Эки элдин сыймыктуу уулдары

“Кыргызстан менен Казакстан: түбөлүк достук” конкурсуна

Ай жанында туулат жарык жылдыз,
Айдың көлдө сүзүшөт камшат – кундуз.
Өзүн-өзү жашырган жигит эмес,
Этим казак болсо да затым кыргыз.
Жөжө КАРЖАБАЙ уулу
(1808-1895-жж.)

Башымда ак калпагым кызылдан чок,
Бул сыяктуу калпакты кийгеним жок.
Кийгеним үстүмдөгү алтын тонум,
Токсон жашка келгенде болду жолум.
Жамбыл ЖАБАЕВ

Мухтар Ауэзовдун эки эрдиги

Теги кыргыз болсо да кадимки Абай туулуп-өскөн жердин канаатташ айылдарынын биринде чоңоюп, өсүп, ташка тамга баскандай курч өлөңдөрү, айтыштык өнөрдөгү кайталангыс чеберчилиги аркылуу бүткүл казак журтуна таанылган Жөжө акын “этим казак болсо да, затым кыргыз” деп айтса, жакында арабыздан кеткен улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун улуу Жөжөнүн жогорудагы сабын түздөп, “сөөгүм кыргыз болсо да, этим казак” деп айтканга толук моралдык укугу бар эле. Улуу жазуучубуз Жөжөдөй антип ыр түрүндө айтпаган менен өзүнүн өлбөс чыгармаларында, публицистикалык, философиялык макалаларында эбак эле айткан, өзүнүн эки элге орток сүрөткер жана инсан экендигин, бүткүл чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги, атүгүл жекече мамилелери аркылуу биротоло ырастап кетти. Айтматов кыргыз жергесинде туулуп-өскөн менен ага ак батасын берип, сөздүн толук маанисинде чоң адабиятка жетелеп киргизген, эки элге ортоктош экинчи инсан, сөөгү казак болсо да, эти кыргыз Мухтар Ауэзов болду. Чындыгында Мухтар Ауэзов кыргыз маданияты үчүн кыргыз эли барда эч качан унутулбас эки эрдик жасады. Биринчиси, 1952-жылы “Манас” эпосун “саясый репрессиядан” сактап калды. “Манас” эпосун элдик оозеки чыгармачылыктын бир түрү катарында иликтеп, изилдеп, бастырып, окурмандарга сунуш кылуу керекпи, же эскинин зыяндуу көрүнүшү катарында пайдалануудан таптакыр алып салып, аны анафемага берген туурабы? – дегендей маселе коюлганда, ал маселе каралган илимий конференцияда Мухтар Ауэзовдун “Манасты” жактаган баяндамасы чечүүчү роль ойногон. Экинчиси, ал Кеңешбек Асаналиев сыяктуу эсептелүү гана адамдар таланттуу жаш прозачы катарында эсептешсе, ошол убактагы кыргыз адабиятынын дөө-шаалары кабыл алгылары келбеген жаш Айтматовго союздагы эң абройлуу басылмалардын бири аркылуу ак батасын берип, “Литературная газетага” “Ак жол!” (“Путь добрый!”) деген макаласын жарыялап, “Чын жүрөгүмдөн ага ийгиликтерди каалаймын!” деген каалоо менен гана чектелбестен, “Жамийланы” ошол убактагы дүйнөдөгү адабий корифейлердин бири Луи Арагонго сунуш кылып, ага повестти француз тилине которттуруп, авторду аны менен тааныштырып, ошол убакта орус тилинде он томдук чыгармалар жыйнагы чыгып, союздун саясый жетекчилигинин чоң колдоосуна ээ болуп турган автордон “… И вот здесь, в этом горделивом Париже, Париже Вийона, Гюго и Бодлера, Париже королей и революций, многовековом Париже художников, где каждый камень – напоминание о какой нибудь истории и легенде, в городе, где было столько любящих, … в этом Париже, который все перевидел, все перечитал, все испытал, для меня вдруг не стало ни “Вербера”, ни “Береники”, ни “Антония и Клеопатры”, ни “Манон Леско”, ни “Воспитания чувств”, ни “Доминики”, это потому, что я прочёл “Джамилю”, не стало для меня Ромео и Джульетты, Паоло и Франчески, Эрнани и доньи Соль. … Поразительная удача “Джамили” в том…” деген жогорку бааны алып бербегенде, жаш автордун союздук, анан дүйнөлүк аренага чагылгандай тездикте чыгуусу кыйын эле. Атүгүл жергиликтүү адабий дөө-шаалардын тепкилеринен чыкпай, биротоло чүнчүп, башка жолдордун бирине түшүп кетүүсү да мүмкүн болчу. Андай “Фудзиямадагы” Сабырдыкындай тагдырга учураган акын-жазуучулар кыргыз адабиятында жетишерлик эле болгон.

