне тили болуп эсептелген жарандар кыргыз тилин С1 деңгээлинде жана орус тилин В2 деңгээлинде; кыргыз тили эне тили болбогон Кыргызстан жарандары кыргыз тилин В1 жана орус тилин В2 деңгээлинде өздөштүрүүгө тийиш… 2020-жылга карата… техникалык кызматчылардан мамлекеттик тилди А2 деңгээлинде билүү талап кылынат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин көпчүлүгү кесиптик чөйрөдө мамлекеттик тилди кеминде В1 же В2 деңгээлинде, башкаруучулук звенону түзгөн мамлекеттик кызматкерлер С1 деңгээлинде билүүгө тийиш” экендиги белгиленген. Биз бардыгыбыз мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча ушул көрсөткүчтөргө жетүүнүн үстүнөн иштешибиз керек.

Кызматкерлердин тил билүү деңгээлин аныкташууда
Кызматкерлердин тил билүү деңгээлин аныкташууда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик тилдеги терминдерди тактоо жана бирдейлештирүү боюнча жумушчу топтун кеңешмесинин чечими менен көптөгөн терминдер которулуп бизге жиберилип, биздин мамлекеттик тилде иш кагаздарыбыздын жүргүзүлүшүнө жакшы жардамдар болууда. Ошондой болсо да, жумуш учурунда кээ бир терминдер сүйлөмдөгү турган ордундагы маанисин бербей, которулган терминдер, сөздүктөр да жардам бере албай калган учурларда тиешелүү тармактардагы көп жылдык тажрыйбалары бар кызматкерлердин пикирлерин эске алып, маанилештирип которуп жазган учурлар да болот.

Гидрометеорологиялык терминдерди мамлекеттик тилге которууга бир кыйла жакшы далалаттар жасалганы менен бул багыттагы иштер ойдогудай жүрүп жатат деген ойдон алыспыз. Мисалы, “наводнение”, “паводок”, “половодье” деген сөздөр кыргызча “суу ташкыны”, “ташкын”, “кирген суу” деген эле маанини билдирип келет. А чынында жогоруда аталган үч сөз бири-биринен бир аз айырмаланып, ар бири башкачараак маани берүү менен которулушу керек. Котормо маселесине келгенде гидрометеорологиялык терминдерди сүйлөм тизмегине ылайык келтире албай кыйналып калган учурлар көп кездешет. Ошондуктан, гидрометеорология жаатында терминдерди туура которуу жана туура пайдалануу иштери учурдагы маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет.

Макалабыздын баш жагында белгиленип кеткендей, Кыргызгидрометте жалпысынан 584 кызматкер иштесе, анын ичинен 66 пайызы, же болбосо, Кыргызгидрометтин борбордук аппаратында 113 кызматкер иштесе, анын 69 пайызы орус тилдүү кызматкерлер болуп эсептелет. Буга өздөрү кыргыз улутунда болуп туруп, кыргызча сүйлөй да, жаза да албай орус тилдүүгө айланган кызматкерлерибизди да кошуп койсок, саны дагы бир аз көбөйө түшөт. Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү бизде бир канча кыйынчылыкты туудурганы менен Конституциянын жана мыйзамдардын талаптарын аткарышыбыз керек болгондуктан, бул багытта бир аз да болсо тажрыйба жыйнап калдык десек болот. Бизде мамлекеттик тилде иш кагаздары күн сайын үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, кызматкерлерден иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып келүү талап кылынат. Ката кеткен жерлери оңдолуп, тиешелүү кеңештер адистер тарабынан кызматкерлерге убагында берилип турат. Бирок, бул багытта аткарчу иштерибиз али алдыда.

Биздин мекемеде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө, айрыкча ар кандай жыйындарды алып барууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонууну жана пайдаланууну жөнгө салууда Кыргызгидрометтин директору З.С.Итибаев баш болгон жетекчилеринин салымы зор болуп жаткандыгын белгилеп кетмекчимин.

К.Абдыразаков,
Кыргызгидрометтин мамлекеттиктил боюнча башкы адиси,
“Кыргыз тили”, 16.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.