Көчмөндөр цивилизациясы

Редакциядан:

Жакында окумуштуу-публицист С.О.Байгазиевдин “Цивилизация жана Ата-журт тагдыры” аттуу публицистикалык бир томдугу жарык көрдү. Аталган китеп Кыргызстан жазуучулар союзунда окумуштуулардын, сынчылардын, жазуучулардын, журналист-публицисттердин жана студенттердин катышуусунда талкууланып, жогорку баага арзып отурат.

Кыргыз окурмандарын кайдыгер калтырбай, адеп-ахлак маселелерин намыстын бийиктигинен чечмелеген окумуштуу- публицисттин бул ой-толгоолору “Назардын” окурмандары үчүн да кызыктуу болуп, жан дүйнөсүнө жем таштаарынан шек санабайбыз.

“Улуттук коломтобузда кылымдарды карыткан, илгертен түптөнгөн рух казынабыз, ыймандык гүлазыгыбыз, кыртышыбызда уюп жаткан көрөңгөбүз бар экен. Мындай болгон соң эмне кылышыбыз керек? – деп автор бардыгыбызга суроо таштап отурат.

Окуп көрүп, оюңду айт, окурман!

Кыйла замандардан бери дүйнөдө Батыш-Чыгыш маселеси жашап келе жатат. Бул маселеде өз ара келише албаган, бири-бирине карама-каршы турган көз караштар арбын.Кээ бир көз караштар Азияны “варвардык, деспоттук чыгыш” деп басынтып, Европаны илим-билимдин, маданияттын очогу катары көкөлөтөт (“Европоцентризм”). А буга каршы турган көз караш болсо, европаны эсеп-кысаптын, машиналардын, курал-шаймандардын муздак дүйнөсү деп эсептеп, чыгышты ачык-айрым сезимдердин, асыл жан дүйнөнүн, рухтун мекени катары даңазалайт.

Менин оюмча, Чыгышты да, Батышты да бир жактуу идеалдаштырууга, же болбосо кескин түрдө терс мүнөздөөгө болбос эле. Жакшылап байкасаң, каранын ичинде ак бар, актын ичинде кара бар дешет. Мунун сыңарындай, батыштын да өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү бар. Ошондой эле, чыгыш да өзүнүн мактанчу, сыймыктанчу өрнөктөрүнө жана өзөктү өйүгөн өксүктөрүнө ээ. Маселе чыгыш менен батышты карама-каршы коюуда эмес, тескерисинче, бири-биринин жакшы жактарын таанып үйрөнүүдө турат. Демек, батыш менен чыгыш бири-биринин кемчилик-кемтиктерин, катачылыктары менен жаңылыштыктарын кайталабаса кандай изги иш болоор эле.

Кыргызстан чыгыш өлкөсү. Мен төмөндө өз элимдин тарыхый тагдыры жана менталитети жөнүндө башка дүйнө менен салыштырмалуу ой жүгүртүп, илгертен келаткан Батыш-Чыгыш маселесин чечмелөөгө өзүмдүн айрым бир пикиримди кошумчалоону көздөдүм. Менин жекече ой-пикирим талаш-тартышка жем таштабай койбойт деген ынанымдамын. Эмесе сөз мындайча башталсын.

Дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүү тарыхы бизге көп нерсени далилдеп берди. Адамзат балдары экономикалык жактан гүлдөп өнүксөк, илим-техниканы дүркүрөтүп өстүрсөк, революцияларды жасап, жаңы өндүрүштүк-экономикалык негиздерди жаратсак, түзсөк, анан мунун натыйжасында нраваларыбыз, адеп-ыймандык нарк-насилибиз өзүнөн өзү жакшырат, рух дүйнөбүз автоматтык түрдө жаңы тепкичке өркүндөп чыгат деп ишенгенбиз. Эстейличи, айрыкча бул жагынан кечөөкү европалык Агартуу доорунун өкүлдөрү оптимист эмес беле. Француз агартуучулары адам баласын билимдүү кылып, агартып-көгөртсөк, акыл-эсин илим менен сугарып, көзүн ачсак, адамзат коому апакай адеп-ахлакка ээ болуп чыга келет деп кыялданышты эле го.

