Чолпонбек Базарбаев кыргыз балетинин кайталангыс чебери эле

Ушул жылдын 2-сентябрында атактуу балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин автокырсыктан көз жумганына 15 жыл болот. Эмгекчил, өжөр, максаттарды бийик коюп, күнү-түнү сүйүктүү иши менен алектенген Чолпонбек Базарбаевди дагы бир жолу окурмандардын эсине түшүрүү үчүн эң кичүү иниси Жумабек Базарбаевди кепке тарттык.

– Алгач Чолпонбек Базарбаев балет исскуствосуна кантип келип калганын эске салып өтсөңүз…

– Чолпонбек байкем Кочкор районунун Чолпон айылында жарыкка келген. Экинчи класста окуп жүргөндө Фрунзедеги хореографиялык окуу жайдан коммисия келет. Алар жыл сайын бийге шыктуу балдарга сынак жарыялап, аймактарды кыдырышчу экен. Байкемдин шыгын байкашып, хореоргафиялык окуу жайдын интернатында билим алууга чакырышат. Атам каршы болбойт, бирок апам алыска жиберүүдөн коркот. Орус тилин жакшы билбейт деп да кыжаалат болот. Фрунзеге кеткенге убакыт келгенде атам өзү жеткирип, балет эмне экенин көрүп келет. Ошентип Чолпонбек байкем экинчи классынан баштап балет өнөрүн үйрөнө баштайт. Мыкты билим алып, ийгиликтин туу чокусуна жетип, СССРдин эл артисти наамына татыйт.

– Агайдын балдры учурда эмне менен алектенишет?

– Надежда жеңе экөө эки балалуу болот. 1970-жылы Нурлан, 1977-жылы Таалай жарыкка келет. Тилекке каршы, атасын жоготкондон эки жыл өткөндөн кийин Нурлан көз жумат. Нурлан шахмат ойногонду жактырчу. Акылдуу, көрөгөч, тамашакөй жигит болуп чоңойду. Чолпонбек байкем шахматтар боюнча туугандардын арасында мелдеш уюштуруп турчу. Жеңип чыккандарга белектерди берчү. Нурлан күчтүү оюнчу эле. Дайыма финалга чыкчу. Кудайберген байкебиз да жакшы ойночу. Таалай болсо эрке бала болуп өстү. Балдарды дайыма театрга, спектаклге алып барышчу. Нурлан атасынын ар бир кыймылын билчү. Таалай англис тилдүү багыттагы мектепти аяктады. Андан кийин жогорку билим алды. Андан кийин Нурлан менен Таалай Америкага кетишти. Таалай АКШда билим алып, кийин Кыргызстанга келип, ТИМде иштеди. Тажрыйба топтоп Индияга консулдукка которулду. Ал жакта 7-8 жыл иштеди. Андан кийин Англияга кетти. Эки-үч жылдан соң Кыргызстанга келип үйлөндү. Учурда балдары чоңоюп, бактылуу жашап атат. Баса, Нурландын артынан бир кызы калды. Аты Асел, Чолпонбек чоң атасынын жолун жолдоп хореографияда билим алып жатат. Жакында эле Опера жана Балет театрында “Щелкунчикти” бийлегенине күбө болдум. Менин уулум да балет бийчиси. Ал Владивостокто Маринский театрында иштейт.

Борбор Азиядагы балет өнөрүндөгү жигиттер арасынан жалгыз СССРдин эл артисти наамын алган атактуу бийчи кандай мүнөзү менен бул ийгиликке жетти?

– Ал максаттарды абдан бийик койчу. Ага жетиш үчүн бардык күчүн жумшачу. Талыкпаган эмгекчил, өжөр адам эле. Көздөгөнүнө жетиш үчүн күнү-түнү иштечү. Көптөрү азыркыга чейин таң калып айтып келишет, ал сабактан кийин дайыма калып, өз алдынча бийлеп машыкчу экен. Бир нерсе окшошпой жатса, кайра-кайра кайталап жасагандан чарчаган эмес. Бул албетте, биринчи кезекте өзүнүн эмгеги. Бирок Надежда жеңебиздин салымын да айтып кетпесек болбойт. Байкем эрте үйлөнгөн. Ал он сегиз жашка чыкканда атабыз каза болгон. Бир туугандарына кам көрүп, баарын окутуп жогорку билимге ээ кылган. Эрки күчтүү болчу. Алсыз адамдарды жактырчу эмес. Китептерди көп окучу. Сабаттуу, дүйнө таанымы кенен, эске тутуму мыкты эле. Тарыхты сүйүп окучу. Бизди да тарыхты, кыргыз тилин билишиңер керек деп дайыма китеп окууга чакырчу.

Балет артисти Чолпонбек Базарбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?

– Биринчи кезекте “Чолпонбек Базарбаев” атындагы коомдук фонд ачууну максат кылып, он жыл мурун ишке ашырдык. Бул фонддун негизинде Чолпонбек байкеме эстелик тургуздук. Биздин жердештерибиз, туугандарыбыздын колдоосу менен акча чогулду, мэриянын жардамы менен жер бөлүндү. Ошентип айкел орнотулду. Биздин балдар мурдагы балет генийлеринин аткаруусун көрүп шыктанып, өздөрүнө кандайдыр бир тажрыйба алып жатышат деп айта алам. Биз балетке арналган көптөгөн фестивалдарды, маданий иш-чараларды өткөрүп турабыз. Эки жыл мурун жакшы сыйлыктарды тапшырдык. Эл аралык фетиваль уюштуруп, ага Россиядан, Америкадан, Алматыдан балет бийчилери келишкен. Алардын балетке кошкон салымы үчүн скульптураларды жасатып, белекке бердик. Балет -бул эл аралык мектеп, биринчи кезекте маданияттын исскуствосу. Кээде балетти таптакыр жаап салыш керек деген жетекчилер да чыгып калат. Албетте, мындай пикирди искусствону түшүнбөгөн адам гана айтат.

