Талант Шабиев: “Ач көздүктүн кесепети”

(жомок)

Бир заманда нечен кылымдар бою дүйнө жүзүнүн төрттөн бир бөлүгүн былк эттирбей кармап турган Улуу Кыргыз каганаты өзүнүн чыкчу туу чокусуна чыккан соң, Манас ата жана анын урпактары “кыргызды тукум курут кылабыз, жерине ээлик, элин кул кылабыз” деп тиш кайрап келген жүнгарларды, калмактарды кыргыздын жытын эмес, атын укканда калтырак баскыдай кылып, жүрөктөрүнүн үшүн алып коюшкан экен. Ал эми жумшак мүнөз кыргызым алардын көзү өткөн соң, баягы эле көнгөн адат боюнча бейкапар өмүр сүрүп келе беришкен экен. Бирок алар жашаган заман “бөрү” заман, алсыздарды алдуулар басып турган заман болгондуктан кыргыз эли көпкө бейкуттукта жашай алышкан жок. “Соодагер баркы менен бөз өтөт, ата баркы менен кыз өтөт” деген макал кыргызда бекеринен айтылбаса керек, ошого карабай арадан бир нечелеген жылдар өтөн соң, баягылар баш көтөрө башташкан экен.

Ошондо байкуш сан кыргыз туш тарапка чачырап, биринин сөзүн бири укпай, атак даңк, байлык талашып, анысы аз келгенсип бир уруу, бир урууга кас болуп, алдуулар алсыздарга, байлар кедейлерге үстөмдүк кыла баштаган заман келген экен кыргыз башына. Эл башчылары элди чогултуп, ынтымакка келтирүүнүн ордуна, бири-бири менен тең тайлашып, байлыктарына манчыркап, көздөрүн май басып, чабалыраак элди чаап алып, жылкысын жылкыдай, үйүн үйдөй талап тоноп калган экен байкуш кыргызым.

Заманына жараша казаны демекчи, бир ордолуу кыргыз элинин бай дөлөтүү, акыл эстүү, калың кыргыз арасында аброю алыска кеткен Дөөлөт хан болгон экен. Ал кыйла жылдар бою элин актык, адилеттик менен башкарып, элдин алкышына ээ болуп, акыры өз доорун сүргөн соң, хандыкты жалгыз баласы Быйтыкка өткөрүп берип, өзү көп өтпөй бул дүйнө менен коштошуп кете берген экен. Быйтык, аты айтып тургандай эле бою, кичине, томолок, көздөрү ойноктогон, колдору быйтыйган, буттары кыска, тулку бою азыр эле томолонуп кетчү тоголок топтой, анан калса арамза, кытмыр, каухар, алтын, баалуу буюм-тайым дегенде эс-акылынан танган неме болуптур. Бала кезинде ал сапаты анча байкалбаганы менен атасы Дөөлөт хан бийлигин өткөрүп берээр замат, атасы жыйган байлыкка, мүлккө канааттанбай экисин төрт, төртүн сегиз кылгысы келип, элине кошумча салык салып, ал дагы аздык болгонбу, сансыз байлыкка ээ болуш үчүн андан да башка айла-амал издей баштаптыр.

Ошол маалда Быйтык хандын айылына алыстан келген соода кербени байырлап калган экен. Ал соодагерлер алтын, күмүш, зер буюмдарын, калтар терилерин, баа жеткис буюмдарын Быйтык хандын алдына жайнатканда, тегеректеп турган жоон топ элдин айтуусу боюнча, анын көздөрү ал байлыкка кызыккандыгынан чанагынан чыгып кете жаздаптыр. Көз алдында, колу кармап көргөн байлыктар анын быйтыйган манжаларына илинбестен кете турганын эстеген сайын Быйтык хан жанын койоорго жер таппай, түнү бою уктай албай, башкаларды кыртышы сүйбөй, өзүн бактысыз сезип, бат эле өңү кер-сар тартып кеткен экен.

Түндө уйкусу качып, кирпик ирмебей жатканда, кантип тез аранын ичинде толгон токой байлыкты мыкчып калыштын амалдарын ойлоп жатты. Бир маалда анын оюна, бир нерсе кылт этти. Ошол замат, ал өзүнө өзү ыраазы боло: “Бул дүйнөдө мендей акылдуу, мендей көрөгөч адам аз болсо керек”, — деп өзүнө өзү ыраазы боло, көшүлүп уктап кетти. Уйкунун кызыгына батканда, ал түш көрдү. Түшүндө Быйтык хан кең талаада кетип баратып ыпыр-сыпыр, таштанды толгон дөбөгө кездешет экен. “Бул дөбөнүн үстүндө эмне бар экен?” деп дөбөгө эч жийиркенбестен үстүнө чыгып барат. Ошол замат, бут алдында жаткан ыпыр-сыпыр, сыйкыр тийген сыяктуу, тез эле көз жоосун алган кымбат баалуу алтын буюмдарга айлана калыптыр. Быйтык хан сүйүнгөнүнөн дакылдап соккон жүрөгү төшүнөн чыгып кетчүдөй болуп, бут алдында жаткан байлыкка мас боло, алтындарды алгач ирет койнуна, чөнтөктөрүнө батышынча тыгып, андан соң алтынга чөмүлө оонап жатып калган экен.