Мынакей, жер үстүндөгү адамзаттын алга өскөн мамлекеттери а түгүл постиндустриалдык коомду курду, илим менен техниканын “колу” космоско жетип жатат, нечендеген революциялар, төңкөрүштөр жасалды, бирок булардын натыйжасында адам баласынын адеп-ыйманы жакшырып өркүндөдүбү, илимий-техникалык алгалоо, экономикалык алгалоо менен кошо киши пендесинин жан дүйнө адеп-ахлагында аруулануу болуп өттүбү, алтын адеп жаралдыбы, көрпенде нурпендеге айландыбы, адамзат экономикалык прогресс менен кошо ыймандык прогресске жетише алдыбы?

Бүгүн кандай натыйжаны көрүп турабыз?

Ыйык жер энебиздин экологиясы болуп көрбөгөндөй бузулуп, бүгүн адамзат табият кыяматынын чегине жакындап келип калды. Жер жүзүн каптаган ыймандык кунарсыздыкты, руханий бүлүнүүнү, адеп-ахлактын эсеп-кысапташышын, адамдагы “адамдын” жоголуп бараткандыгын азыр биз моюндабай коё албайбыз. Ооба, жанагинтип, Адам билимдүү болсо, ал жакшырат дегенбиз. А биз бүгүн айланабыздан билимдүү маңкурттарды, жогорку маалыматтуу жалданма киши өлтүргүчтөрдү, илим-билимдүү коррупционерлерди жана ыймансыз, даражалуу ачкөздөрдү, дипломдуу киши тоногучтарды кадам сайын кездештирип отурабыз. Мындан кандай жыйынтык чыгат? Демек, экономикалык прогресс, технологиялык өркүндөө, илимдүүлүк, маалыматтуулук ыйман маселесин, эзелтен бери келаткан “Канткенде адам уулу адам болот?” деген маселени өзүнөн өзү чече койбойт экен.

Мына ушундай жагдайдан улам дүйнөлүк акылмандар азыркы кезде экономикалык-технологиялык өркүндөө түпкү маңыз, максат эмес экендигин, экономика, техника деген адам баласынын адам деген бийик атка татыктуу, маңыздуу жашоосунун каражаты, аспабы гана экендигин, түпкү маңыз, адам пендесинин абийир, ыйман, адеп, рух жагынан өркүндөп-өсүшүндө экендигин, цивилизациянын, экономикалык-техникалык өнүгүүнүн баа-баркы кишинин жан дүйнө маданиятынын өркүндөө даражасы менен өлчөнүшү, ченелиши керектигин айтып, 20-кылым атом кылымы болсо, 21-кылым – адамдын, анын адамдык касиеттери менен сапаттарын өнүктүрүүнүн кылымы, адеп-ахлактын жана маданияттын кылымы болуга тийиш, сандык өсүштөн сапаттык өсүшкө өтүшүбүз керек деп сүйлөп турушат. Мен муну эң туура көз караш деп эсептейм. Чынында адамдын бузулушуна, анын ыймандык дүйнөсүнүн кыйрашына сүрөө болуп, өбөлгө түзгөн прогресс, прогресс эмес, бул – антипрогресс. Прогресс деген адамдын адам катары өнүгүшү, анын ыймандык өркүндөшү менен коштолушу керек. Ошондо гана анын маңызы болмок.

Ушундан улам, Сиздерге технократиялык өнүгүүнүн бир жактуулугун сезген адамзат коомунун азыркы акыл-эси бүгүнкү адам кандай болуш керек, анын адептик-ыймандык түр-түрпөтү кандай болууга тийиш деген суроолорду алдыга коюп, бул маселени чечүү үчүн өткөн доорлордун өзөгүнөн өрнөктөрдү, илгерки ата-бабалардын рух, нарк-насил салттарынан таяныч, омок издеп табууга умтулуп жаткандыгын маалымдап өткүм келет. Бирок, бул жерде бир маселе бар. Айтайын дегеним, буржуазиялык, капиталисттик өнүгүүнүн бир нече кылымдык доорун баштан кечирген Европа менен Америка өздөрүнүн илгерки буржуазиялык өнүгүүгө чейинки ата-бабаларынын адеп-ахлак нарктарынан, руханий салттарынан эбак алыстап, аларга кайрылгыс болуп кеткен тарых катары карап калгандыгы чындык.

