Таттыбүбү – 70 жаш!

tattybubu1

Булбул үн

Өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында өндүрүштүк тажрыйбамды кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында өтөп калдым. ““Суроолор боюнча концертти” түзөсүң” деп редакциянын башкы редактору мага тапшырды.Концерттик программаны угармандардан келген каттарынын негизинде түзчүмүн. Ошондо Таттыбүбү Турсунбаеванын аткаруусундагы ырларды көп суранышчу.

Элдин суроосу боюнча Таттыбүбү эже ырдаган “Ай баратат”, “Жүрөктүн чогу өчө элек”, “Адамдар менин сүйгөнүм” деген чыгармалар дем алыш сайын “Суроолор боюнча концертте” уктурулуп турчу. Анын үйүнүн бир бурчунда кичинекей радио түйүнү бар болчу. Таттыбүбү эженин ырларын суроолор боюнча концертке кошкон сайын, анын үйүнө келип, ушул кичинекей радиодон чогуу анын аткаруусундагы ырларды укчубуз. Жаш кезинде ырчы болууну абдан самаганын айтып калчу. Бир жолу Ташкенттеги театралдык институттун 5-курсунда окуп жүргөн кезинде группалаштары менен Москванын чоң-чоң театрларына практикага баргандагы бир окуяны айтып берген эле. Москвага барган жылдары курсташы Кандалат Муратова Чайковский атындагы консерваторияда окуган кайнагасы Жайлообек Жалгасынов менен жеңеси Дарика Жалгасынованын үйүнө конокко ээрчитип барганын, алар Таттыбүбү эжени ырдатып көрүшүп, консерваторияга калышын сунуш кылганын, консерваторияга калып окугусу келгенин, бирок, тилекке каршы тагдырына ырчылык эмес, актрисалык жазылганын айтып, Чайковский консерваториясында окубай калганын арман кылып айтып калчу. Анын булбулдукундай мукам үнү Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Сүйүү жаңырыгы” кино тасмасындагы ырды аткаруусуна мүмкүнчүлүк берген. Муну, картинаны жараткан кыргыздын белгилүүү кинорежиссеру Болот Шамшиев биз менен болгон маегиндетастыктаган. Таттыбүбү эженин үнү булбулдукундай кубулжуп кооз, назик, уккулуктуу, жагымдуу болгондуктан, аткарган ырларын угармандар тамшануу менен угушкандыгы жөнүндө каттардан окучубуз. Музыкалык редакцияга келген каттардагы элдин пикирин айтып келгенимде, эже жаш баладай аябай сүйүнүп, көңүлү көтөрүлүп “эл бар биз барбыз да, элиң жок болсо ким укмак ырдаган ырларыбызды” деп угармандарга ыраазылыгын билдирчү. Ушул жерден мен Таттыбүбү эженин ырдаган ырлары тууралуу өз ой-толгоосун “Бишкек шамы” газетасына 1991-жылдын, 5-ноябрында жарыялаган курсташым Кудайбергенова Атыркүлдүн макаласын кыскартуу менен төмөндө келтирдим.

 

Жүрөктө жүргөн сыр

“…Эл улуттун көрөңгөлүү актрисасынын таланттуу ролдоруна таң берип келсе, мен анын ырдап жаткандагы үнүнүн жан терметкен ажайыптыгына суктанам.

Кээде Таттыбүбүнүн аткаруусундагы “Ай баратат” деген ыр кыргыз радиосунан таңга маал угулганда уйку-соонун ортосунда жатып, айтып бералгыс жагымдуу сезимге кабылам. Созолонгон үнү – качандыр бир убакта бирөөгө арналган, бирок биротоло кууп жиберген сагынычыңды, аргаңды кетире башпактатып кайрыйт.

Таттыбүбү эже менен эки ирет кыска убакытка болсо да жолукканым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Студенттик курагыбыз. 1977-жылдын күз айы болучу. Группалаш теңтуш кызым Ракыя искусство адамы болсом дегенде ак эткенден так этип, Таттыбүбү менен таанышып алып, үйүнө көп барып жүрдү. Бир күнү Ракыя:

– Жүрү Атыш, Таттыбүбү эжеге бүгүн жолукмак элем, чогуу барып келели, – деп суранып калды. Ошондой дубанда жок сулуу, таланттуу аял менен бетме-бет келип сүйлөшөм дегенди ойлогондо, жолукпай жатып мени сүр басып, барбайын деп, кайра, “үйүндө жүргөндө кандай болуп көрүнөт экен” деген балалык кызыгуум жеңип кетти. Гүл көтөрүп алып текилдеген бойдон Таттыбүбүнүн үйүнө жетип бардык. Актриса ашканасындагы столдо камыр жайып жатканынын үстүнөн чыктык. Эки балам мектебинен келгенче тамагын даярдай салайын деп шашкалактап алыптыр. Сын мүчөсү келишип, үй-тиричилигиндеги кыймылы да көркөмдүү. Күлгөнү – ырдагандай не бир кулакка жагымдуу. Баскан-турганы – бийлегендей. Өзү жадырап-жайнап, адамгерчилиги жогору экен. Жаркырап күлүп, тамашалап олтуруп тамагын берди. Эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүз сөзмө-сөз эсимде жок, дегинкиси каткырып күлүп олтуруп көңүлүбүз агарып чыкканына таң калгам.