Ошентип ыракатка батып жатып, канча убакыт өткөнүн баамдабай калган имиш. Бир маалда эле, бет алдында бир кичине чычкан пайда боло калат да алтындарды четинен кемирип, ар тарапка сүйрөй баштайт. Чычканга жини келген Быйтык хан анын аркасынан кубалай баштайт, бирок тиги чычкан такыр карматпай ханды тегеренип чуркай берет экен. Акыры хан чарчаганынан улам башы айланып, буттары чалышып, додо алтындын үстүнөн тоңкочук атып кулап түшөт. Кулап түшкөн жери ошол замат сазга айланып, Быйтык ханды соруп баштайт. Дал ошол маалда Быйтык хан түшүнөн чочуп ойгонсо, кара терге чөмүлүп, кыйналып, жамынып жаткан жууркандын четин тытмалап жатыптыр.

Эртеси таң ата, оозуна саар албай туруп, олуя карыны хан ордого алдыртат да, ага көргөн түшүн төкпөй чачпай айтып берет. Олуя ата хандын түшүн угуп бүткөн соң, бир саамга ойлоно түшкөн экен. Ошондо Быйтык хан:

— Жорусаң түшүмдү жорубайсыңбы, жорубасаң өз ишиңди кылбайсыңбы — деп абышканы жекирип ийген экен. Ошондо олуя ата:

— Ханым, түштүн мойну кылдай ичке дейт, кай тарапка жорусаң, ошол тарапка оойт экен. Сиздин түшүңүз – жөнөкөй түш эмес, керемет түш. Дөң үстүнө чыкканыңыз – бийликтин туу чокусуна чыкканыңыз, ал эми ыпыр-сыпыр алтынга айланганы соодаңыздын, ишиңиздин ар дайым оңунан чыкканы, а бирок… — деп келе жатканда Быйтык хан:

— Болду, жетишет! Мага андан аркысы кызыктуу эмес! Керек болсо, мен өзүм эле чечмелеп алам! А сага болсо, мэ! Муну алып ыраазы бол! — деп, атасынан калган эски күмүш саптуу камчыны олуянын алдына, итке сөөк ыргыткансып таштай берди.

— Каап! Балам, мындай ишке барбасаң болот эле, атанын мурасын, калтырган аманатын, ар тарапка чачкан болбойт, — деп кейиген экен Олуя ата, анда:

— Менде мындан жакшы, сабы нак алтындан капталган камчылар турганда, бул эски камчыны эмне кылмак элем, — дептир хан.

— Ээ балам, бул камчы илгери Дөөлөт хандын тактысынын жогору жагында илинип турчу, четтен келген конокторго сес берип турчу, ашыкча кеп айтам дегендер камчыга көз кырын салаар замат тилин тишине тиштеп, унчукпай калчу экен. Бул жөнөкөй камчы эмес, бул дөөлөттүн, байлыктын, бийликтин камчысы, кыргызда эч качан камчысын көрүнгөнгө берчү эмес, көрүнгөн жерге таштачу эмес, — деп кейип-кепчип ордодон чыккан экен. Ошондо кереге сыртында кулак төшөп турган, Быйтык хандын сыртынан бир караганда акыл-эстүү көрүнгөн желдети олуя атага мындай деп кайрылган экен:

— Атаке, жоруңуз хандын түшүн аягына чейин, уга турган кулак бар!

— Аа балам! Кеч болуп калды, кыл моюн туруштук бере албады, иш солуна ооп калды! Быйтык хан байлыктын артынан бөк түшүп калды, бир балээге кабылбаса эле болду.

— Олуя ата, мүмкүн мен ага жардам бере алаттырмын? – деп жигит чын дилинен ханына жан тартты. Ошондо карыя:

-Ээ балам! Бул алтын деген неменин эчен деген жакшы касиеттери бар. Жакшыга алтын жарашат, башына бак-дөөлөт конот, ден соолугу оңолот, зоболосу көтөрүлөт, берешендиги артып, бей-бечараларга, элине пайдасы тийет. Ошол эле алтын жаманды сараңга айлантат, ичин тарытат, ач көздүктүн ченине жеткенде мыкчып жаткан байлыгын жада калса өз көлөкөсүнөн да кызганып калат. Өңү кер сар тартат, уйкусу качат, эс-дартын акча, байлык, алтын ээлеп алат, акыры ажыдаар сымал аны өзүнө оп тартып алат.

Эгерде сен алтындын арбаганына туруштук бере алсаң, байлыктын көз байлоосунан чыга алсаң – анда сенин жардамың ханга тийиши мүмкүн. А эгер сен Быйтык ханга окшоп байлыкка багынып берсең, анда эле иштин бүткөнү, — деди олуя ата. Жигит олуянын сөзүнө аябай таң калды, бирок жүрөгүндө бек сактап алды. Эс-учун жыйгыча эле, Быйтык хандын чакырыгын кулагы чалды.

— Ханым, кулак сизде, — деп хан ордого кирип барды. Төрдө жамбаштап жатып алып, майпаңдап тамак жеп жаткан Быйтык хан жигитин “тиги жерге олтур” дегендей босого тарапка ишаарат кылды, бирок кайра ойлоно калып “бери кел” деп жанына чакырып алды. Жигит жанына келгенде ага шыбырай мындай деди:

— Биздин зынданда азыр кимдер олтурат?

— Баягы Сологой уурудан башка эч ким жок, ханым, — деди жигит.

— Анда бүгүн түнү, аны эч кимге билгизбестен мага алып келесиң — деп буйрук берет хан. Жигит эч нерсе түшүнбөйт, бирок хандын сөзүн эки кылабы? “Куп болот, ханым!” деп жооп берди. Хан эч нерсе түшүнбөй турган жигитине өзүнүн сырын ачууну туура көрөт да, төмөнкүлөрдү айтып берет:

— Мына бүгүн биздин айылда соода кербени байырлап турганына бир жуманын жүзү болот. Алардын алтындарынын арасынан мага бир кереметүү, каухар ташы бар шакек жакты, бирок соодагерлер аябай кымбат бааны айтып жатышат. Эгер биз аны сатып ала албасак, аны кытып алабыз, — дейт хан быйтыйган манжаларын кыбырата. Аны угуп турган жигит таң кала:

— Ханым, уурулук жаман нерсе го? Эзелтеден кыргыз элине келген соодагерлер буюм-тайымдарына кам санабай, чыпчыргасын коротпой, бир тыйынын жоготпой кетчү эле да? – дейт.

