Баяс ТУРАЛ: ТАРЫХТЫ – КИМ БУРМАЛАП ЖАТАТ?

2008-жылдын ноябрь айында философия илимдеринин доктору, социолог, профессор Хусейин Исанын кыргыз интеллигенциясына багыттаган кайрылуусу жарык көрдү. Ал “Кыргыз туусу” баш болгон бир нече гезиттерге ар кандай аталыштар менен жарыяланды. Мисалы “Кутбилим” гезитине ал: “Кыргыз тарыхын бузуп-бурмалоодон тазалайлы. Ата мекендин руханий кайра жаңылануусуна кайдыгер эмес инсандарга Ачык кат” деген ат менен басылды.

(башы өткөн санда)

Мисалы, мына, архивдеги дагы бир материал Жантаев Шабдан менен Бошкоев Өзбек ким болушканын айтат: “Шабдан Джантаев. Войсковой старшина, манап Сарбагышской волости Пишпекского уезда, активный участник проведения политики царизма и присоединения Киргизии к России(1877-1912-ж.ж.)1.”

Бошкоев Узбек. Управитель Толкановской волости Пишпекского уезда, активный участник проведения политики царизма”(1872-1906-ж.ж.)2.

Бул жердеги “кошулушуна”(“присоединение”) деген сөз кийинки оңдолгон тарых. А чынында, бул сөздүн мааниси “Кыргыздарды Россиянын басып алышы” дегенди билдирет. Эми, ушул көз караштан алганда, Орус империясынын басып алуучулук саясатына кызмат кылган адамды кантип биз улуттук лидерлердин бири катары баалайбыз? Аны кантип Кыргызга кызмат кылган деп айтабыз?

Андан башка, анын падышалык Россия тарабынан алган “наам”, “ордендери” Шабдан Россия империясынын басып алуучулук саясатына өтө көп жана ак кызмат кылганын көрсөтүүдө. Кыргыздын бир да адамы ак падышанын алкоосуна анчалык ээ болгон эмес. Мына, карап көрөлү: “Түркстан мусулман калктарынын ичинен эң көп өкмөттүк сыйлык алган, сыягы, Шабдан баатыр гана болсо керек. Анын сыйлыктарына көнүл бурсак: 1-даражадагы ардактуу беш чепкен, 2-разряддагы бир чапан, Станислав жана Анна лентасында моюнга тагылып жүрчү эки алтын медаль жана төмөндөгү төрт медаль: а). Кокон хандыгын караткандыгынын эстелиги; б). 1853-1895-жылдары Орто Азияга жасалган баардык жүрүштөрдүн жана экспедициялардын эстелиги; в). Император Александр 111 нүн бийлигинин салтанатынын эстелиги; Кызыл крест коомунун белгиси; 4-даражадагы аскердик Георгиев ордени белгиси; жогортон сыйлык кылып берилген чынжырлуу алтын саат. Шабдан баатыр Жети-Суу облусунун элдеринин өкүлдөрүнүн арасында 1883-жылы Санкт-Петербургда өткөрүлгөн Александр 111нүн таажы кийиүү үлпөтүнө катышып, аскердик старшина(майор) чинин алган”3

Ушул наамдардын баарын Шабданга кыргыздарды Россия басып алууда “көрсөткөн эрдиктери” үчүн Россия империясынын падышасы берген. Эмне үчүн берген? Албетте, кыргыздарды Россия империясынын бийлигине баш ийдирүүдө көрсөткөн мыкты кызматы үчүн. Шабдан “жаман адам” болгон деп биз айтып жаткан жерибиз жок. Анын кандай адам болгонун кыргыз санжырасы, жазма булактар жана кыргызды Россияга каратууда аны менен бир жүргөн орус офицерлери айтып жатат. А чынында, маселе анын кандай адам болгондугунда деле эмес, маселе ал канчалык деңгээлде өз Улутуна кызмат кылган? Аны өз элинин чыгаан уулдарынын бири катары “Кыргыз тарыхына” киргизүүгө болобу же болбойбу – мына ошондо турат.