Балдарын балет бийине берүүнү каалаган ата-энелер алардын бул өнөргө болгон шыгын кантип билишсе болот?

– Балетке кызыккан жаштар үчүн жай мезгилинде кастингдер өтүп турат. Биринчи кезекте баланын кадамы кең, басыгы жеңил болушу керек. Андан кийин ийилчээк жана ийкемдүү болушу шарт. Азыр мугалимдер бойго дагы карашат. Анткени сахнада бийчи тыкан, чымыр көрүнүшү маанилүү. Балерина да арык, бою узун болгону жакшы. Экинчи-үчүнчү класстагы окуучуларды көргөндө эле, адистер бул баладан балет бийчиси чыгабы же жокпу, аныктап коюшат. Баланын мүмкүнчүлүгүн дароо көрө билишет. Ошондой эле балет өнөрүн аркалагандар музыканы угуп, ритмди түшүнө билиши керек. Атайын фортепиано, фонодо ойношот. Музыкасыз балетти элестетүү мүмкүн эмес. Президенттин жарлыгы менен жаңырган жыл адеп, ыйман жана маданият жылы болуп жарыяланды. Маданият дегенди бул жерде түз мааниде эмес, адамдын жүрүм-турумун оңдоо, пикир алышууну, мамиле курууну үйрөнүү максатында түшүнүү зарыл. Балдарды театрга барууга үндөө керек. Мурдагыдай окуучуларга талондорду берсек. Мейли, келип бекер көрүп кетишсин. Театрдын өзүнүн атмосферасы болот. Мында балдар сүйлөө маданиятын үйрөнүшөт. Балдардын начар чөйрөгө кошулуп кетпеши үчүн алардын убакытын пайдалуу жумшоого салымыбызды кошолу. Жаштар көргөзмөлөргө барышсын.

Коомчулукта балет жигиттер үчүн эмес деген пикирлер да айтылып келет. Буга көз карашыңыз кандай?

– Бул ар бир адамдын ой-жүгүртүүсүнөн көз каранды. Эгерде алар балет жигит үчүн эмес деп эсептешсе, демек алар искусствону түшүнүшпөйт. Дүйнөнүн мыкты балетмейстерлерин алсак, мисалы, Николай Цискаридзени, алардын аткаруусун көргөндө эркекке тиешелүү бардык сапаттарга, кыймыл-аракеттерге, мүнөзгө күбө болосуң. Ал жакта көрүүчүнү эч алдай албайсың. Бетме-бет тиктешип аткарасың. Искусствону эркек жана аялга бөлүп кароо мүмкүн эмес. Ал андан көз каранды болбойт. Эркектерсиз сахнаны элестетүү кыйын. Ар бир бийчинин өзүнүн стили болот. Аны көрүүчү өзү баалап алат. Ар бир адамдын өзгөчөлүгү, уникалдуулугу өнөрүнөн байкалат.

 

Жубайы Надежда жеңенин эскерүүсүнөн:

— Чолпон өтө жөнөкөй, кичи пейил, боорукер адам эле. Бий окуу жайында окуп жүргөндө эле мүнөзү ошондой болчу. Кийин СССРдин эл артисти болуп, атагы чыкканда деле жөнөкөй мүнөзүнөн жанган жок. Маданият министри болуп турганда мен министрмин деп бой көтөрбөдү. Бир калыпта жүрчү. Ушундай жакшы сапаттары бар эле. Эч качан өзгөрчү эмес. Элдин баарына тең карачу. Бирөөнүн көңүлүн оорутпаганга аракет кылчу. Үй-бүлөдө деле ушундай болчу. Балдарына, бир тууган инилерине абдан карамдуу эле. Атасынын ордуна атадай мамиле кылды.

 

Иниси Кудайберген Базарбаевдин эскерүүсүнөн:

— Биздин атабыз эрте каза болуп калды. Баарыбыз жаш калдык. Анан кийин атабыздын милдетин Чолпонбек агам өз мойнуна алып, баарыбызга билим берип, тарбиялады. Ал туугандарга дагы абдан жакын, кайрымдуу эле. Союз кезинде чоң-чоң батирлер жок болчу. Чолпонбек байкемдин дагы кичинекей чакан батири бар эле. Ошол жерге таяке-жээн, бөлө дегендей, жакын туугандар болуп 16-17 адам жашачубуз. Ошондон уламбы, айтор азыркыга чейин ал туугандар абдан ынтымактуубуз. Катташып турабыз.

 

СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаеванын эскерүүсүнөн:

— Чолпонбек менен кармашкан колубуз чыгармачылык жана турмуштук жолубузда бир болду. Чындыгында эле сахнада мен ага алаканымды сунуп, анын алаканы колума тийгенде ортодогу энергия экөөбүздүн жүрөгүбүзгө орноп, ошол касиетти көрөрмандарга тартуулачубуз. Мен анын сахнадагы өнөктөшү эле эмес, үй-бүлөлүк досу катары дагы жашоодо бири-бирибизге жөлөк элек. Чолпонбек өтө эмгекчил болчу. Бий дегенде жанын дагы аячу эмес. Ал репетиция кылганда алка-шалка тер кетип, Ballon, Ballote, Entrechat деген кыймылдарды тынбай кайталап, оор партияларды аткарганга жетишкен. Анын артисттиги дагы күчтүү эле. Ар бир образдын кулк-мүнөзүн укмуштуудай чебер аткаруучу.

Элвира Акимова, «Де-факто», 14.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.