Саламат САДЫКОВА, Кыргыз Эл артисти: “Концертте басып жүргөн адамды көрбөйсүң”

Өзүнүн мукамдуу үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова жакында эле Европанын бир катар мамлекеттеринде жеке концертин берип, нукура кыргыз музыкасын даңазалап кайтты. Сапардын жыйынтыгы тууралуу аны кепке тарттык.

– Концертиңизди Европанын кайсы өлкөлөрүндө коюп келдиңиз? Сапарыңыз ийгиликтүү болдубу?
– Бул жолу бир жыл мурда түзүлгөн келишим боюнча Голландия, Белгия, Люксембург мамлекеттеринин бир катар шаарларында өзүмдүн жеке концертимди берип кайттым. Көөдөн толо кызыктуу сапар болду деп айта алам. Эң жакшы адамдар менен тааныштым, мээримдүү, жароокер анан дагы сүйкүмдүү адамдар менен иштештим. Алардын жүрөгүнөн төгүлүп айткан ыраазычылыгы жаныңды тазартат. Жогорку маданияттуу, чыныгы адис адамдар менен иштешүү бакыт, ырахат эмеспи. Ал жакта көрүүчүлөр музыканы абдан кунт коюп, дилгир угушат экен. Албетте, залда адашып келип олтурган көрүүчүнү таппайсың. Себеби, биринчиден маалыматты интернет аркылуу алышып, күн мурунттан эле музыкалык сайттардан тигил же бул артист менен азын оолак таанышып туруп анан келишет экен. Мындайда залда чыныгы көөнө маданиятка кызыккан адамдар болот. Концертте басып жүргөн, ушак айтып сүйлөшүп олтурган адамды көрбөйсүң. Мен чакыруу алган концерттик уюмдун эң башкы жетекчиси концертим Утрехт деген шаарда өтүп атканда өзү баштан-аяк катышып, аягында кубануу менен, толкундануусун жашырбай рахматын билдирип жатты. “Эң алгач сенин үнүндү укканда көздөрүмдөн жаш кетти. Мен сени таап алганыма кубанычтамын. Дагы жаңы долбоорлордо жолугабыз”, – деп жылуу ойлорун жашырган жок. Ушунун өзү менин концертимдин ийгиликтүү өткөндүгүнүн бир далили го дейм. Ал эми концерттин башында “кыргыз музыкасынын ханышасы алдыңарга чыгат”- деп жаркылдатып чакырып жатты.

– Мурдараак радиого берген бир маегиңизден “Буга чейин аз айлыкка эле иштеп жүргөн болсом, эми эмгегимдин акыбети кайтып коммерциялык негизде ырдайм” деп айтканыңызды угуп калдым эле. Сапарыңыз олжолуу да болсо керек?

– Ооба, мен он алты жашымдан тарта мамлекеттик маданият тармагында кынтыксыз таза ак кызмат өтөдүм. Өмүрүмдүн акырына дейре ушул калыбымда элимдин эрмеги болсом дегенмин. Бирок, мени керексиз ырчынын жагдайына тушуктурган айрым тобокелдүү өз пайдасын көздөгөн митаам, адамдардын көзүн будамайлоого көнгөн бюрократтардын доорунда тагдырым оюнга айланып, кайдыгерлердин казаны кайнап жатканда мен ишсиз калган күндөрдү баштан кечирдим. Бирок мен кайратымды жоготподум, Кудайга миң ыраазымын азыр мен дүйнөлүк деңгээлдеги өзүнүн жүзү бар, тили башка болгону менен дили, ою бир, талантымды баалаган адамдарга жоолуктум. Ошолор аркылуу аалам кезип кыргыз обондорун даңазалап, кыргыз элимдин атынан ыйык кызматымды өтөп ырыскымды да башка журттан таап жан багып атам. Буга да шүгүрчүлүк, кантейин, арамза адамдар эч качан коомду алдыга жетелебейт тура. Бүгүн биз дем берүүчү, сыймыктануучу ичинде арамы жок адамдарга муктаж болуп тургандайбыз. Анткени, дени соонун жаны соо дейт эмеспи, айтор, элибиз аман болсо ой-мүдөөлөр ишке ашаар күндөр да келер.

– Бийликти сындаган сөздөрүңүздү угуп жүрөбүз. Саясатка кирейин деген оюңуз барбы?

– Бийлик, сасыган саясат туурасында кеп кылбай эле коелучу. Көкөйгө көк таштай тийди. Кайсынысын айтайын, айткан сөздөн майнап жок баягы көпкөн бюрократ көпкөн бойдон мурдун балта кеспейт. Элибизде “Кыздын жайын ынак билет, сөздүн жайын кулак билет” дейт. Бүгүн ынак кайда, кулак кайда, туш тарабым тунжурайт…

Саламат Садыковага филармониядан орун жокпу?
Саламат Садыкова узаткан суроолорубузга кыскача жогорудагыдай жооп берди. А ушундай дүйнө сахналарын дүңгүрөткөн кыргыз таланты эмне үчүн бүгүн өзүбүздүн чоң сахналарыбыздан көрүнбөйт? Эмне үчүн кыргыз таланттарынын экинчи үйү боло турган филармониядан жумуштан четтетилет? Жаңы бийликтин келиши менен “эски бийликтин ырчылары” делинип бир катар ырчылар өгөйлөнгөнү, аны менен катар Саламат Садыкованы дагы Кыргыздын сахнасынан сүрүп чыгарып коюшканы өкүндүрөт. Кайсы күнөөсү үчүн?.. Болгон доомат “Акаевдин ырчысы болгон” дешет. Эгер кине коюп аткандар көзүн чоң ачып карап көрсө, Саламат Садыкова Акаевге чейин, Усубалиевдин тушунда эле өзүнүн таланты менен топ жарып чыга алганын ким тана алат? Маданият министри Султан Раев менен филармония жетекчиси Керим Турапов телевидениелерге “Саламат Садыкованы көп чыгарбагыла” деген команда бергенин кулагыбыз чалганы бар. Ошол эле Керим Турапов Акаевдин тушунда ырдаган жок беле? Же Садыкованын филармонияда таза иштеп, аброй күткөнүн көрө алышпаганыбы?.. Негизи нукура таланттуулар көпчүлүк учурда көралбастыктын курмандыгы болуп келишет. Болбосо кыргыздын нукура чыгармачылыгын даңазалап, Саламат Садыковадан ашып түшүп ырдаган кайсы ырчы бар? Сахналаштары андан кыргыз сахнасын кызганып атса, Кудай ага дүйнөнүн сахнасына эшик ачып койду. Бул көздүү мончок жерде калбайт дегендик. Кыргыз тарыхында буга чейин фольклордук ырчылардан эч ким чет өлкөгө жеке концертин коюп барган эмес. Эми салыштырып көрүңүз, окурман, таланты менен таш жарган ырчы жумушсуз жүрөт, ал эми филармониянын ичинде кишинин санын көбөйтүп жүргөндөр “Даңк” орденин алып атат. Бийликтин көзү түз болсо дал ушундай таланттарыбыздын тагдырына көңүл буруп койбойбу?

Дилбар АЛИМОВА, «Учур», 12.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.