Чыңгыз Айтматовго Лениндик сыйлыктын ыйгарылышында да Мухтар Ауэзовдун ролу чоң болгондугун, комитеттин 1961-жылдагы отурумунда эле Ауэзов эски досунун монументалдуу “Тоо арасында” романын же Сүйүнбай Эралиевдин “Ак мөөрүн” эмес, Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын” колдогондугун Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнүн “Бел-Белес” деген жыйнагында терең өкүттө эскерген. Маркум Түкөбүздүн логикасына ылайык, эгерде 1961-жылдагы отурумда Ауэзов ал жолу Айтматовдун талапкерлиги баары бир өтпөй турган болгон соң “Я предпочитаю Джамийлу” дебестен комитеттин төрагасы Н.Тихоновго кошулуп “Тоо арасынданы” колдоп койсо, мүмкүн ал өтүп кетмек экен. Бирок, андай ич күптүлүккө карабастан эки улуу инсандын ортосундагы мамиле бузулган эмес. Аталган китебинде Түкөбүз Мухтар Ауэзовдун көзү өткөнчө аны менен чыгармачылык байланышта гана эмес, үй-бүлөлөрү да катышкан достук мамиледе болуп өткөндүгүн эскерет.

Улуу устатынын чечүүчү мезгилдеги андай колдоосун Чыңгыз Айтматов да эч качан эсинен чыгарбаган. Кийин Айтматовдун демилгеси менен Мухтар Ауэзовдун чыгармаларынын негизинде “Кыргызфильмде” кеңири таанууга, эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга арзыган “Караш ашуусундагы атылган ок”, “Көк серек” деген кинотасмалар тартылды. Ал Ауэзовдун мурда ар кандай себептер менен жарык көрбөгөн “Лихая година” деген китебинин басылып чыгарылуусуна демилгечи болуп, ага баш сөз да жазды.

“Менимче, Пушкин өз кезегинде орус маданиятын өнүктүрүүгө кандай салым кошсо, – деп жазган Ч.Айтматов өзүнүн улуу устатына арналган макалаларынын биринде, – Ауэзов азыркы Орто Азиялык көркөм ой жүгүртүүнү жана жалпы руханий турмушту калыптандырууга ошондой таасирин тийгизди”. Ал өмүрүнүн акырына чейин Мухтар Ауэзовдун чыгармаларын Борбордук Азиядагы элдердин, жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий чокуларынын бири, көркөм сөз өнөрүнүн эталону катарында баалап келди. Боордош казак адабиятындагыларды да кыргыз адабиятынын маселелериндей карап, С.Сейтхазин, Ш.Муртазаев, И.Жаканов, А.Кекильбаев, К.Мухамеджанов, Г.Мусрепов, О.Сулейменов, М.Шаханов сыяктуу көптөгөн казак акын-жазуучулары менен достук мамиледе болуп, аларга мүмкүнчүлүгүндөгү колдоолорун көрсөттү. Убагында дүйнөлүк окурмандарга Айтматовду Ауэзов тааныштырса, казак маданиятындагы, адабиятындагы жакшы көрүнүштөрдү пропагандалоодо Айтматов ошондой миссияны аткарды десек болот.