— Жап оозунду, сен мага акыл үйрөткүң барбы? — деп өкүм кыйкырды Быйтык хан. Бирок кайра ойлоно калып, чөнтөгүнөн бир нече алтын теңгени жигитке сунду. Жигит алтынды көрөөр замат жибип кетти, анткени соодагерлер алып келген буюмдардын арасында ата-энесине ылайыктуу кымкап чепкендер бар эле. Ошол буюмдарды канткенде ата-энесине тартуу кылаарын ойлонуп жүргөн убагы эле. Хандын колунан алчусун алып:

— Куп болот, ханым! – деп колун төшүнө ала ордо боз үйдөн чыгып кетти. Асманга жылдыз жайнап, түн жарымы болгондо жигит баягы Сологой уурунун башына кап кийгизип алып, хандын алдына алып келди. Хан ага соодагерлерден көргөн буюмун сүрөттөп айтып берди. Ошентип көп убакыт өтпөй, Сологой ууру хандын жүрөгүн бүтүндөй ээлеп алган буюмун уурдап келип берди. Хан ага чапан тартуулап, мындан ары анын ичкен тамак-ашын дурустай турганын айтты. Аны узаткан соң, баягы жигитине бул сырды “эч бир жан билбесин” деп, дагы бир нече алтын тыйын сунду. Жигит ичинен купуңдап сүйүнүп, баягы олуя айткан сөздү дароо эле эстен чыгарды.

Эртеси эл ичи ызы-чууга толо түштү. Соодагерлер “Ханым, биз жоготтук, таап бериңиз! Болгондо да эң кымбат баалуу, каухар ташы бар шакекти уурдаттык” деп арызданып келип калышкан экен. Быйтык хан билмексенге салып, “Өзүңөр эле катып алдынар го, же болбосо жоготуп алып, бизге ак жерден жалаа жаап жатасынар, барып дагы издеп көргүлө” деп соодагерлерди айдап ийди. Бирок, алар көп өтпөй кайра келип, эгер таап бербесеңер кол жыйнап келип, элиңди кырып, жоголгон буюмдун кунун он эселеп төлөтүп алабыз -деп талабын катуу коюшту. Хандын айласы кетти, тиги буюмдун наркын төлөгүсү келбей күнү-түнү түркүн амалдарды ойлой берди. Акыры бир нерсе оюна кылт этти да, баягы жигитин чакырып алып, “эч ким укпасын” деп кулагына шыбырап буйрук берди. Арадан үчүнчү күн өткөндө баягы жигит эл алдына атасы жоодо курман болгон, энеси төрөттөн каза болгон томолок жетим баланы кармап келип, “мына бул баланын кылган иши экен” деп баягы шордуу баланы хандын алдына алып келди. Чогулган эл караманча каршы болгонуна, тиги баланын “алган эмесмин” деген сөзүнө, ыйлаган көз жашына кайыл болуп Быйтык хан баланы кун кечти кылып жиберди. Ал эми соодагерлерге эмне, аларга кулдар эч качан аздык кылбайт эмеспи, баланы алып жолун улантып кете беришти.

Ошентип арадан бир нече ай өткөн соң дагы башка соода кербени келип конду. Баягы окуя дагы кайталанды, бул жолкусу Быйтык ханга да, анын нөөкөр жигитине да оңой-олтоң эле иш болду. “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” демекчи, ал экөө оңой оокатка кынык алып алгандыктан, келген соода кербендердин бирин да калтырбай, тоной беришти. Акыры эл ичинде кунга бериле берип, жалгыз, жетим-жесирлер да калбай калды. Эл ичи күбүр-шыбыр кепке толду, ханга нааразычылык күндөн-күнгө күчөдү, бирок Быйтык хан жигити экөө тең ажыдаарга арбалгандай алтынга арбалып калышкан эле, анткени бара-бара майда буюм менен алымсынбай, уурдаган буюмдары да көбөйө баштады. Анысы аз келгенсип, баягы жигит ханга билгизбей өзүнө да уурдатып алып жүруп бир аз оокат да жыйып алып, өзүн бай сезип калды. Бирок, эл билип калбасын деп, сары санаа болуп жүрүп арыктап, өң-алаттан да кетишти. Чын-чынына келгенде, жигит маал-маалы менен баягы олуя кары менен сүйлөшкөн кеби эсине келип турду, антсе да ал өзүн жооткотуп, “эмне болмок эле, эмкиде андай ишке барбаймын” деп коюп жүрө берди. Ал жаштыгынанбы, же акылынын аздыгынанбы кантип алтынга арбалып калганын, “ач көздүк” деген сазга белчесинен батып баратканын байкабай калды.

