Канткенде адам уулу адам болот?

aytmatovЗалкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун урматына Кыргыз-түрк студенттер коому «Канткенде адам уулу адам болот?» деген темада ЖОЖдор арасында дилбаян конкурсун уюштурган эле. Мына ошол дилбаяндын жыйынтыгы март айынын башында «Достук» күнүнө карата «Сейтек» балдар маданий борборунда өтүп, конкурстун жеңүүчүлөрүнө Осмонакун Ибраимов грамоталарын тапшырган.

Конкурстун жеңүүчүсү болуп К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филология факультетинин IV курсунун студенти Венера Туманова табылган. Биз мына ошол жеңишке жетишкен автордун дилбаянын гезит бетине жарыялоону туура көрдүк.

«Адам» сөзү өзү төрт гана тамгадан турганы менен, өз ичине жандырмаксыз табышмакты камтыган татаал жандык.

Адам – ыйыктын ыйыгы. Бирок ошол эле учурда адамдан өткөн жырткыч жок. Улуу перс акыны О. Хаям:

Бул дүйнөдө терең сырдуу ар ишке,

Кабары жок о, татына наристе.

Төрт нерсе айтам, билсең – алар өзүңсүң,

Адам жырткыч, тажаал жана периште,-деп адамды бир караганда периште, ошону менен бирге жырткыч да экенин төрт сап ыры аркылуу таамай айткан.

Ата-энелер дайыма балдарына (кыз-эркегине карабай): «Балам, адам бол!» деген ыйык сөздү буйрук иретинде айтышат. Бирок биз канткенде алар ойлогондой адам болобуз? Дегеле кандай адам болуубуз керек?

Улуу залкарыбыз Ч.Айтматов мындай деген экен: «Баарынан күнүгө адам болуу кыйын». Бул асыл оюнда жөн гана адам болуу эмес, нак адамдык сапатты, адамдык ыйык касиетти алып жүрүү кыйындын кыйыны, тозоктун тозогу дегендик. Менимче, андай ыйык касиеттерге бардыгыбыз ээ эмеспиз. Балким андай касиеттерди бир гана улуу адамдар алып жүрөр. Ойлоп коём, эгер баарыбыз алардай болгонубузда жер бетинде, негизи эле жашообуз бейпилчиликте өтмөкпү, ким билсин?!

Немец ойчулу Г.Лихтенбердин: «Адам болуш үчүн улуулардын жолун жолдоп, келечекке жол сала билиш керек» деген пикири бар. Чындыгында өздөрү өтүп кетишкени менен, аты, айткан сөздөрү, кылган эмгектери эл катмарына сиңип, адам коомунда, адам тарыхында түбөлүк жылдыз болуп калган инсандар бар эмеспи. Мына ошолордун айткан сөздөрүнүн маанисине түшүнүп, кылган иштерин баалай билип, алардын мыкты сапаттарын өзүбүзгө өрнөк кылсак, менимче биздин нак адам болуп калыптанышыбызга бул нерсе да таасир этпей койбойт.

«Канткенде адам уулу адам болот?» деген залкарыбыздын көтөргөн темасы эң бир орчундуулардан болуп, ал гана эмес алп жазуучубуздун чыгармаларындагы каармандарынын арасында да тартышууга алынды.

Ызылдап биринен бири оозунуп кол көтөрүп талкууну жандандырып, ар ким өз оюн жагымдуу сөз аркылуу билдирип, активдүү катышып жатышты. Бүгүн да адаттагыдай тегерек үстөл үстүндө жандуу, кызуу талкуу. Баягысындай эле кары-жашына карабай баары келген. Жамийла, Ильяз, Танабай, Бостон, Толгонай, Эдигей, ал гана эмес орус экенине карабай, талкууну эч калтырбай келип жүргөн Филофей, ага бетме-бет Сейде отурат. Кирск да, Исабеков да, портфелин, дүрбүсүн көтөрүп демейде келбеген Бала да келиптир. Дагы, дагы айтып отурса киши көп. Кыскасы, зал жык толгон.

Бүгүнкү тема: «Канткенде адам уулу адам болот?». Талкуунун алып баруучусу – биринчи мугалим аталган Дүйшөн агай.

Танабайдын сөзүнөн улам, Сейде сөз алды.

– Эми туугандар, адам болуу албетте кыйын. Мен буга чейин Ысмайылдын адамгерчиликке жатпаган жорук-жосунуна, аны жолдошум катары сыйлап сүйгөндүгүм үчүн, балдарымдын атасы болгондугу үчүн баарына көз жумуп келип, акыры чыдай албадым (тыным алат).

Бирок, чынында ал адамдык туура жолдон тайып, айбан жасай турган иштерге өттү. Мен туура кылдым деп ойлойм. Аныма эч өкүнбөйм… (токтолуп туруп калды).