Мындай эки элге орток болуу – айрым сөздөрүндөгү бирден экиден тамгалары гана башкача болбосо, калган жактары ботонун эки көзүндөй, төөнүн эки өркөчүндөй, тоонун эгиз чокусундай, куштун кош канатындай, акын Абдылда Тажибаев “менин да бетим жапжалпак, айырмам жок кыргыздан” деп тамашалагандай окшош кыргыз менен казактан чыккан таланттарга, мыктыларга мурдатан эле мүнөздүү болгон. Чохан Валихановдун кыргыздардын тарыхын, элдик оозеки чыгармалрын изилдөөдөгү ролу чоң. Шакирти, чоң акын Кенен Азербаевдин эскерүүсү боюнча Жамбыл Жабаев кыргыздарды аралаганда “Кабланды”, “Камбар”, “Козу көрпөш Баян сулуу”, “Кыз Жибек”, “Эр Таргын” ж.б. менен кошо “Манастан” үзүндүлөрдү да таң атканча айтчу экен. Токтогул баштаган кыргыз акындарынын көпчүлүгү комузду кандай чертишсе, домбурада да ошондой ойной билишкен. Кыргыз, казак акындары аш-тойлордо дайыма бирге болуп, чогуу айтышып жүрүшкөн. Азыр деле Кыргызстандагы чоңураак айтыштары казак акындарысыз, Казакстандагы андай иш- чаралар кыргызстандык өнөрпоздордун катышууларысыз өтпөйт.

 

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы казак темасы

“Жөөлүгөнсүп өзүн-өзү сөгүнүп, кар баскан көчөдө күйүп-жанып бараткан Танабай Чоронун үйүн көздөй нарытан бастырып келаткан топ атчанды көрдү. Унчукпай жоон карайткы болуп келаткан атчандар жакындай бергендей жабыла өкүрүк салып, чаба жөнөдү:

– Ойбай, баурым-ай! Ойба-ай баурым!

“Казактар келген экен”, – деди ичинен Танабай. Шумдуктун болгонуна күдүктөнгөн көңүлү ошондо ишенди: Чоро өлгөн тура! Күркүрөө суунун өйүзүндөгү казактар Чорону өз тууганындай көрүп, жалпы аймакка кадырлуу киши экенин урматтап, азасына кайгырып, суу кечип, эртелей жетип келген тура.

“Рахмат силерге, казак туугандар, – деди ичинен Танабай. – Ата-бабабыздан бери кайгырсак кайгыбыз орток, кубансак кубанчыбыз орток, маараке-тойдо байге жарыш, көкбөрүбүз орток. Ыйлагыла, туугандар. Чородон айрылган биз менен бирге ыйлагыла!”

Бул Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повестиндеги адилетсиздикке ачык каршы чыга албаса да, аны менен келише да албай, эски досунун ачуу сөздөрүнө, зомбулукка жан дүйнөсү ууккандан мүрт кеткен парткомдун катчысы Чорону акыркы сапарга узатып жаткандагы эпизоддон. Бул кичинекей эпизоддо Танабайдын канаатташ жашаган калктагы тааныштарына карата күндөлүк мамилелеринин бир үзүмү аркылуу жалпы кыргыздардын боордош элге карата ички сезимдери чагылдырылган десек болот. Мында айтылгандай биздин мыкты чыкма таланттарыбыз гана эмес, элдик оозеки чыгармаларыбыз, каада-салттарыбыз, ырым-жырымдарыбыз да ортоктош. Жомокторубуздун көпчүлүгү жөн эле бир оригиналдан которулгандай көрүнөт.