Байлыгы күндөн-күнгө өсүп жаткан Быйтык хан эсирип, көпкөндүгүнөн жаш токол алууну көздөйт. Ал ошол замат желдетин чакырып айылда көзгө урунаар сулуу кыз барбы? — деп сурап калат. Ошол замат жигиттин оюна бир кемпир чалдын Аруужан деген жалгыз кызы түшөт. Анткени ал кыз да өзүнө жага турган, ал кана эмес бир нече жолу тийише сөз айтып да көргөн, бирок кыз анын көйрөңдүгүн көрүп жактыра бербей, макул эместигин билдирген. Намыскөй жигит ошондон бери ич күптүү болуп кала берет. Кыздан өч алгысы келип жүргөндө хандын мындай каалосу, асмандан издегени жерде табылгандай эле болбодубу. Жигит Аруужанды ханга сөз байлыгы жетишинче сүрөттөп айтып берет. Жигитти угуп олтурган хан ошол замат жанында суйкайган сулуу жаш кызды элестете жыргай кетти. Ошол замат кызга жуучу жиберди да, өзү болсо кыңылдай ырдап көңүлү көтөрүңкү боз үйдө ары-бери оонап жатты. Хан оюнда: мен биринчиден, ханмын, экинчиден, баймын, үчүнчүдөн, мен келбеттүүмүн, демек ал кыз мага токол болууга макулдугун берет, — деп ичинен кымыңдап жаткан эле. Ал кана эмес кыз менен кандай тамашага батаарын элестетип алып карсылдап күлүп калып жатты. Аны таттуу ойдон ойготкон томсоро кирип келген жуучулар болду. Алардын жүзүн көрүп эле Быйтык хан иш оңунан чыкпай калганын түшүндү. Жуучу болуп баргандарга болгон каарын төгүп, бетине чаары чыга келет. Буркан-шаркан түшүп, бул эмне деген жорук, ханга да жок деп жооп берчү беле? Бул эмне деген наадандык? — мен алардын эсебин бат эле табам деп ызырынып калат.

Күндөр өтө берди, бир күнү Быйтык хандын айылына дагы бир чоң кербен келип түштү, алардын алып келген ар кыл буюм-тайымдары мурдагыдан беш-бетер көргөн элдин көз жоосун алып жатты, хан бул сапар да, өзүнө чылк алтындан жасалган, тегереги баалуу таштар менен кооздолгон төш белгини көздөдү да, көнгөн адаты боюнча жигити аркылуу Сологой ууруга буюртма берди. Анысы айткандай эле түн ката барып, катар-катар тизилип, көз ирмебей, мышык эмес чычканды өткөрбөй турган күзөтчүлөргө шек алдырбастан баягы төш белгини уурдап келди. Адаттагыдай эле эл ичи ызы-чууга толуп калды. Кантсин байкуштар, кан соргуч хан, бул ирет дагы кимдин жалгызын колдон сууруп, өзү уурдап алган байлыкка кун төлөп, кимди сыздатат экен? — деп ичтеринен мүңкүрөп турушкан эле. Ал дагы көпкө күттүргөн жок, алаарга жетимдер калбай деле бара жатканда кек сактап жүргөн бузуку хан Аруужанжды кунга тартууга буйрук берет. Өз ичинен: эми көрүп ал, ханга баргың келбесе соодагер чалга күң болосуң, ата-энеңди, туулган жериңди көрүүгө зар болосуң, — деп кызды табалап моокуму канып жатып калат.

Айыл ичи муңга толот, элдин ичи ачышат, кызды бергиси келишпейт. Анткени кыз бою десе бою, кымча бел, денесинде эч бир кеми жок, жүзүнөн нуру төгүлгөн, согончокко тийген коюу чачы өрүлгөн сулуу болгон экен. Сулуулугун мындай кой, акыл-эси кадыресе карыя адамдардыкындай, мүнөзү токтоо, кебинин баарын орду менен сүйлөгөн, далай деген дастандарды бир укканда эле жатка айта билген, комуз чертип ырдаса ага тең келгени чанда чыккан дейт. Бул сапаттарына алымсынбагандарга анын колунан көөрү төгүлгөн уз, ал гана эмес сылык мүнөз, бирөөгө катуу айтпаган, жаман айтса какпаган кыз болуптур.

Кыз бойго жетип, эл арасында кепке алынып, күндөн-күнгө артылып келе жаткан сулуулугу көргөн көздүн жоосун ала баштагандан эле колун сурап келген, сыртынан жактырып жүргөн жигиттер көп болгон экен. Бирок ушул күнгө чейин кыз көңүлүнө толгон жигит кезиктире элегинде болсо керек. Анын себеби, эс тарта энесинен ыймандуу болууну, жакшы-жаманды айрып тааныганды, ар нерсени акылга салып калчаганды үйрөнүп алганындадыр. Ушул каргашалуу окуя болоордон жарым жыл мурун өзүнөн бир нече жаш улуу, узун бойлуу, алп денелүү, билектери карылуу, кыр мурун, күлсө көздөрүнөн нур чачыраган жигит сөз айткан эле. Бул жигиттин башкалардан айырмачылыгы – шашпай сүйлөгөнү, анын акырын чыккан коңур үнү, башка жигиттерге окшоп жаштар танбай ойногон ак чөлмөк, көз таңмай, жоолук таштамай сыяктуу оюндарга түк кошулбай, көпчүлүк учурда карыялардын сөздөрүн аяр тыңшаганында, башкалар менен сүйлөшкөндө көп угуп, аз сүйлөгөнүндө, ар бир кебинде орду менен макал-ылакаптарды, акыл кептерди кошуп сүйлөгөнүндө болгон экен. Чыныгы кыргыздын кыраан жигиттериндей эле ат үстүндө жаа тартууда, кылыч чабышууда, найза сайышууда эч бир жанды алдына чыгарбаганында болуптур. Ал кыздын дарегин алыстан угуп, турпатын көрбөй туруп жактырып, ашык болуп калыптыр. Ошондо башка жигиттерге окшоп жуучу жибербей, арага жеңелерин салбай, куш тил кат жазбай эле Аруужан кыз адатынча суу алчу кыядан жалгыз келе жатканда алдынан тосуп чыгып, колуна комузун алып, жай баракат күү чалып, мындай дептир:

