“Манас” эпосунун кысылган варианты чыкты

“Манас” эпосунун кысылган варианты жазуучу, профессор Бексултан Жакиев тарабынан иштелип чыгып, он миң нуска менен жарык көрдү. Бул тууралуу автор маалыматты 29-августта “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында  билдирди.

Анын айтымында, китеп “Бийиктик” басмасында жарык көрдү жана аны чыгарууга бир миллион сом жумшалды. Аталган чыгымды КРнын Өкмөтү мойнуна алган. Китептин 1000 нускасы китеп дүкөндөрүнө түшөт, ал эми калган нускасы  мекептерге, жогорку окуу жайларына жана коомдук китепканаларга таратылып берилет.

Бексултан Жакиев белгилегендей, кыргыз элинин 99%ы “Манас” эпосунун сюжетин билбейт. Себеби, эпостун көлөмү өтө эле чоң. Ошол эле учурда бир канча жолу кайталана берген жерлери арбын кездешет. Ошондуктан жазуучу “Манастын” кыскартылган эмес, кысылган вариантын чыгарууну “Манастын” 1000 жылдыгынын учурунда эле бийликке сунуш кылган болчу. “Кысылган вариантта болсо, мен окуяларды, сюжетти эч кыспартпай, тек гана аны кысуу, ашыкча кайталоолордон, ж.б. тазалоо жолу менен иштеп чыктым. Бул – окууга оңой, окурмандын кайсыл катмарына болсо да кабыл алууга ыңгайлуу, – дейт Бексултан Жакиев.

Жазуучу, адабиятчы Кеңеш Жусупов “Манас” эпосунун бул варианты башка варианттардан тыкырдыгы менен кыйла айырмаланып тураарын белгилейт. “Анда чын эле ашыкча кайталоолор, же башка мүчүлүштүктөр кезиктпейт. Биз буга чейин “Манастын” канча вариантын басып чыгардык. Бирок, Бексултан Жакиев айткандай кемчиликтерине көңүл бурулбай келген”, – деген пикирин бидирди.

Жогорку Кеңештин депутаты, акын Эгемберди Эрматов, бир убакта Чыңгыз Айтматовдун: “Манас” китеби ар бир кыргыздын үйүндө турушу керек, керек болсо ал кызга сеп катары берилиши керек”, – деген сөзүн эскерип, азыркы башка адабияттардын санына салыштырмалуу он миң нуска аз эмес экендигин, бирок бул мындан да көбөйүп, келечекте жүз миңдеп чыгышы керек экендигин билдирди.

Айтмакчы, КРнын Өкмөтү чыгарган он миң нускага чейин бул китеп ЮНЕСКОнун демөөрчүлүгү менен башта төрт миң нускада жарык көргөн.

Жыпар Исабаева, “Аймак-news

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.