Мисалы, Т. Усубалиев 25 жыл кыргызды башкарды, бирок ал Кыргыз улутуна кызмат кылган жок. Ал, адегенде, өзүнүн кызыкчылыгына, анан Совет бийлигине кызмат кылды. Ал эми “совет бийлиги” – улуу Орус улуту түзгөн бийлик болчу. Турдакун Усубалиев улуттук духту басынткан орустун шовинисттик саясатын жүргүзгөнү үчүн 25 жыл Москва койгон жогорку бийликте турганы эч кимге жаңылык эмес. Аны азыр кыргыздын баары билет.

* * *

Жазуучу Ж. Токтоналиев аксакал Бернштамдын жазганын жана аны менен бирге окумуштуунун айтканын мисал келтирген Хусейн Исаевге каршы чыгып: “Шабдан баатырдын орус бийликтери менен алакасын үстүртөн баалаганда ошондой көрүнөт. Тарыхий документтер менен тереңирек таанышып, ички мазмунуна үнүлгөндө Шабдан баатырдын орус бийликтерине алакасы орус пулёмотунун, артиллериясынын огунан кырылуудан элди сактап калууну көздөгөнүн, кыргыз уулу катары адал болгонун көрөбүз”4.

Бирок, “Шабдан качан, кайсы элди кырылуудан сактап калган?” деген суроого эч ким так жооп бере албайт. Шабдан бар жерде деле, Шабдан жок жерде деле баскынчыларга баш ийгиси келбеген же аларга каршылык көрсөтүшкөн кыргыз урууларынын баары эле ар кандай деңгээлде кыргынга учураган.

Мисалы, түштүккө барганда Шабдан ортого түшүп, кайсы бир айылды же кыргыз уруусун кыргындан сактап калганы тууралу эч бир маалымат жок.

Ал эми 1875-жылдары куралчан жазалоочу аскер менен куралсыз элдин ортосундагы согуш кандай жүргөнүн орус офицерлеринин күндөлүктөрү эң сонун далилдеп турат. Мисалы, М. Д. Скобелев минтип жазган: “Азиядагы бейкутчулук ал жерде кырылган элдин жана кесилген баштын санына түздөн түз байланыштуу. Сокку канчалык катуу болсо, душман ошончолук тынч болот…” .

Демек, бул жергиликтүү элди канчалык көп кырсак, ошончолук биз бул жерди тынч башкарабыз деген сөз.

Жазалоочу экспедициянын катышуучусу А.Н.Куропаткиндин өзүнүн күндөлүгүндө жазганы болсо бул: “…жолуккан айыл-кыштактардын баары өрттөлүп, артыбыздан буралган түтүн гана калып отурду. Анткени, буйрук ушундай болчу. ..жем-чөп алабыз деген шылтоо менен солдаттар колго тийген нерсенин баарын – төшөктөрдү, килемдерди, ала кийиздерди, малды, аттарды, китептерди, жарактуу шаймандарды алып жатышты… Бир кенже офицер жана жоон топ солдат аялдарды зордуктап, балдарын мууздап жаткан жеринен кармалды… “5

* * *

Эгер илимий булактарга Жантай менен Шабданды мактаган жана актаган көз караштан талдоо жүргүзө турган болсок, анда тарыхты бүт кайрадан жазып чыгыш керек. Анткени, ушул убакка чейин биздин ата-бабалар баскынчыларга кошулуп, өз элин багынткандарды эмес, баскынчыларга каршы күрөшкөндөрдү мактап жана даңктап келишкен. Бул принцип кечээ Совет бийлигинин тушунда айласыз бурмаланып, “баскынчыларга” каршы күрөшкөндөрдү “басмачылар” атап жаза баштагандан тартып өзгөрдү. А негизи бул өтө калпыс, улуттук көз карашты бузган жол.