Экинчи жолу үйүнө барганыбызда сустайып, көзү кызарып, жаңы эле ыйлап бүткөн жүзүн сууга чайып аарчынып отурганын көрдүк. Кейишке түшүп турганын көрүп турабыз, бирок эмне болду деп сурагандан жүрөксүп, биз да үрпөйүп унчукпай олтурабыз.

– Сабактан жаңы чыксаңар курсагыңар ачты, жей койгула, – деп берген тамагына көңүлүбүз чапкан жок. Акыры Ракыя чымырканып туруп:

– Эжеке, ыйлабай жүрүңүзчү, ден соолугуңузга деле күч келбейби, – деди. Кийин сурасам, Ракыя Таттыбүбүнүн көп ыйлаарын айтты.

Актриса столго татынакай чыканактарын таяп, жаш баладай дем тарта улутунуп алып, кыргыз театрындагы искусство адамдарынын чөйрөсүндөгү турмуштан бир топко сүйлөп берген. Ошондо Таттыбүбүнүн Турсунбаеванын өз оозунан көшөгөнүн артындагы кесиптештеринин ич күйдүлүгүнөн жүдөгөнүн уктук. Угуп алып эле, жыйынтык чыгара албай аңкайып туруп бердик. Себеби, тилибиз чыгып сөзгө түшүнө баштагандан баштап “дүйнөдөгү элдердин эң эркини, тең укуктуусу, гумандуусу советтик системада жашаган эл” дегенди мээбизге куюп тарбиялашса, анан актрисанын оозунан биздин советтик коомго ылайык келбес көрүнүштөрдү угуп олтурганыбыз эсибизди эки кылды. “Балалыгым баштан чоң” дегендей, ошондогу сөзүнө азыркы коомдо жашап жатып баа берсем, ичим жаман сыйрылат.

Кыргыз телерадиокомпаниясынын ыр-күүлөрдүн шифрлары жайгашкан картотека бөлүмүндө өз ишимди жүргүзүп отуруп, аткаруучу-ырчылардын карточкаларынын катарында Таттыбүбү Турсунбаевага да карточка ачылганын карайм. Болгону үркөрдөй болгон беш ыры бар – ошого зээним кейип, сөздүн учугу ушундан чубалып отурат.

Алар мындай деген ырлар: “Адамдар менин сүйгөнүм”, “Ай баратат”, “Ысык-Көлдүн ак-куусу”, “Суу алган кыз”, “Жүрөктүн чогу өчө элек ”. Ушул беш ыр Таттыбүбүнүн касиеттүү үнү менен кыргыз радиосунан уктурулуп калса кулакка сонун угулат. Жылаажын үндүү актрисанын үнүн жаздырам деп далалат кылбагандары ич күйдүрөт. Же кыргыз радио фондусунан бирөө чакырып, ырдаган ырларынын баарысын жазып калтыралы дебесе адеп сактап тим болдубу, кандай десек да, Таттыбүбү эженин ырдаган ырлары тасмага толук түшпөй калганы өкүндүрөт.

Азыр профессионал ырчылардан да мен ырдай алам деген ырчылардын эле кыргыз радиосунун фондусунун негизги казынасында сакталып жаткан карточкасы көп. Ырдагандын техникасын жакшы өздөштүрүп алышкан ырчы-аткаруучулар өзүлөрү келип: “кыргыз радиосунун фондусуна өткөргүлө” деп суранышат. Ырдаган ыры элге жетеби- жокпу, баштарын оорутушпайт.

Таттыбүбүнүн жөнү бир башка. Анда Кудай берген талант менен сулуулугуна жарашкан мукам үнү бар болчу. Анын үнү элдик обондорго ылайык болчу дегендерге мен кошула албайм. Кеп ырдын автору обонду элдик ырларга окшотуп чыгаргандыгында. Ишенбесеңиз Таттыбүбүнүн аткаруусундагы ырларды кыргыз радиосунан угуп көрүңүз, атайын суроо салып, кат жазып. Аттигиниң ай, дагы бир өксүк, анын комуздун коштоосунда ырдаган ыры жазылып калбаганында. Дирилдеген комуз күүсүнө анын сезимди ойготкон адамдан башкача назик үнү ылайык келмек. Өнөрлүү Жумгал өрөөнүнөн суурулуп чыгып, балбылдап күйгөн жылдызынын жарыктыгы кыргыз баласын таңдантып легендага айланган сулуунун комуз менен ырдаганын угуп калсак, моокумубуз дагы бир жолу канбайт беле.

…Эч ким Таттыбүбү болуп туулган жок. Бир да актриса Таттыбүбү болуп кеталган жок. Ырдаганы бир керемет эле деп тамшандык, ошол ырлары аркылуу Таттыбүбү Турсунбаеванын мукам үнүн укканыбызга каниет кылалы. Кыргыз радиосунун фондусунда ошол ырлар жакшы сакталсын деп тилей жүрөлү”.

Курсташым Атыркүл айткандай, далай музыка сүйүүчүлөр жана жөнөкөй эле радио угармандар “Таттыбүбүнүн ырдаган ырларын көбүрөөк эле жаздырып коюшса болмок экен” деп арман кылгандарды эл арасынан көп эле учураттык.

(Уландысы бар)

Ракыя ЖУСУПОВА, «Көк асаба», 23.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.