Айтылуу Жоомарт Бөкөнбаев акындын армандуу махабаты

“Махабаттын даамын татпаган жан дүйнөгө бекер келип, бекер кетет”, – деген экен улуу акын. Андыктан бир келген өмүрдө махабатка магдыраткан эки тараптуу, түбөлүктүү сүйүүнүн ээси болуу жакшы деңизчи, бирок мындай бакыт ар бир адамга эле буюрган эмес. Жогоруда айтылгандай, бул жашоого бекер келбей, улуу жана унутулгус сезимди баштан өткөрүшкөн Жоомарт Бөкөнбаев менен Айсулуунун убайымдуу арзуу баянынан айтып бермекчибиз.

Кыргыздын көрүнүктүү, чыгаан акыны Жоомарт Бөкөнбаев маанилүү маселелер менен Ысык-Көлгө багытталган иш сапарында жол кырсыгына кабылып, алган катуу жаракатынан улам көп убакыт өтпөй бул дүйнө менен кош айтышкан. Улуу акын ушул жакка “эртең жөнөйбүз” деп жатканда эки ай мурун каза болгон жакын санаалашын түшүндө көргөн экен. Жатып эс алайын деп, бирок ылайыктуу эч нерсе жок буйдалып атыптыр. Ошондо таанышы апаппак шейшеп алып турганын көрөт да, экөө аны оронуп чогуу жатып алышат. Чочуп ойгонгон акын эртең менен аялы Тентиге түшүн айтып: “Бул жаман түш, шейшеп деген кепин болот. Мен өлөм, бирок азыр эмес”, – деген экен. Жубайы анын көңүлүн жайгарыш үчүнбү, айтор: “Жок, андай эмес, тескерисинче, анын арбагы сени колдойт экен”, – деп жакшы жакка жоруган экен. Көрсө, кырсык болору тууралуу акынга аян берилген тура. Жакшы адамдын жаш кеткенине ичиң туз куйгандай ачышып, балким, иш сапарды башка убакка жылдырганда мындай болбойт беле деген ойго кетет экенсиң. Баары келип буйруктан дейт эмеспи, тагдырга баш ийбеске арга жок.

Жогоруда башка ысым жөнүндө кеп башталып, эмне үчүн жубайы бөлөк болуп калды деген суроо туулгандыр. Тенти Адышева акындын баш кошуп бирге түтүн булаткан жубайы, ал эми Айсулуу жалындап турган кезинде ууз сезими менен сүйгөн махабаты болуптур. Аны менен кандайча таанышып калганын Самсак Станалиев мындайча баяндайт: “Жоомарт “Ленинчил жашта” редактор кезинде, болжолу 1932-жылы Жалал-Абадда иштеген жакын адамы Устабайды Фрунзедеги Педтехникумга мугалим кылып чакырат. Ал жерде иштегенден тышкары жетекчилердин сунушу менен №8 мектепке окуу бөлүмүнүн башчысы болуп бекитилет. Бул жооптуу ишке дайындап жатып Жоомарт ага:

– Ташкенттеги медицина институту менен макулдашылган келишим бар. Ишиңди ошого багытта. Колдон келсе жакшы окуган кыздарды тап, ошол жакка окууга жөнөтөбүз, – дейт. Устабай агайынын айтканы менен сабак берип жүрүп ушу Айсулууну көңүлүндө тандаган. Жакшы окуйт экен. Анан дагы келишкен кыргый мүчөсү кыл үзбөгөн кыял-мүнөзүнө, жүргөн-турганына жарашып турчу. Ошондой күндөрдүн биринде Жоомарт келип түз эле класска кирип барды. Сабак бүтүп, агайы айрым окуучуларга тапшырманы тактап түшүндүрүп жаткан. Алар менен саламдашкан соң Жоомарт:

– Мен күз жөнүндөгү ырларды окуп чыктым. Сүйлөшө турган сөз бар, – деди. Ал ырлар ушул кыздардын ырлары болчу, – Султанова ким? Айсулуу?..

Эч ким мен деген жок. Класстагылар жапырт Айсулуу жакты карашты. Адашкан элик кейиптенип элеңдей калган Жоомарт кызыл-тазыл гүлдүн арасынан таңдагы балбылдаган Чолпондой болгон, жарашыктуу көйнөкчөн кызды көрдү.

Устабай сыймыктануу менен анын атын дагы бир жолу атаган. Анан:

– Бул агайыңарды таанып алгыла, Жоомарт Бөкөнбаев деген акын ушул. Кыргыздын Пушкини, – деген.

Жоомарт ошондо Айсулуунун ырын жактырып барып жамалын көргөндө өзүн-өзү күтүүсүз жерден өрткө салган. Ал эмес, акылынан адашып, кыздын сырдуу көз карашынан жалтанып, денесин жалын каптап өткөндөй болгон. Ошол таанышуу кийин аларды тагдыр ишине, жаштык махабатына алып барды көрүнөт. Сүйүүдө көрө албастык, бут тосуу деген нерселер да болот турбайбы. Эки ашык качан гана эч кимдин сөзүнө ишенбей бекем турса махабаттын туу чокусун багындырат экен. Жоомарт менен Айсулуунун мамилесинин ыдырашына жаткан таштын жанын сууруп алчудай болгон Кашкараалы Бердибеков деген эме каскак болуптур. Эмнени которгонун эч ким билбеген ал өзүн “котормочумун” деп атап жана акындын артынан канжар сайма макалаларды жазат. Ошондо да тим калбаган кайран эр эми бир жомокту ойлоп чыгыптыр. Анын айтуусу боюнча, Айсулуунун сүйлөшкөн жигити Ташкентте Медицина факультетинде Иса Ахунбаев менен окуйт экен. Кызды ал жакка окууга чакырып жаткан ошолор имиш. Ахунбаев аябай киришип аяшын алып кеткени жатыптыр. Муну уккан Жоомарт жини келип ачуусу менен түз эле Устабайга барып кулагы чалган окуяны айтат.

