Каныкей Эралиева: “Элимдин берген баасы мен үчүн башкы сыйлык”

Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болууда?
– Буйруса жакшы. Жаңы-жаңы ырларды жаздырып жатабыз. Алардын көбүнчөсү ыйманга, Ата-Мекенге, балдарга арналды. Балдарга арнап китептерди чыгарганбыз, Кудай буйруса Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна таркатылып жатат. Жакында Сары-Челекке барып, “Жашыл Арал”, “Жаз”, Рыспай Абдыкадыровдун сөзүнө жазылган “Сенин мээримиң” аттуу бир канча ырларыма клип тарттырып келдим. Буйруса жакшы жана маңыздуу кылып, ырга ылайыктап тартылган жаңы клиптерим элге жагат – деп ойлойм. Чыгармачылыкта токтогон жокпуз, аксаган да жокпуз, буйруса баары эле ийгиликтүү жүрүп жатат. Жакында УТРКнын “Кош жылдыз” долбооруна да катыштым.

Чыгармачылык менен алек болгонуңузга көп жыл болду окшойт. Чарчаган жоксузбу?
– Жок. Анткени, кесибиңди сүйүп иштесең, ал үчүн талыкпай эмгектенесиң, аны сүйөсүң, жалпылап айтканда жашооңдун маңызы ошол болуп калат. Ошну менен жашап, ал үчүн эмгек кылып жаткандан кийин, оор – кыйынчылыгын деле сезбей калат экенсиң.

Эгер сыр болбосо, чыгармачылыктан тышкары дагы эмне менен алектенесиз?
Жок. Мен чыгармачылык менен гана алектенем.

Маданият министрлигибиздин бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
– Эми иштемиш этип жатышат. “Жүз долбоор” деген долбоордун үстүндө бир канча иштерди жасашты. Сулайман тоону ЮНЕСКОнун программасына киргизишти. Ал эми бизге окшогон чыгармачылык чөйрөдөгү адамдар өзүбүз менен өзүбүз болуп эле, өз арбайыбызды өзүбүз согуп келебиз. Иш жүзүндө маданият министрлиги тарабынан бизге эч кандай деле көңүл бөлүнгөн жок. Ырларыбызды өзүбүз жаздырып, чыгармачылыкта деле баарын өзүбүз эле кылып жатабыз.

Бир – эки ыры менен эле мамлекеттик деңгээлдеги жогорку наамдарга ээ болуп атышкан кээ бир ырчыларга караганда, кыргыз музыкасына, кыргыз маданиятына сиз опол тоодой эле эмгек кылдыңыз да. Эмне үчүн сиздин эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааланбай келет деп ойлойсуз?
– Мен чын эле “Эл артисти” наамына да арзый элекмин. Анткени, мага кезек жете элек. Эмне үчүн менин эмгегим ушул убакка чейин бааланбай жаткандыгы тууралуу эч нерсе айта албайм. Мен үчүн эң негизгиси эл бааласа болду. Элдин сүйүүсү, элдин колдоосунан өткөн эч кандай наам болбосо керек. Күйөрмандарым көчөлөрдөн көрүп калышса, же ар кандай коомдук жайларда “Эмне үчүн сизге “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамын ушул убакка чейин беришпейт?”-деп, чын дилинен күйүп-бышып сурап калышат. Ошентип күйөрмандарың кабатырланып сурап жатышса, сени сыйлашса сүйүнүп, жүрөгүң жылып калат.

Азыр ар кандай дең-гээлдеги ырчылар чыгып жатышат, сыйлыктарга ээ болгондору бар. Сыйлыктарды байкесинин, жездесинин аркасы менен алгандары да бар. Биз өзү тынч элдерденбиз.Чыгармачылыкта жөнөкөй, сылык-сыпаа адамдарданбыз. Элди туурап “мага эмнеге сыйлык бербейсиңер?”- деп долуланып ыйлап-сыктап чуркасам, мен бир эмес, эмгиче эки “Эл артисти” наамын алып коймокмун. Бирок, мен антпейм. Анткени, элимдин берген баасы мен үчүн биринчи сыйлык.