Башкача айтканда, бул көз караштын этегин кармасак, анда 18-кылымда жунгарларды ээрчитип, жол баштап, аларга кызмат кылган адамдарды мактап, ал эми душманга каршы элин уюштуруп, урушка алып чыккан эр Табылды, эр Солтоной, эр Эшим, Курманбек ж.б.д.у.с. баатырларды “акылсыз акмактар” катары эсептешибиз керек. Анткени, жогорку көз караш боюнча душманга кызмат кылгандар элин “кыргындан сактап”, ал эми биз атын атаган баатырлар элин “кыргынга учуратышкан” болуп чыгат.

А болбосо, эмне үчүн биз кытайларга же жунгарларга кызмат кылгандарды “улуттук чыккынчы” атап, ал эми орустарга ак кызмат кылгандарды кыргыздын мыкты адамдары катары карашыбыз керек? Бул эмне деген илимий көз караш? Бул эмне деген улуттук позиция?

Кечээ дал ушундай калпыс көз карашты карманган А. Акаев, “улуттук” саясатты жүргүзгөн И. Раззаковго бериле турган “баатыр” наамын, чейрек кылым бою “улутсуздук” саясатын жүргүзгөн Усубалиев Турдакунга берип отурат. Бул элдин нараазылыгын пайда кылды жана жасалма түрдө элди экиге бөлдү. Ошондо, экинчи тарап “ага караганда аз болсо да, андан таза саясат жүргүзгөн эле” деп, А. Масалиевди көтөрүп чыкты. А чынында, экөөсү тең ага татыксыз болчу. Анткени, экөөсү тең улуттук эмес, орустун шовинисттик саясатын жүргүзгөн адамдар эле.

Кары адамдар калыс болгону жакшы. Тилекке каршы, азыр антип салт сактап, нарк күткөн адамдар жокко эсе. Айрыкча, интеллигенциянын ичинде өтө сейрек калды. Же, бул атайын жасалып жатабы, же чын эле биздин элдин улуулары “ак” менен “караны” ажырата алышпай калышканбы, аны азырынча айта албайм… Бирок, кандай болгон күндө да, алар Улуттун деңгээлине көтөрүлө албай жатышканын эч ким танбастыр?…

Биздин тарыхчылардын көбү дагы деле Совет бийлигинин тушунда жашап жатышкандай ой жүгүртүшөт. Алар Кыргыз тарыхына кыргыздын көзү менен эмес, дагы деле орустун көзү менен карашууда…

* * *

Ж.Токтоналиев аксакалдын дагы бир минтип Шабданды актаганы кээде жаш баланы алдагандай түр калтырат. Мисалы, 1873-жылдын октябрь айында орус генералы Шабданды Ферганада орус аскери менен согушуп жаткан Полот хандын лагерине жашыруун өз киши болуп кирип, аны туткундоону уюштурууну буйруйт. Шабдан баатыр “мен элге чыккынчы боло албайм” деп баш тартып, кытай аскерине каршы күрөшүү үчүн Ат-Башыга кетет.

Дагы бир жолу кайталайм: эгер жазма булактарга ушундай мамиле жасай турган болсок, анда ар кандай “акты” – “кара”, ар кандай “караны” – “ак” деп түшүндүрүүгө болот. Жөн эле качып кетпестен, өлкөнүн эсебинен өзү байып, ал эми элин 2 миллиарддан ашык долларга карыз кылып качып кеткен А. Акаевди “жакшы президент болчу” деп мактап жүргөндөр да ушундай көз карашты карманган адамдар. Ал улутту “жок болчу жолго” салып кеткенин жан талашып тангандар – душмандар, ал эми мамлекетти кандай абалга алып келгенин түшүнө албагандар – түркөйлөр.

