Эмнеге айдын көйнөгү жок?

(Серб жомогу)

Илгери Ай өзүнө бир кооз көйнөк тиктирмек болот.

Тикмечи анын бели-башын өлчөп, иштегени отурат. Бир топ күн өткөндөн кийин тикмечи “кел” деген күнү Ай келет. Келсе көйнөк тар, анан кыска болуп калыптыр.

– Мен жаңылып калганмын го, – деп тикмечи кайра тигип кирет.

Бир топ күндөн кийин Ай көйнөгүн алганы кайра келет.

Көйнөк кайра тар болуп калат.

– Мен дагы жаңылган турбаймбы, – деп тикмечи кайра тиге баштайт.

Арадан бир топ күн өтүп, Ай үчүнчү жолу тикмечиге келет. Келатканда тикмечи караса Ай мурдагыдан да толуп, топтоголок болуп калыптыр, азыр эле тиккен көйнөгүнө да батчудай эмес. Айласы кетип тикмечи качып кеткен экен.

Ай аны издеп, издеп таппай коюптур.

Ошентип Ай көйнөгү жок калыптыр.

Кыргызчалаган Жыргалбек Касаболотов

Соц тармактар:

One thought on “Эмнеге айдын көйнөгү жок?

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.