Карындашым Аруужан,
Ата-энеңиз аманбы?
Ал ахыбалын сурасам
Мунун өзү жаманбы?
Көп жигиттер кол сунду
Албай такыр койдуңбу?
Сезим деген жок беле?
Жибек кызда дегеле?
Менин атым Турусбек
Айтып турам саламды
Ала Тоонун муз баскан
Чокусун мен караймын
Кыз-кыркындын мыктысы
Аруукени самаймын.
Эгер болсоң алганым
Түбөлүк теңир жалгасын,
Канаттуга кактырбайм
Тумшуктууга чокутпайм, — деп сөзүн бүтө электе, кунт коюп угуп турган Аруужан кыз бул жигиттин жөнөкөй эместигин, башка жигиттерден алда канча жогору турганын баамдап койгон экен. Сөз айтып турган жигитке даап тике карай албаса да, көз кырын салып, жигиттин баатыр сымал турпатын көрүп, минген аты жылтыр жүн, ат бастырганы өтө тың, ар-дайым көтөрүп жүрчү чокмордун боосунан калган карылуу билектериндеги изи, кой башын бир эле чапчый турган манжаларын, көкүрөгү толо шашпай дем алганын, жүзүндө билинер-билинбес тактары, жоого далай ирет чыккандыгын билгизип турганын байкай коюп, “өмүрлүк жарым кезиктиби?” деп ойлоп алып Аруужандын жүзү албырып чыкты. Аны байкап калган жигит, кызды ынгайсыз абалга калтыргысы келбей өз жолун уламакка бел байлады. Ошондо бой тартканы, бей жигит менен жалгыз калганды өөн көргөн кыз илбериңки, жигитке жүзүн бурбастан:

— Арыбаңыз баатыр, илгертеден — издеген табат, байыртадан — сураган алат. Ар нерсенин мезгили, келчүнүн кезеги бар. Алма бышып, шагы ийилет турбайбы, Турусбек аба, туура көрсөңүз ашыкпаңыз, күтө туруңуз, — дептир.

Аруужандан уккан сөздүн чоо-жайын айттырбай түшүнгөн жигит башка сөз айтпастан, жүрөгүндө жылуу сезим жараткан жанга жаккандыгын, кыздын жообунан эле баамдап, сүйүнгөндөн жүзү күлүмсүрөп, андан ары бастырып кетиптир. “Сабырдын түбү сары алтын” демекчи, арадан алты ай өтсө да, демин ичине алып, чыдамдуулук менен кыздын жообун күтүп жүргөн экен.

Ким билет? Мындай каргашалуу окуя болбогондо жигит кыздын жообун дагы канча күтөт эле? Ошондо гана кыз, карыган ата-энесине, өз башына каран түн түшкөнүн түшүндү. Түшүнгөндө эмне кылмак? Айла-амалы түгөнгөндө ыйлап-ыйлап, заматта таш-талканы чыккан тагдырына баш ийе, ый-муң аралаш карыган сасык соодагер калмакка күң болуп кетүүгө баш байлап, эли болсо келип аны менен ыйлап кайрат айтып коштошуп жатты. Ошо маалда арманы көкүрөгүнө батпай колуна комузун алып кыз минтип ырдаптыр:

Ак булутту тиреген
Ала-Тоонун койнунда,
Жадыраган жазында
Мен дүйнөгө келгемин.
Эркеси элем энемдин,
Жалгызы элем атамдын.
Арманым толуп жүрөккө
Айтпасам такыр болобу?
Арууке байкуш кетеби?
Кеткен жерге жетеби?
Арууке шордуу кетеби?
Кеткен жерден келеби?
Маңдайга жазчу жар барбы?
Андай жар чал калмакпы?
Апакай менин денеме
Кол салчу ошол акмакпы?
Бетеге кетип бел калаар,
Бектер кетип эл калаар.
Зардатып далай элиңди
Хан Быйтык элирди.
Душманы болдуң элиңдин
Жутсачы сени ажыдаар.

Аруужан кыз бул кошогун комузга салып ырдап турганда ыйлабаган, сыздабаган адам калбаптыр, бирок баягы ашык болуп жүргөн жигиттерден эч кимиси даап Аруужан сунган ак билекти алып, ак жибек боону чалып, сасыган калмак чалдан куткарып алууга даап бара албай бушайман болуп кала беришиптир. Анын да себеби бар эле. Аруужанды куткарып алыш үчүн жоголгон буюмдун өзүн, же болбосо ага тете келчү нерсе тартуулаш керек эле, анча байлык карапайым элдин колунда кайдан болмок эле. Күч менен тартып алайын десе, анда араң турган кытай, калмак ойроттору баш болуп кол салып, бөөдө кан төгүлгөнү турат. Ансыз деле ар кайсы жоо менен беттеше берип, жигиттердин катары суюлуп бараткан.