Тескерисинче, кээде өзүмдү ичимден жейм: «Неге эбак кылбадым?»-деп. Ысмайыл бүтүндөй адамзат кыйналып турган кезде, өзү адам болуп туруп, адам кылчу эмес, айбан, жөн да айбан эмес, болгондо да жырткыч айбан жасоочу иштерди жасады. Балким, ал өзү кийин кайсы бир мезгилде түшүнөр. Канткенде адам баласы адам болоорун балким туяр, балким сезер. Чынында ал иттик кылды. Мен, мен… деп келип туттугуп, сүйлөй албай кетти. Отургандар тунжурап, баары Сейдеге тигиле карашат. Ушул учурда Дүйшөн агай Сейдени отурагой дегендей ишарат кылды да, талкууну жандандыруу максатында, «Кечиресиздер, улуу урматтууларым!» деп кайрылганында баары Дүйшөн агайды тыңдашты.

– Баятан бери адамзаты жөнүндө не деген асыл ойлор, мыкты пикирлер айтылып жатат. Дегеле адам өзү ким?… Бүгүнкү ымыркай, эртеңки келечек ээси. Бул багытта залкарыбыз Чыңгыз Айтматов: «Баарынан аяры – баланын жан дүйнөсү. Баланын назик сезимин бузбоо керек. Адам дал ушундай жаралган тура: Адам жанын муздатып, тоңдуруп алуу оңой, аны кайра эритүү кыйын, кыйын түгүл мүмкүн эмес. Ошондон улам жарым жан балдар өсүп чыгат»-деген асыл ойду калтырган деп, окуп берген барагын жаап койду да, сөзүн андан ары улады.

– Залкарыбыз өзүнүн балалыгынын татаал өткөнүнөн улам ушинтсе керек. Дагы мындай дегенин окудум, анда: «Эгер баланын балалыгы кунарсыз өтсө, анда андан күчтүү личность чыкпайт». Карасаңыздар, мында адамды алгач ымыркай кезинен эле акылынын тунук болушуна күч аракет жумшап, күчтөндүрүү керек деген ой жатат,-деп тыным алды. Аңгыча талкуунун алтын эрежесин сактап, Толгонай баш болгон үч-төрт киши кол көтөрүштү. Дароо Толгонай көзүнө урунганынанбы:

– Ии, Толгонай эже, сөз сизде, сиздин оюңузду уксак,- деди Дүйшөн агай.

– Кагылайын кыргызым!-деп баштады Толгонай. Залкарыбыз эң туура айткан. Ата-эне болгондон кийин балдарыбыздын мыкты адам болушун каалап, кудайдан тилеп, колубуздан келишинче тарбиялайт экенбиз. Албетте, беш кол тең эмес да, ата-эне деп аталгандар бар, бирок татыктуу тарбия бере албагандары да болот экен. Негизи адам өзү касиеттүү, таланттуу жаралыптыр. Ошол талантты, ошол касиетти көрө билген ата-эне баласынын мыкты адам, күчтүү инсан болуп калыптануусуна шарт түзүп, кудайдын берген талантын, касиетин андан ары өнүктүрүп-өстүрүү эң бир туура жолдун бири десе болот. Ар бир адамдын ар нерсеге жөндөмү болот тура. Мисалы, жолдошум Субанкул экөөбүздүн үч уулубуз үч башка. Касым транспорт, дегеле техникага кызыкса, Жайнагыбыз өзүнчө бир башка. Майсалбек окууну, билимди көксөп шаарга аттанды. Карагылачы, үчөө үч башка. Эми мен өз балдарымды мактайын деп жаткан жерим жок. Болгону адам баласынын калыптануусуна кайрылдым (отургандар «түшүндүк» дегендей жылмайып баш ийкешти). – Эми туугандар, сөзүмдү аяктайын, болбосо «токтот, мен деле сүйлөйүн!» дегендей тиги Бостон акырая карап атыры да, – деди эле, баары Бостонду карап күлүп жиберишти.

Толгонай отуруп, Бостон Дүйшөн агайга карап уруксат кылыңыз дегендей бир карап алып:

– Ооба, эл-журт Толгонай эжебиздин балдарын баарыбыз жакшы билебиз, эң мыкты камчыга сап боло тургандай эле балдар (Отургандар туура дегендей күбүрөп калышты). – Эми баятан бери сүйлөйүн деп жатканым чын болчу, аны Толгонай эже байкап койгон экен да. Карагылачы, кыраакылыгын. Бирок акырайбай эле карадым го сизди,-деп калды. Аңгыча зал дүр күлүп жиберишти.

Эшик ачылып, Арсен Саманчин, ага катарлаш артынан зыңкыя кийинген, колунда кара дипломат көтөргөн Сабыр кирди. Элдин баарынын көңүлү Сабырга түштү. Ал эмес жаңы эле сөз алган Бостон да нес болуп туруп калды.