Биринчиден, Шабдан “элиме чыккынчы боло албайм” деп, калың кол баштаган анжияндык Полот ханга каршы барбаганы менен алакандай жерде жашаган алайлык аз кыргызга каршы орус аскерин баштап барганы санжырада да, жазма булактарда да айтылып жана жазылып келатат. Алайлык кыргыздарды тилекке каршы ал орустун пулёмотунун огунан сактап кала алган эмес. Абдылдабектин орус генералына жазган катына караганда, эмнегедир, баскынчылардын алдамчы, сөзүнө турбаган эки жүздүү адамдар экенин алайлык кыргыздар билишкен. Ошол эле учурда, орус генералдарынын кандай адамдар экенин алардын жанында жүргөн Шабдан билбей калышы мүмкүн эмес эле. Балким, ал ошентип “билмексен” болуп жүргөнү үчүн ак падышадан “аскер старшинасы” деген чин жана өз элине каршы жасаган “эрдиктери” үчүн “ордендерди” алгандыр? Орус генералдары андай жогорку наамдарды ага эмне үчүн беришкенин жөн адамдар билбесе да, биз тарыхты окугандар билебиз. Биздин сөзүбүздү жогоруда биз шилтеме берген архивдик материалдар да далилдеп турат.

* * *

Элдин ичинде суроо туудурган дагы бир факты бар. Ал, Шабдандын “баатыр” атагын алып жүрүшү. Жеке мен билгенден Шабдан адегенде атасы Жантайдын ордун басып тынай уругунун, анан жалпы сарбагыш уруусунун манабы, анан ошону менен бирге, орустар келген кезде алардын колониялык саясатын жүргүзүүгө кызмат кылган орус аскеринин “офицери” катары белгилүү болгон. Качан, каерде, кандай баатырдык көрсөткөнүн эч ким билбейт? Санжыраларда да, жазма булактарда да андай маалыматтар жок. Себеби, кыргыз тилинде жөө күрөштүн, же кара күчтүн алпы аталган “балбандан” айырмаланып, “баатыр” – ал ат үстүндөгү жоокер адам. Б а. ал ат үстүндө душман менен бетме-бет согушуп, найза сайган, кылыч чапкан, жаа тарткан эр адамдардын күчтүүсү, мыктысы. Менимче Шабдандын тушунда деле “баатыр” деп, жогоруда мен айткандай адамдарды айтышкан. Бирок, Шабданда ошондой мыкты сапаттын болгону белгисиз. Анда, эмнеден улам, кандай эрдиги үчүн ал “баатыр” атагын алып жүрөт?

Сүрөтүндө жана ага тургузулган эстеликтерде деле анын баатырдык сүрү көрүнбөйт, кийген кийимине караганда ал кадимки эле орус аскеринин офицери. Балким, ага бул атакты орустар бериши мүмкүн?.. Анткени, ал чын эле кыргызды кырган орус армиясына чын дилинен ак кызмат өтөгөн. Болбосо, кыргыздар качан орус офицеринин киймин кийген адамды “баатыр” деп айтты эле? Же, кыргыз өз элин башка элге баш ийдирип берген адамга “баатыр” деген атак берди беле?..

ОРМОН ХАН ТУУРАЛУУ

Сарбагыштын санжырачылары көкөлөтүп айтып жүргөн Ормон ханды да биз жалпы “Кыргыздын ханы” деп айта албайбыз. Биринчиден, аны “Кыргыздын ханы” деп аташ үчүн бүт Кыргыздын Оң, Сол жана Ичкилик урууларынын билгилери, бийлери, төрөлөрү жана ошондой эле атактуу адамдары жыйылып келип шайлаш керек болчу. Ормон ханды Оң Канат кыргыз урууларынын бийлери гана шайлашкан. Ал да шартка жараша чукул арада өткөрүлгөн. Б. а. “кыргыз-казак” согушунда гана салыштырмалуу түрдө Ормондун “хан” атагы болбосо, калган учурда ал сарбагыш уруусунун бийи катары гана кала берген. Кыскасы, анын хандыгы Оң Канаттын чегинен ашкан эмес. Ага, ал турсун, кийин бир тууган бугу уруусу да баш ийбей калган. Анан аны кантип “кыргыздын ханы” деп атайбыз? Анткени, “хан” деген сөз бир уруунун же эки уруунун башчысы эмес, бир элдин, мамлекеттин башчысы аталат.

4 № 02-11. Реестер описей фондов дореволюционного периода., №75., Коллекция “восстание киргизов в 1916 году и присоединение Киргизии к России” (1916-1920ж.ж.)

5 Ошол эле жерде.

(Уландысы бар)

“Ачык саясат” (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.