Ошол маалда, айылга кадимки эле чоң жоортулда катылган душмандын мизин кайтарып, баскынчылардын башчысын туткунга алып, чоң олжо менен кайтып, баатыр наамга ээ болуп келген Турусбек келип конгон экен. Болгон окуяны баштан-аяк шашпай угуп туруп күчүнө таянып кербенди талкалап, байлыгын тартып алууну ойлоп жиберет, бирок ал оюнан ошол замат эле кайтат да, бул маселени акыл менен гана чече турганын баамдайт. Акыркы убакытта болгон окуяларды дыкаттык менен талдап олтуруп, бул уурулукка Быйтык хандын түздөн-түз тиешеси бар экендигине толук көзү жетет. Ошондо ал атасына келип, кепти тээ алыстан баштап:

— Атаке, катар-катар кароол турган жерде ,кантип баалу буюм жоголот? Бул адамдын колунан келеби, келбесе алтын жерге сиңеби? –десе, атасы:

— Келет, балам! Андай киши чанда бир кезигет, уурулукту кесип деп билет. Өмүр бою ошону менен күн көрүшөт. Бирок, мен ушу жашка келип, уурунун казаны кайнап, очор-бачар болуп жыргап жашаганын көрө элекмин, — дейт экен атасы.

— Бизде ошондой кыраакы ууру барбы? – дейт баласы.

— Тээ илгери, мен жаш чагымда Сологой ууру деген боло турган. Анын Сологой атка конгон себеби, уурулук кылганда сол колу менен кылчу экен. Аны көрүп-билгендер сол колунун манжаларынын шамдагайлыгын айтып таң калышчу. Анткени ал басып жаткан тооктун жумурткаларын ага байкатпай алдынан сууруп алчу экен. Ал эми адамдардын жанынан кыя өткөндө эле чөнтөктөрү бошоп калчу экен.

— Ал ууру азыр кайда?

— Бир нече жыл мурун, аны зынданга камоого Дөөлөт хан буйрук берген, — деди атасы.

Акылдуу жигит баарын баамдап олтурду да, атасынан зындан кайда экенин сураштырып билди. Бирок ал жөнүндө ата-энеси сары санаага түшпөсүн деп, унчукпастан түн ката үйүнөн зынданды көздөй аттанды. Болжол менен эт бышым аралык жүргөн соң, калың токой четиндеги зынданды таап алды. Атын алыс байлап, жанына жөө барып байкаштырса, эки жигит кайтарууда экен. Сүйлөгөн сөздөрүнө кулак төшөсө, тиги экөө мастай. Ошентип бир аздан соң, эки жоокер тез эле катуу уйкуга кирди. Ошол замат тиги бала зындандын түбүнө кичине таш ыргытты. Зындан түбүнөн күнгүрөнгөн үн чыкты. Бала эмне деп айтаарын билбей, тим эле жөтөлүп койду.

— Ой! Ырас болбодубу! Менин керегим дагы эле тийет экен да, бүгүн ханга эмнени уурдап берейин? Каалаганын айтсын! Мен уурулук кылбасам кесибимди унутуп калчудай сезилет, – деди Сологой ууру. Ошентип олтуруп, байкабай балага баардык сырын айтып салат, анткени ал мас эле, аны кайтарган жоокерлер өздөрү ичкен жородон, ага да аябай ичирген экен. Ошентип Сологой ууру уктап калганда, жигит артка жол тартыптыр.

Жолдо келе жатып болжолдоп олтуруп, шар аккан суу боюндагы эски көрүстөнгө кайрылып, издеп олтуруп, жыландын уюгун көрөт. “Болсо ушул жерде катылган алтын бар, анткени байыртадан эле алтын буюм катылган жерди эмнегедир жыландар ордолоп келишкен экен” деп өз ичинен жигит ойлонот. Айдын жарыгы толук тийгенде, жакшылап байкаса бирин экин адам изин, которулган топурактын, буйдаланган чийдин, ордунан жылган чоң таштын изин байкайт да, казып олтуруп чоң кара кулпу салынган сандыкты таап алат. Кара кулпуну ачып, сандыктын ичи толоюн деп калган алтын буюмдарды көрүп көздөру жайнайт, көңүлү айныйт, анткени алтындын арбаганы күч эле. Ошол замат жанындагы шар аккан сууга жүзүн жууп келип, андан ары эмне кылышты ойлонот.

Эң алгач, баягы жоголгон буюмду алып барып Айсарыны куткарып алайын деди, бирок акылга салып көрсө, ага өчөшкөн Быйтык хан аны ууру атап, даргага астырып же зынданга салдырып салаары бышык эле. Ойлонуп олтуруп, өзүнүн акыл-амалы буга жетпесине көзү жеткен соң, сандыктын ичине кара таштарды салып кайра көмүп, ал эми алтын буюмдарды башка жерге жашырып коюп айылына билинбестен келип калат.

Эртеси атасына болгон ишти төкпөй-чачпай айтып берет. Экөө көпкө ойлонушат, бирок “өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло” деген таризде өз акылдарын жактырышпайт да, олуя карыяга кайрылууну чечишет. Алар ээрчишип олуяга барганда ал “Мен силердин келишиңерди күтүп жаткамын” деп ата-баланы таң калтырат.

— “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи мен муну баамдап жүргөмүн. Бирок ханга каршы чыкканга, анын уурулугун тастыктоочу далилим жоктугунан ушул мезгилге чейин унчуга албадым. Анда эми мен Быйтык хан куш уйку салганда, ага аян түш жиберейин. Ал түш көрөөр замат көрүстөнгө жөнөгүсү келет, бирок анын жакын нөөкөр жигити “түндү күтөлү” деп, ишти түнгө калтырышат. Түн кирип алар жолго чыгаар замат силер айыл ичин топтогула да, көрүстөнгө жол баштап баргыла, — дейт экен олуя ата. “Ошол жерден ишибиз оңунан чыксын, элди талап тоногон ачыкка чыксын” деп, жараткандан бата тилешип түндү күтүп калышат.