Айтматов мындай этногенезистин биргелигин, тагдырыбыздын ортоктоштугун жана өзүнүн казак элине болгон симпатиялуу терең сезимдерин жогорудагыдай эпизоддук көрүнүштөр, жекече мамилелер аркылуу гана эмес, монументалдуу чыгармаларында боордошторубуздун өлбөс-өчпөс көркөм бейнелеринин галереясын түзгөн сүрөткер. Анын көркөм чыгармачылыгында казак темасы “Жамийладагы” жарым кыргыз, жарым казак Даниярдан башталат. Ал эми “Саманчынын жолу”, “Бетме бет”, “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар” сыяктуу башка чыгармаларында кыргыз жергесиндеги окуяларды чагылдырган менен алардын подтексттеринен казактын кенен талаасынын масштабы, арымы сезилип турат.
Казак жергеси, эли жана маданияты жөнүндөгү маселелер мурда автордун макалаларында жана публицистикаларында салмактуу орунду ээлеген менен көркөм чыгармаларында эпизоддук көрүнүштөрдөн болуп келсе, анын чыгармачылыгынын туу чокусу болгон “Кылым карытар күн” романынын “топурагы” толугу менен казак жергесинен алынып, поезддер батыштан чыгышка, чыгыштан батышка тынбай өтүп турган кичинекей бороондуу бекеттеги казактардын турмушуна арналган.

Биз эң жогорку көркөмдүк чеберчиликте, элдик эпостордой тереңдикте жана философиялык кеңири масштабдуулукта жазылган романдан казак элинин мыкты өкүлдөрүнө мүнөздүү жогорку моралдык, нравалык сапаттарды алып жүргөн темир жолчу Эдигейди, аны менен өмүр жолдош болуп, ысык-суугун тең бөлүшүп келаткан Үкүбаланы, өмүр бою бекетте иштеп жүрүп, кайтыш болгон Казангапты, зомбулуктун машинасынын жазыксыз курмандыгы болгон, жөнөкөй айылдык мугалим болсо да ички дүйнөсү, өзгөчө тарыхый эс тутум жөнүндөгү түшүнүгү кенен, үй-бүлөсүнө өзгөчө берилген Абуталип Куттыбаевди көрөбүз. Анын дептериндегилер аркылуу Чынгызхандын ак булуту, маңкурт жөнүндөгү легендаларга, Раймаалы менен Бегимайдын сүйүүсү жөнүндөгү баянга, Сары-Өзөк космодромундагы планетардык мааниси бар окуяларга күбө болобуз.

Бул романда казак талаасын мекендеген адамдар гана эмес, андагы Каранар, алтын мекре, Жолборс ит, тумшугуна бир нерсе илиндире албай темир жолду бойлой шимшип жүргөн ач түлкү сыяктуу жан-жаныбарлардын бейнелери, ички дүйнөлөрүндө болуп жаткан уйгу-туйгулар өзгөчө ишенимдүү, эсте каларлык деңгээлде ачылып берилген. Романда казактын кеңирсиген талаасы Курмангазы “Сары Арканы” черткендей, Жамбыл менен Кенен домбураларын күүлөшкөндөй жаңырыктап ырдап турат. Бул жагынан “Кылым карыткан күн” кыргыз адабиятына гана эмес, казак адабиятына да тиешелүү. Романды арабыздан өтүп кеткен улуу сүрөткердин казактын кеңирсиген жерине, руханий дөөлөттөргө бай, жогорку ыймандуулук сапаттарды туу туткан элине терең таазими, ортоктош эки элге калтырган белеги десек болот.

 

Үлгү болчу чыйыр

Адатта дүйнөгө белгилүү, чоң масштабдагы сүрөткерлердин арасында башка бирөөлөр, өзгөчө эл аралык коомчулукка анча белгисиз инсандар менен бирге авторлош болуп, бирге чыгарма жазгандар өтө сейрек кезигет, жокко эсе десек да болот. “Карышкырдын сырттаны жалгыз жүрөт, топтошуп аңчылыкка чыгуу чөөлөргө мүнөздүү көрүнүш” дегендей, алар чыгармачылыкта иркешип-чиркешкенди жактырышпайт.