– Негизи Ташкентке барары чын, бирок алар аркылуу эмес, – деген Устабай.

– Анан ким? Сенби? – Жоомарт күйүп алыптыр.

– Ооба, мен. Жетекчи Данияров экөөбүз.

– Данияров экөөбүз?.. Эмне, өзүңөр Ташкенттен чала окуп калыпсыңарбы?

– Андай эмес, ишенбесең Айсулуудан сура, Ахунбаевдердин тиешеси жок. Биз гана ушундай максат кылганбыз, бирок ата-энеси каршы болуп жатат.

– Ии, тигилерге өзүбүз жеткирип берели деппи?

– Жок.

– Мага кылган жакшылыгың ушубу?

Устабай үн деген жок. Жоомарттын жини келгенде ал дайыма унчукпай калчу.

– Менин бактылуу болушумду көрө албайт экенсиң да?..

– Андай эмес, Жоомарт, – Устабай ачыгын айтты, – Айсулуудан сурап көр, ата-энесинен улам Ташкентке барбай турган болуп аткан.

– Мен сүйүп жатсам, үйлөнөйүн деп турсам, сен аны Ташкентке жибергиң барбы? – Жоомарттын жини дагы деле тарабай атты.

Ошондон кийин Айсулуудан сураган. Ал Ташкентке барууну ушунчалык каалап, бирок ата-энеси айнытып жатканын баяндап берген. Анан андан Ахунбаевдерди сурамак болуп баратып куру намысы кармап: “Устабай экөөңөрдүн максатыңарды билем, тийсең тий, тийбесең Ташкентиңе кете бер, үч күн күтөм”, – деп кетип калган. Айсулуу эч нерсени түшүнгөн эмес, муңайып кала берген. Жайлоонун гүлү жашыл жайда мына ошентип күбүлгөн. Эки талдын арасынан адашкан Жоомарт кийин анын Ташкентте окуп жатканын уккан. Ал учурда Устабай Жалал-Абадга кетип калган болчу”.

Ошентип, эки жаштын ортосуна уюштурган адамдын чагымы ага өз жемишин берген. Көрө албастардын сөзүнө кирген акындын таарынычы катуу болгон окшойт, зарыгып күткөн Айсулуудан кабар албай коёт. Кийин тагдырдын буйругу менен кыргыздын чыгаан кызы Тенти Жунушбаевнага баш кошкон. Жоомарттын ажал менен алышып жаткан оор акыбалы тууралуу Самсак Станалиев минтип жазат: “Катуу кырсыктан буту, кабыргасы сынып, бооруна доо кеткен. Эзилген боордон кан токтобой агып, ар тамчысы кызыл чок болуп тама берди. Жоомарттын жаны болуп акыркы тамар тамчы качан, кантип тамар экен? Жоомарт ошону билер бекен? Доктурлардын күткөнү ушул болду. Тагдырдын буйругу менен Айсулуу акынга ушинтип дагы бир ирет кезикти. Аны айла таап ажалдан сактап кала албаганына каңырыгы түтөп турду. Айсулуу кылгырган көз жашын аарчып жатып маңдай жагында баятан бери көзүн албай тиктеп турган адамга жалт карады:

– Устабай?.. Устабайсыңбы?

– Айсулуу!

Бирин-бири кучактап калышты.

– Болор иш болду, Айсулуу. Чарасы барбы?

– Акыбалы абдан оор экен, – көзүнө жаш толо түштү, – боор канчага чыдаса… Башка айла жок. Боор жарылган, балким, жанчылган.

– Башка арга жокпу?

– Башка айла жок, Устаке, башка айла жок. Колумдан эч нерсе келбейт, – солкулдаган Айсулуу Устабайдын кучагына жыгылды. Тагдыр кайрадан кездештирип, бири-бирине арман айттырып, Жоомарт бир жолдон экинчи жолго сапар алар алдында капилет жолуктуруп койгонун карачы!.. Ошентип, келбес сапарга Айсулуу акынды өзү узатты. Жоомарт бир кезде жетпей калган махабат колунан узады”.

tenti_adyshevaБардык нерседе жаралуу жана жок болуу, төрөлүү жана өлүү бар. Ага каршылык кылууга эч кандай акыбыз жок. Ардактуу адам Жоомарт Бөкөнбаевдин аз жашаса да эли үчүн, адабият үчүн кошкон салымын, жалындуу ырларын эч качан эстен чыгарбайбыз. Айсулууга жетпей калган акын сүрөттөгү Тенти айымга баш кошкон. 

Чолпон ОРОЗАЛИЕВА, “Леди.КГ”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.