Баары олуя абышка айткандай болот. Быйтык хан уктап жаткан түш көрөт, түшүндө каткан байлыгы буркан-шаркан түшүп аккан дарыяга агып бара жатканын өңүндө көргөндөй көрөт, ошол замат түшүнөн чоочуп ойгонот. Ал айла-амал менен жыйнаган алтындарынан айрылганын эстегенде жүрөгү кабынан чыгып кете жаздап, онтоп-онтоп ийет. Жигитти чакырып, “дайрада суунун ченемин байкап кел” деп жиберет. Жигит келип караса дайранын суусу буркан-шаркан түшүп, жээкке ак көбүк бүркүп, суу денгээли бир топ көтөрүлүп калган экен. Бул жагдайды ханга угузганда ал ошол замат “бас кеттик” деп желдетине буюрат. Бирок жигит “акылга салып иш кылалы, ханым, күндүз киши көрүп калат, көнгөн адат боюнча түн киргенде эле баралы” деп араңдан зорго макул кылат. Ошентип Быйтык хан чыдамсыздык менен түн киришин күтүп калат.

Түн кирээр замат баягы желдети экөө казына катылган жерге аттанышат. Ал жерге жетээри менен суунун өзөгү, өз нугун өзгөрткөнүн, бирок, көрүстөнгө жете элегин көрүп Быйтык хандын санаасы бир азга болсо да тына түшөт. Бирок эски каадасына салып, алтындарын алып чыгып, бир далай убакыт алтын үстүндө оонамайын, аларга жалынып-жалбармайын, аларды өпкүлөп жыттамайын анын көксөсү суумак эмес. Ал аттан секирип түшүп, жүгүрүп барып көрүстөндү казып кирди. Желдети аттарын байлай коюп, ага жардамдашып олтуруп катылган сандыктын четин көрүшөт. Ошондо хандын сүйүнгөндөн жүрөгү жарылып кете жаздаптыр. Экөө бир аз эс алып, сандыкты толугу менен казып алып ичин ачса эле, ичинде алтын эмес, кара таштарды көрүшөт. Көргөн көздөрүнө ишене албай, экөө тең селейип олтуруп калышат.

— Кайда? Кайда менин алтындарым? Кимдин колунан келди? Же сен алдыңбы? Алган болсоң айт батыраак — арам тамак, деп Быйтык хан жигитин демитип кирди.

— Ханым, ырайым этиңиз, мен кантип алайын, мен сиздин аркаңыз менен агарып-көгөрүп жатып кантип эле сизге кара санантайлыкка барайын, — деп жигит жалынып жалбарып ийди.

Быйтык хан жини келгенинен эмне кылаарын билбей, таноолору кыпчылып, деми кыстыгып, жини келип, кара сандыкты тепкилеп “Мен баары бир алтындарымды алган ууруну таптырам, желдеттериме айтып даргага астырам, сөөгүн сөпөт, укум-тукумун жок кылам”, — деп албуутанып, жерге олтура калып топуракты мыкчып олтуруп калды.

Ошол маалда жакын жерден топ элдин кобураган үндөрүн кулактары тындап калат, көрсө амалкөй жигит атасы менен элге кабар айтып калың элди ээрчитип келип калышкан экен. Көргөн көздөрүнө ишенбей, жакаларын кармашат, шекшип жүргөндөрү далилин көрө алышат, эл арасынан жакындарын алдыргандар аларды эстеп, көздөрүнө жаш алып Быйтык ханды билген каргыш менен каргашат. Ошол замат согуп турган сыдырым жел шамалга айланып, асман толо айдын көзүн булут басып, күн күркүрөп, чагылган чартылдап кирди. Эл Быйтык ханды жигити экөөнү тегеректеп жакындай берди. Быйтык хан элдин сүрүнөн коркконунан, көздөрү топтомолок болуп, чанагынан чыгып кете жаздап, артка кетенчиктеп, элден жашынгысы келип, кылаар айласын таппай, жигиттин аркасына жашынмакчы болот. Ошентип алдастап артка чегинип жатып ызы-чуудан ойгонуп жаңы ийинден сойлоп чыккан өзү чаар, уусу заар жыланды байкабай басып алат, жылан аны дароо чагып алат. Денесине уу тарап баштаган Быйтык хандын жаны көзүнө көрүнө түшөт, кыйнала баштайт, бирок алдырып ийген алтындарын эстеп “алтын-алтын” деп, быйтыйган манжалары менен көзүнө көрүнбөгөн алтынды мыкчый берет. Жанындагы желдети анын алдастап жатканын көрүп, баягы олуя ата айткан ажыдаар, Быйтык ханды соруп баратканын анык сезди. Эми мени да соруп кетпесе экен деп, жүрөгү опкоолжуп, коркконунан денесин калтырак басты, эмне кылаарын билбей айласы кетти, элден каргыш укту, көңүлү чөктү. Тирүү калуунун айла амалын издеди, жалынып жалбарып элден кечирим сурады, бирок жакындарын жулдурган, ыйга муунган, эл кечирмек беле? Дагы бир ирет чагылган чарт этти, айлана күндүзгүдөй бир саамга жарык боло хандын каары төгүлүп, оозу араандай ачылып, көздөрү чанагынан чыгып кете жаздаган элесин даана көрүштү. Өз элине жүрөк чыдагыс чыккынчылык кылып, көп жетим-жесирлердин убалына калып, аларды зарлантып, какшатып, элди эзип ийгенине карабай эл арасында аны аяп ийгендер да болду. Бирок эл каргышынан качып кутулган барбы? Акыры арадан алтымыш жыл өтсө да эл каргышы жанбайт, — деп айтышат эмеспи карылар.