Ойчулдар илгерки акча-товар мамилелери пайда боло элек кездеги Европалык доорду “адеп-ахлактын алтын доору” деп эсептеп, кээси “Алтын кылымды карай артка!” деп ураан да таштап, ал эми атактуу Жан Жак Руссо буржуазиялык өнүгүү доорундагы адамдардын баюу үчүн пайда, пайда, акча, акча, байлык, бийлик деп араанын ачып акактаган алдым-жуттум жорук-жосунуна, кооз чүмбөткө жамынган эки жүздүү, жасалма жүрүм-турумуна, өзүмчүлдүгүнө жана башка илдеттерине караганда жаратылыштын кучагындагы цивилизация бузбаган мурдагы табигый, таза, жөнөкөй адеп-ахлактын кыйла эле өйдө турган артыкчылыгын туюп, аны жогору санагандыгы белгилүү.

Бүгүн ошол Жан Жак Руссо терс баалаган буржуазиялык коомдун илдеттери ого бетер күч алып, азыр социологдор “Турмушка өзүмчүлдүк, пайдакечтик, технократиялык мамиле Европа менен Америкада өзүнчө бир улуттук ооруга айлангандыгын” тынчсызданып жазып отурушат.

Батыштык ойчулдар жанагинтип 18-кылымда эле Европада адеп-ахлактын бузулуу ахыбалына нааразы болуп жатышса, ал эми 1855-жылы Жети-Өгүздө туулуп, көчмөн цивилизацияны өз кебетесинде көрүп калган айтылуу Талып Молдо Байболот уулу 19-кылымдын I жарымындагы ак калпак журттун адеп-ахлак ал жайын мындайча мүнөздөп отурат.Мына, окуйлу: “Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө, консо бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябай жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. Сен бай, жарды дебегени. Ач көзсүздүгү. Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба деп, четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. Тили буруу болбо, Ата-бабаңдын тилин бузба, кийимиңдин түрүн бузба деп өз улутун сактаганы. Айла-алдоо не экенин билбеген. А эгер бир кишиден, эркек же ургаачы болсун, жогорку айтылган жакшы сапаттардан бир кемчилик көрсө, баарынан жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат” (Талып Молдо. Кордолгон заманда. “Ала Тоо”, 11,127-бет.).

Эми, айталы деген негизги оюбуз мындай. Феодалисттик, буржуазиялык, капиталисттик жолду басып, өстүк-өнүктүк деген көп өлкөлөр 20-кылымдын босогосун илгерки элдик, жамааттык түптүү нарктарынан айрылып, пайдакечтик, жеке баштын кызыкчылыгын туу кылган жүрүм-турум күтүп, адеп-ахлак бүлүнүүлөрүнө учураган абалда аттап отурушса, ал эми, биз кыргыздар ошол эле 20-кылымга илим түшүнүгү менен айтканда, буржуазиялык доорго чейинки коомдук-жамааттык түзүлүшүбүздү негизинен сактап, элдик адеп-ахлагыбыздын, уят-ыйманыбыздын, ата-баба салттарыбыздын цивилизация бузууга үлгүрбөгөн абалында, көп жагынан таза калыбында келип жеттик.

Байкасак, биздин артыкчылыгыбыз дал ушунда деп ойлойм. Мындан улам мына бул ойду кыстарып өткүм келет. 19-кылымда революционер Герцендин жамаатчылдыкка (собордуулукка), жамааттык өз ара жардамдашууга, элдик адепке негизденген орус кыштагындай кыштактар Европада түк калган жок, ал жакта бардыгы майдаланып, өзүмчүл мещандарга эбак айланган. Орус кыштагынын адеп-ахлак өрнөгү дүйнөгө таалим көрсөтө алат, социалисттик татына коом бузулбаган орус кыштагы аркылуу курулушу мүмкүн деп айтканы бар. Мунун сыңарындай, соңку кылымдарга капиталисттик цивилизацияны кыйган өтүп бүлүнбөй, бүкшүбөй, өз бүтүндүгүндө аман-эсен келип жеткен, азыр да элдик кыртышыбыздын тереңинде “жүрөк кагып” турган кыргыздын ыймандуу адеп-ахлагы, рух кенчтери, коллективисттик нарк-насили, өз ара мамилелердеги гумандуу эреже-салттары көп жагынан башка дүйнөлөргө сабак, таалим, үлгү боло алат деп айткым келет. Буга негиздер бар. Маселен, айдоого тукум сээп жатканда Баба дыйкан бизде мындай дейт: “Жылуу жерден конуш тап. Мунусу – жетим-жесирге, мунусу – алсыз карыпка, мунусу – курт-кумурскага, мунусу – сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага”. Мынакей, көптүн кызыкчылыгын көздөгөн кыргыздын улуу жамааттык, гуманисттик адеп-ахлагы.

«Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.