Бишкекте “Йозеф Гайдн жана Чыгыш” деген лекция-концерти өтөт

30-апрелде Кыргыз улуттук консерваториясында австриялык музыканттардын “Йозеф Гайдн жана Чыгыш” деген лекция-концерти болот. Бул тууралуу “КАБАР” агенттигине Кыргыз Улутук консерваториясынын илимий иштер оюнча проректору Екатерина Лузанова билдирди. Иш-чараны Кыргыз Улуттук консерваториясы менен бирдикте Австриянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчилиги уюштурууда. ” Улуттук музыка белгилүү композиторлордун чыгармаларына өзүнүн тарыхын, маданиятын жана мамилесин туюнтат. Дээрлик бардык европалык композиторлордо чыгыш күүлөрү бар”,- деп белгиледи Е.Лузанаова.

Австриялык музыканттар Надя Каяли, Андреас Викидаль жана АКШдан Женнифер Девисон музыкалык окуу жайларынын студенттери жана окутуучулары үчүн улуу композитор Й.Гайдндын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө лекция окушуп анын чыгармаларын аткарышат. Ал эми 29-апрелде “Йозеф Гайдн жана Чыгыш” деген темада мастер-класс өткөрүшөт.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 15.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.