Быйтык хан жашоо үчүн жан үрөп, күрөшүп жатты, башы айланып, көзү караңгылап, жер көчүп тамтаңдап олтуруп көрүстөн четиндеги бош топуракты басып алып, топурак көчө бергенде, аяк алдында топурак менен кошо жардан куламакчы болгондо ага боору ачыган желдети бир чети адамгерчиликке салып, бир чети өзүнүн хан алдында милдетин аткарып аны сактап калам деп аракет кылат. Денеси таштай оор Быйтык ханды чепкенинен учкай кармап өзүнө тартат, бирок алы келе бербей, чиренген буту тайып кетип, экөө тең ташкындап кирип турган дарыяга кулап түшкөн экен. Чагылган дагы бир ирет чарт эткенде ал экөөнүн таштан ташка урунуп, тарбаңдаган колу буттары анда санда суу үстүнө көрүнө калып жатканына карап тургандар күбө болду. Алардын жандары бул жарык дүйнө менен коштошконуна эч ким күмөн санаган жок, анткени бул буркан-шаркан дарыя кирип турган маалында, андан аман чыккан адам эзелтеден эле болгон эмес экен да. Ошентип ач көз хан, жигити экөө ошол бойдон көздөн кайым болушуптур. Ал экөөнүн сууга чөгүп өлгөнүнө эч ким да кайгырбаптыр, анткени канчалаган элди көз жашка, кайгы муңга батырган эле. Ошол замандан бери: “ачка калсаң кал, бирок каргышка калба!” деген акыл кеп калган экен. Бул жерден табияттын таң калтырганын карасаң, окуя аяктаган соң, булут тарап, шамал басылып, асманда толгон токой жылдыздар жайнап чыккан экен. Мунун сыры эмнеде деп жаштар суроо салганда, олуя ата: “Бул да болсо теребелдин, табияттын ач көз, кара өзгөй хандын, анын кылмышын жаап жашырып, өзү да жардамдашып жүргөн жигит экөөнүн кылган кылыктарына каарданганы да”, — деп жооп бериптир.

Болгону-болду, боёсу канды демекчи, ошондо Олуя ата эл алдына чыгып, Турусбек баатырга алкышын айтып, батасын берип жатып: “Эрдик кылсаң — шердик кыл дейт экен илгертеден бери эле эл ичинде, кагылайын баттырым, баягы кумсарып кунга кеткендерди элине кайтарып берип, алардын көкүрөгүн армандан, моюнун азаптан бошотуп, биротоло элдин да, жараткандын да алкышына, батасына ээ бол”, — дейт экен.

Турусбек баатыр эл алдына чыгып: “Куп болот, Олуя ата! Менин дагы каалаганым, көксөгөнүм элдин көз жашын тыюу, жүрөк жараларын айыктыруу, ажырашкандарды бириктирүү”, — деп жооп айтып, калың эл алдында айтылган нерселердин баарын аткарууга ант берет экен. Баары чогулуп, алтынды кайра айыл ичине алып келип, Турусбек бааатыр өзүнө ишенген жигиттерден кол топтоп, Ала-Тоодон ары алты ашуу ашканда кумурскадай жайнап жаткан, соодагерлери түмөндөгөн кытай, калмактарга барып, кунун берип, макул болбой кун ченемин көкөлөткөн соодагерлерге муштум кезеп, найза кылычтарын жаркылдатканда эле баягы боордошторун бошотуп берип жатышты. Ойлогон ою ишке ашып, көксөгөн максаты орундалып Турусбек баатыр айылына кайтты.

Алыскы сапардан олжолуу, жоготуусуз кайтып келе жаткан баатырларды айыл эли шаңдуу добулбас, ыр бий менен менен тосуп алышты. Бир нечен жыл мурун туулган жеринен, өз элинен айрылгандар кайра келип элине кошулду, башында ый болду, муң болду, акыры барып жүрөктөр кубанычка, эл ичи шаңга толду. Ортого ордолуу боз үй тигишип, карадан кан чыгарышып Турусбек баатырды хан шайлап алышыптыр. Ордо ичи шаңга толуп, бир нече күн той болуп турган дейт, бирок калдайган хан ордодо Турусбек баатыр өзүн жалгыз сезип, Аруукени тымызын эңсеп, кадимки каада-салтка салып ага жуучу жиберип, жообун зарыга күтүп калат. Аны уккан эл журту, “Эки жакшы бирин бири табышкан экен, жүрөктөрү бириксин, түндүгүнөн кут кирсин, мал жандары кокту-колотко толсун, бала-бакыралуу болсун, аларды Теңирим колдосун”, — деп батасын беришкен экен. Эртеси эле каада-салтка баш ийип, жеңелеринин жеңкетайын, ата-энесине калыңын тартуу кылып, Аруужанды ак ордого алып келишкен экен.

Ага ыраазы болгон эл бир нече күн катары менен Аруужан менен Турусбек баатырдын үйлөнүү үлпөт тоюн майрамдап, ыр-күү, оюн-зоок, балбандардын күрөшүн өткөрүп жадырап-жайнап жатып калышкан экен. Арадан жыл өтпөй алар турган турпаты атасына окшош, денеси чымыр, баатыр болчу түрү бар балалуу болушат, атанын жолун жолдоп намысты бек туткан эр болсун деп атын Намысбек коюшат, андан соң да эки кыз, төрт балалуу болушат. Жакшыдан жакшы демекчи, алардын балдары биринен сала бири акылдуу, зээндүү, эр жүрөк болуп чоңоюшуптур. Ал эми Турусбек хан болсо, ошол заманда кыргызга кыргын салып жашатпай жаткан жүнгар, калмактардын баарын өз жеринен сүрүп чыгып, элине жыргал турмуш тартуулаган экен.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий