Мелис Айдаркулов, «Капиталист Садырбаев»

Азыр кыргыздын кырааны маркум Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгы белгиленип жатат. Ошондуктан ал киши жөнүндө эсте калган окуяларды досторума айтып берейин деп чечтим.

Түркиядан кайтып келгенден бир ай өттүбү-өтпөдүбү, Докем “ЭркинТоодогу” кабинетиме карп-курп кирип келип:

– Эй дос, мен кара тулпарлуу болдум!..- деди.

– Болсун, Доке!.. Тулпарыңыз ак жолтой болсун, кудай өзүңүзгө ден соолук, узун өмүр берсин…

– Сыртта турат, жүр, көрбөйсүңбү!..- деп Докем мени күтпөй эле сыртка жөнөдү.

Артынан чыксам, Докем акыркы маркадагы капкара “Волганын” жанында туруптур. Дагы бир жолу куттук айтып, Докем экөөбүз кучакташтык, анын оозмо-ооз өбүшмөй адаты бар эле, өбүштүк. Анан Докем машинасына олтуруп, жаш балача рулду ары-бери буруп:

– Кандай экен, кара кишинин кара “Волга” айдап баратканы?..- деп калды.

Мен Докеме тийишким келип:

– Жакшы эле… Бирок бир аз башкачараак болуп атат мага…- дедим.

– Эмнеси башкача болуп атат, сөздү баштагандан кийин ар жагын да айт, жубарымбек!..- деп Докемдин чыдамы кете баштады.

– Баары жакшы эле. Бирок сиз мен билген, эл билген Дооронбек Садырбаев эмес, башка болуп калат экенсиз…

– Ким болуп калат экем?.. Айтпайсыӊбы, маалкатпай…

– Капиталист Садырбаев болуп калат экенсиз…

Кудай бетин салбасын, Докем түнөрдү да калды!.. Мен анын абалын көрүп, чындап чоочудум:

– Доке… Доке, мен тамаша кылып атам… Кечирип коюңуз?..

Докем рулда олтурган бойдон бурк этти:

– Жок, сен туура айтасың… Мен кеттим… жакшы тур, – деди да, машинасын от алдырып, жүрүп кетти.

Же атайын дайындап ала чыккан көрүндүгүмдү бере албай, же Докемдин шаштысын кетиргидей эмне айтканымды түшүнбөй мен калдым…

Андан көп өтпөй Жогорку Кеңешке шайлоолор башталып калды. Докем да ага катышууну чечкен экен, ошол маселе боюнча сүйлөшкөнү келдим деп, редакцияга кирип калды. Сөз бүткөн соң Докемди узатып сыртка чыкканда Докем ГАЗ-21 маркасындагы эски көгүш “Волгага” олтуруп жатканын көрүп, бырс күлүп жибердим. Аны байкап калган Докем мага сөөмөйүн кезеп, каткырган бойдон жөнөй берди…

Мелис Айдаркулов, “ПолитКлиника”, 04.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.