Бурулкан Карагулова: «Ырымдын каарманын издеп жүрөм»

Ыр деңизине сүзүп кирсең, тарыхы кенен обондуу ырлар ого эле көп. Мына ошондой кызыктуулардын бири – “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” аттуу ыр. Бул ырдын сөзүн жазган кыргыз журтчулугуна таанымал акын Бурулкан Карагулова ыр баянын мындайча баяндайт.

“АШИЗГЕ АРНАЛГАН ЫР ЭЛЕ”

– Бул ырды курбу кызым Кадырбекова Ашизге арнап жазгам. Көбү жигитке карата жазылган ыр деп түшүнүшү мүмкүн. Анткени анда ошондой эле маани бар. Менин көп жыл бою жакшы күндөрдө бирге жүргөн курбум Ашиз Сузак тарапка турмушка чыгып кетет. Ага болгон сагынычымды бир күнү отуруп алып, ушул саптар эсиме келип чиймелеп калгам.

Эл акыны Омор Султановдун ийримине барып жүргөндө ал киши ушул ырга сын айткан. Ырда “кат жазба, кат ордуна өзүң келгин, калгыча эрин шишип өбүшөйүн” деген саптар болгондуктан, ал “силер эмне лесбиянкасыңарбы?” деди. Анда мен ал сөздүн маанисин түшүнбөй эле, «бул эмне деген сөз болду экен?» деп анча маани берген эмесмин. Анын үстүнө андай сөздү уга элек элем. Кийин түшүнүп алып жаман болуп жүрбөймүнбү.

“ЫРГА АШЫК БОЛГОНДОР КӨП БОЛЧУ”

– Ошентип, досума арнап чыгарган ырымды гезиттен окуган айылдаш таякем Асан Керимбаев ушул ырга обон жазыптыр. Бир айдан ашык бир куплетин ырдап жүрдү. Анан мага кайрылып “ырдын сөзүн жигитке же кызга арналгандай оңдоп бер” деген. Оңдоюн деп аракет кылып, таптакыр колумдан келбеди. Кийин Асан таякем ушул обонун Жолон агайдын “Кусалык” деген ырына которуп алып ырдап калды.

Бир жолу Жалал-Абадга барсам, Арзыбек Бедияров колума кагаз, калем карматып туруп “ушул ырыңды кайрадан жаз” деди. Ошондо анан илхам келип, биринчи куплетин гана калтырып, калганын “доктурдун күчү жеткис илдет берип, сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” деген сыяктуу саптар менен толуктадым. Бул ырдын кайрадан иштелген варианты, ошентип, белгисиз эле бирөөгө арналып калган. 1995-жылы жазылган ырга Арзыбек Бедияров обон чыгарып ырдап чыкты. Андан кийин Кутман Жолдошов, Токтобүбү Черикчиевалар ырга өмүр беришти. Бирок ырдын каарманы курбум Ашизди дале таппай жүрөм.

Бурул Исмаилова, “Супер-инфо”, №406 13-19-август, 2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.