Айтматов роман, повесттерин жалгыз жазган менен драмаларга, публицистикага келгенде башка бирөөлөр менен бирге иштешип, авторлошкон учурлары болгон. Алгач ал Калтай Мухамеджанов менен бирге “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасын жаратты. Анан Тажик драматургу Б.Садыков менен байыркы доорго арналган “Куюн” киноповестин жазды. 1995-жылы Япон философу Дайсаку Икеда менен бирге “…жеке адамдын тагдыры менен адамзаттын тагдырын, саясат, маданият, дин жана экономика ж.б. призмасы аркылуу өткөрүп, философиялык ой жүгүртүү менен жалпылашып, жашоодогу адамдын улуулугун даңкташкан” (А.Акматалиев) “Ода величие духа”, 1996-жылы Мухтар Шаханов менен биргеликте “Жар үстүндөгү аңчынын ыйы” (“Плач охотника над пропастью”) деген жансыр-баян китептерди чыгарды.

Мындан көрүнүп тургандай, улуу жазуучубузга авторлош болгондордун жарымы – Калтай Мухамеджанов менен Мухтар Шаханов экөө казак элинин белгилүү инсандары болуп саналышат. Мында Чыңгыз агабыз менен казак, кыргызга экинчи ортоктош инсан, эки элдин эл акыны Мухтар Шахановдун жекече мамилелери өзгөчө симпатиялуу гана эмес, биргелешкен чыгармачылык иштери да өзгөчө жемиштүү болгондугун белгилей кетүүбүз керек. “Жар үстүндөгү аңчынын ыйы” өзүнүн формасы, мазмуну боюнча уникалдуу эмгек.

Адабиятчы Владимир Коркин туура белгилегендей, диалог формасындагы түзүлгөн эмгекте, тектери гана эмес, руханий дүйнөлөрү да боордош чыгармачыл инсандар конкреттүү фактылардын негизинде, тарыхка ретрореспективдүү анализ жасоо менен учурдун улуттук маданият жана ааламдаштыруунун терс жактары, мекенчилдик жана жалпы адамзаттык гуманисттик идеалдар, бийлик жана ыймандуулук, тарыхый эс тутум жана анын азыркы учурдагы мааниси сыяктуу актуалдуу маселелер жөнүндө ой жүгүртүшүп, кеңири пикир алмашышат. Авторлор козгогон маселелер окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Эки үлкөндүн диалог-жансырлары окурмандардын жан дүйнөлөрүнө угут таштап, логикалык жактан өнүктүрүүнү, улантууну талап кылып да жаткансыйт. Бул жагынан эки агабыз кыргыз менен казактын кийинки чыгармачылдарына үлгү болорлук чыйыр баштап коюшту десек болот.

 

Казакстандагы Айтматовдун мектеби

“Соңку жылдарда казак адабиятында Чыңгыз Айтматовдун таасири тийбеди, андан үйрөнбөдү деген жазуучу аз чыгар. Алдыңда ушундай устатың болгону бакыт. Көп нерсени үйрөнөсүң, көп нерсеге жаңы көз менен карайсың” (Саин Муратбеков), “Менин пикирим, адабиятка тек жазуучу Айтматов гана келген жок, аны менен бирге жаңы мектеп – Айтматов мектеби келди. Ал чоң мектеп, анын тамыры да терең. Биз ал мектептен таалим ала турганыбызды ар качан мактаныч менен айтабыз” (Баккожо Мукаев). Казак жазуучуларынын жогорудагы пикирлерине Ала-Тоодон Орунбургка, Ом менен Томго чейин созулган кеңирсиген талаада жашап, иштеп жаткан чыгармачыл инсандардын басымдуу көпчүлүгү кошулат го деп ойлойм. Анын чыгармалары миңдеген казак жаштарын шыктандырган, Саттар Сейтхазин, Мухтар Шаханов, Жапар Өмүрбеков сыяктуу ондогон акындар Айтматовго, анын кейипкерлерине арнап ырларды жазышкан. Илья Жаканов “Даниярдын обону” деген обон да чыгарган. Казакстанда улуу жазуучубуздун чыгармалары боюнча Кыргызстандагыдан кем эмес доктордук жана кандидаттык диссертациялар жакталган жана ал процесс улантылууда. Демек, бир сөз менен Кыргызстандагыдай эле Казакстанда да Айтматовдун мектеби өнүгүп жатат деп айтсак болот.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, “Кыргыз Туусу”, 13.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.