Сиздин жолдошуңуз Атайбек Бөдөшов белгилүү обончу экенин билебиз. Жолдошуңуздун “Эмгек сиңирген артист” сыйлыгын кеч алгандыгы жөнүндө эмне айта аласыз?
– Жолдошум сыйлыгын өткөн жылы окуучулары менен алды. Ар бир нерсенин өз убактысы, өз ченеми болот дегендей анын алган сыйлыгынын эрте – кеч алгандыгында эмес, а анын эмгегинин кеч да болсо баалангандыгында. Башкысы элимдин баалап, ушундай суроолору менен кызыгып сурагандары биз үчүн чоң сыймык.

Чыгармачылыкта алектенип жатканыңызга канча жыл толду жана алдыда кандай максаттарыңыз бар?
– Чыгармачылыкта иштеп жатканыма 40 жылдан ашып калды. Биз жылына бир – экиден концерт берип турабыз. Биздин өзүбүздүн көрөрмандарыбыз бар. Биз алардын суранычы боюнча сөзсүз концерт берип турабыз. Быйыл дагы кеч күздө концерт берели – деп даярданып жаткан чагыбыз.

Өз муунуңуздагы кайсы ырчылар менен үй-бүлөлүк катнашта катышып турасыздар?
– Калыйбек Тагаев, Турдубек Чокиев жана башкалар менен катышып турабыз.

Азыркы жаш ырчыларга болгон көз карашыңыз жана аларга айта турган насаатыңыз?
– Азыркы муундагы ырчыларды деле түшүнсө болот. Аларды жаштар кызыгып угушат. Бул жакшы жетишкендик. Алар чет элди туурап, ал жактан да сабак алып жаткандары жакшы эле көрүнүш, бирок, ошол эле убакта алар көп нерсени түшүнүшпөйт. Айтайын дегеним, алар ырлардын маңызын, сөздүн маңызын түшүнбөй эле ырдай беришет Мисалы, “Жан жерим сага, жан элим… ж.б.” деген сүйлөмдү карап көрөлүкчү, бул эмне деген сүйлөм? Мааниси эмес, башкасы да түшүнүксүз. Буга окшогон көп эле ырлар бар, аны өзүңүздөр деле угуп, баамдап жатсаңыздар керек. Биз жаштарга жолугуп калганда “Бул жериң туура эмес болуп калыптыр”-деп кемчиликтерин айтып турабыз. Түшүнгүсү келгендер түшүнөт, түшүнгүсү келбегендер түшүнбөйт. Алардын туура эмес жактарын айтып коюу, биз үчүн милдет болуш керек. Кандай жол менен ырдаган күндө да, туура, ыйман жолу менен ырдоону унутушпаса деген тилек. Батышты туурайт десе эле туурап, алардыкына окшоштуруп салбаш керек.

Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– Өзүңүздөр билгендей – жолдошум обончу. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүп, чыгармачылыкта бири-бирибизди толуктап келебиз. Менин үч балам бар. Бардыгы окууларын бүтүп, чоңоюп калышты. Кичүү балам Арлен биздин жолду тандап, азыр эстрадалык ырларды жаздырып жатат.

Кырк жылдан бери кыргыз сахнасынын күзгүсү, үлгүсү болуп жанып турган, булбулдай үнү бар Каныкей эжекебиздин эмгектери ушул убакка чейин бааланбай келгенине анын чыгармачылыгын, талантын баалаган күйөрмандарынын нааразы болгон кептерин көп эле жерден угуп келебиз. Чынында эле, ушунча жылдан бери өзгөчө үнү менен жалпы кыргыз элинин гана эмес, башка улуттун өкүлдөрүнүн да зор кубаттоосуна ээ болгон Каныкей Эралиеванын бүгүнкү күнгө чейин эмгеги мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде бааланбай келгени өтө эле өкүнүчтүү.
Биз дагы Каныкей Эралиевага ” Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген наам эмне үчүн али күнгө чейин берилбей келгенине кызыгып, Маданият министрибиз Султан Раевге телефон чалган элек. Бирок, канча жолу чалсак дагы министрибиздин катчы кызынын “Султан Акимович азыр жок”-деген жообунан башка тыңгылыктуу жооп ала алган жокпуз.

Маектешкен Кайыргүл Молдалиева,
«Эл с
өзү» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.