– Амансыздарбы, кечиккендигибиз үчүн кечирим сурайбыз,-деп Арсен Саманчин үстөл четинен орун алууга өттү эле. Саманчинге Ильяз өз ордун бере коюп, өзү арттан барып орун алды. Бүтүндөй зал Сабырдан көз албай, кубануу менен кабыл алышты. Тунжуроо өкүм сүрдү. Дүйшөн агай:

– Бостон, сиз ойлонуп отура туруңуз. Сизге дагы сөз беребиз. Ал эми азыр биздин арабызга жаңы кошулган конокторго сөз берсек кантет?-дегенинде, баары бир ооздон туура дегендей дуулдап ийишти. Негедир Дүйшөн агай сөздү Сабырдан баштагысы келди. Сабырга карап:

– Сабыр, бүгүнкү сөз козгоп жаткан темабыз сизге маалым болсо керек, ээ?

Сабыр жылмайып, дароо ордунан жеңил туруп, адегенде үндөбөстөн жылмайган калыбында, баарына катары менен көз жүгүртүп өттү.

– Ооба, мен бүгүн атайы келип отурам. Дагы бир жолу саламатсыздарбы. Мага Арсен байке айтпаганда калып калмак экем. Ал бүгүнкү теманы, бардыгыңыздардын келериңиздерди кабарлап, мени да ушул киши ээрчите келди. Сизге ыраазычылык (Арсен Саманчинге карап баш ийкеди). Бүгүнкү тема эң бир актуалдуу, орчундуу десек болот. Эң бир чоң теманын алкагында сөз козгоп жатыпсыздар. «Канткенде адам уулу адам болот?». Дегеле адам болуу оңой сыяктанат. Бирок нак адамдык сапатты алып жүрүү, адамга нак адамча мамиле кылуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Турмуштагы чыныгы өз мисалыман айтып кетейин деп жылмайымыш болуп баратып, кайрадан суз боло түштү да, кайрадан сөзүн улады.

– Орусча айтканда өзүм «живой пример» боло алам. Мен да адамдык жолуман тайсалдап барып, буюрса кайра түзөлүп отурам. Баарына кудайым жардам кылды (бардыгына карап өттү).

– Эми, адегенде бүгүнкү темага байланышкан ырымды окуп берүүгө уруксат бериңиздер, андан соң сөздү улантсак. Отургандар дуулдап макул көрүштү. Сабыр жөтөлүмүш болуп үнүн тазалап, түз туруп, коңур үнү менен ырын баштады.

«Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Душмандан жан соогалап качканда да,
Душманды кырып-жоюп басканда да,
Түбөлүк чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Адамзат качан чечет, качан коёт,
Канткенде адам уулу адам болот?»,-

деп токтогонунда, угуп жаткандар дагы окуса дегендей тунжурап карап турушту. Бирок талкуу андан ары кызуу улана берди, улана берди…

Адамзат жаралып, кайра өлөт экен. Бул жараткандын берген мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Карап отурсак, канчалаган кылымдардан бери ушул улуу көрүнүш өкүм сүрүп келет. Бири өлүп, кайра анын орду экинчиси менен толукталып, жашоо, адам тукуму улана берет экен. Кээси адам аты болгону менен, эмне максат менен келгенин деле түшүнүп, түшүнбөй кете берсе, кээси тарыхта өз атын өлбөс-өчпөс кылып калтырып кете берет тура.

Сарт акеден: «Дүйнөдө эмне өлбөйт?» деп сурашканда, «Кагазга түшкөн кат өлбөйт, жакшынын аты менен сөзү өлбөйт» деген экен. Ооба, жакшы адам өз эле элинде эмес, дүйнөлүк деңгээлде жасаган эмгеги үчүн дүйнө, бүткүл аалам элинин эсинде өчпөс жылдыз болуп калат тура.

«Турмушта өчпөс из калтыр сен, туягың бүтүн чагыңда» деген саптарда, адам болуп жаралган соң, өз мүмкүнчүлүгүңө, колуңдан келгендерди өз убагында, өз мезгилинде жасап үлгүр, болбосо дагы бир ырда айтылгандай, «Бүгүн конок, эртең жомокпуз» деген сыяктуу, кыскасы ыр саптарында баарына жетишип кал деп эскертип жаткандай.

Менимче, адам болуп жашап жаткандан кийин, адам коомунда кээси үчүн жеңил болсо, кээси үчүн кыйын болуп, коомдо «артык баш» десе болобу, «ашыкча баш» десекпи, айтор, Пушкиндин «Евгений Онегининдей», Тургеневдин «Рудининдей» болуп өз ордуңду адам коомунан таппай калуу кыйын, андан өткөн тозок болбос.

Кандай болгон күндө да, адам баласынын адамдык жолдон тайбай, коомго батпай калбай, нак адам уулу болуп жашашын каалар элем.

Венера Туманова, Zaman-Кыргызстан”, 24.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.