Жылан менен кишинин арбашы

(жомок)

Илгери- илгери бир дыйкаң болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. “Эмне болду экен?”- деп карай калса, бет маңдайында эки- үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет.

Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип, бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Жылан менен арбашып турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: “Мар”, “Могой”, “Мокочо”, “Кайыш”, “Айнек”, “Айнеккөз”, “Уу”, “Заар”, “Чаар”!

Бирок жылан эч кыймылдабай тикесинен катып турат. Дыйкан жыландын аты ушул болуп калбасын деп болжогон сөздөрүн жобурап улантат. Бирок таба албайт. Жылан анда- санда ышкырып коюп, тилин соймоңдотуп, дыйкандан көзүн албай кыймылсыз. Булардын арбашуусу созула берип, бир топ убакыт өтөт.

Түш ченде дыйкандын кызы атасына тамак алып келет. Келсе, атасы жылан менен тиктешип турат. Атасы күндүн ысыгына какталып тура берип, бүткөн боюнан шорголоп тер кетип, деми кыстыгып, ичи көөп бара жаткан экен. Жыланды караса анын да ичи көөп, шайы кетип, көзү тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр. Кыз жүрөгү түшүп бир кадам жасай албай каккан казыктай туруп калат.

Кызыын келгенин билген дыйкан: “Топчумду чеч!”- деп айтууга гана араң кудурети келет. Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс эте жарылып, сулап жатып калат. Көрсө, жыландын аты “Топчу” экен. Жыландын аты табылган соң, ичи жарылып кетиптир.

Жылан менен арбашкан адам, жыландын атын таба албаса ичи көөп, жарылып өлөт экен.

Ошентип дыйкан жыланды жеңип бала- бакырасы менен аман- эсен оокатын кылып жатып калган экен.

Соц тармактар:

One thought on “Жылан менен кишинин арбашы

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.