Манас эпосу жана Манас илими

Нуржан-Насыйкат Сакыева Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты, “Манас Жогорку Акыл Эс” деген дүйнөлүк түшүнүктүн кыргызга тиешелүү экендигин далилдеген Манас Илими аттуу жаңы көз караштагы китебин чыгарган. Бүгүн анын Манас Илими жана Манас эпосу боюнча айткандарын, кыргыз таануу маселесиндеги ойлорун, көз карашын сунуш кылабыз.

Манас эпосу
Манас эпосу ар бир кыргыздын жандүйнөсүндөгү руханий гүлазыгы болуп табигый түрүндө улуттун демин демдентүүчү окуу катары тагдырдан буйруп, улуу күч болуп ыйгарылган.

Ар бир улуттун улуттук идеясын жактаган бир духовный, табигый гүлазыгы болот. Кытай элиники Конфуций окуусу болсо, япон элиники синтоизм дини, индус элиники Веда окуусу ж.б. эс жолдомолору болуп эсептелет.

Кыргыз элинин улуттук идеологиясынын даяр бышкан жемиши – Манас эпосу. Манас эпосунун ичинде кыргыз элине таандык каада-салт, үрп-адат, мекенди сүйүү, элди коргоо, адамдыкты сактоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу, мүнүшкөрлүк, саяпкерлик, көзү ачыктык, жайчылык, табыпчылык, айтыш өнөрү, узчулук, устачылык, комузчулук ж.б. асыл касиеттер, адаттар айтылып турат.

Улуу фольклор, улуу нуска, көөнөргүс улуу дух океандай чалкыган руханий кенч өзүбүздө турса, башка элдин энчисиндеги Конфуцианствону же ар кандай диний секталарды туу тутканыбыз туура эмес. Бул адашуунун, элдин өзүн өзү тааныбастыгынын жолу.

Манас эпосу дүйнө элдеринин ичинен тандамал элге – кыргызга келип түшкөн улутка таандык ыйык китеп болуп, ыйык окуу болуп кудуреттен берилген.

Манас Илими
Ал эми Манас илими болсо диндер пайда боло электе алгачкы адам тукумуна берилген Кудай таануу, Дүйнө таануу, Адам таануу окуулары болуп, Акыл илими, Эс илими аркылуу ошол кездеги киши заттарын Кудайга баш ийдирүүчү күчү менен жалпы жер жашоосуна кызмат кылган. Манас жетилген акыл-эстин жана жетилген Аң-сезимдин кишизаттык улуу сапатты сактоочу, жакшылыкка жетелөөчү улуу стадия – деңгээл катары табигый окуу болуп, жер бетиндеги жалпы коомчулукту кучагына алган.

Ааламдык эволюция жолунда, ак менен каранын таймашуусунда жер киши тукуму бүгүнкү күндүн жер адамдарындай бул окууну да улуттук кызыкчылыктарга, террордук кыймылдарга, тескери идеологияга пайдалануунун жолун көздөй башташып, а Манас жолуна же бүгүнкү күндүн тили менен айтканда динсиздик жолуна – динди курмандыкка чалуунун, жеке кызыкчылыктарга пайдалануунун жолуна иштетишкен жана жаңылануунун жолуна түшүшкөн. Мындай тескери кыймыл-аракеттерден кийин жер кишилери азаптануунун, Кудайдын каарына калуунун негизинде ар кандай алааматтарга кабылуунун азабын тартышкан. Бүгүнкүчө айтканда дүйнөлүк кризистин жазасын моюндары менен тартышкан.

Бүгүнкү күндө жер планетасынын абалы жер бетиндеги жашоону дүйнөлүк деңгээлдн сактап туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап турат, ядердик курал-жарактардын эсепсиз иштетилиши, сыноого кое берилиши менен жана космостук ракеталардын асманды тешүүсүнүн (озон жыртыгы) көбөйүшү, завод-фабрикалардын көптүгү, кен-байлыктардын эсепсиз казылып кетиши менен жер жалпы экологиялык балансынан ажырады. Жер бетинде ар кандай алааматтардын – жер титирөө, суу каптоо, сел жүрүү, аймакты кубаттуу шамал алуу, аба ырайынын кескин өзгөрүп кетүүсү менен ар кандай кырсыктардын болуп баштоосу дүйнөлүк кризистин башталышына алып келди.

Бүгүнкү күндүн адамдары Кудайды эмес, экономикалык кубаттуу жетишкендикти таанып билишип, кемчилик, катачылыктардын негизинде жаратылышты бүлүндүрүүгө жол беришип, жашоолорунун талкалануусун жакындатып алышты.

Диний жол-жобо эрежелер адамдарды дүйнөнү таануу, жашоону барктоо, өзүн-өзү сыйлоо сезимдеринин жолдорун таанытуу мүмкүнчүлүгүнө алы жетпей калган деңгээлге жетип, жер бетинде экологиялык оор абал түзүлүп, Кудайды таанытуунун жаңы илими табигый муктаждыктын негизинде кыргыздарга жиберилип аткан кабар-маалыматтар аркылуу, анын ичинде Манас илими аркылуу Кудайдан түшүрүлө баштады.

Адашуунун жолу эмнеде?
Жер бети Ак менен Каранын сыноосунун полигону болгондуктан, ал кишизатынын ээлигине берилип, ошол эле учурда кишизатынын өзүн сыноосу үчүн жашоо берилген.

Ошондуктан, адам жакшы кыймыл-аракетинин негизинде жакшылыктарга жетишип, сый-урмат көрүп, зыяндуу аракеттери менен кыйынчылыктарга кабылып, жазаланып жашоо кечирет. Жакшылыкты тандап алууга жол берилип, нечендеген доорлордо адамга Кудайды таанытуучу окуулар, доктриналар, диний эреже, жол-жоболор кудуреттүү Кудайдын буйругу менен жиберилип турса да, жер адамы жер бетиндеги улуу сыноо жолунда аларды өз жолунан адаштырып, уруш-согуш ж.б. тескери идеологиялардын курмандыгына айландырган жана ошонун кесепетинен сыноодон өтпөй калуунун жолунда жазаланган.

Массалык кырылып-жоюлуу, топон суу мындай жазалануунун негизин түзгөн. Жер адамына берилген эркиндик аны сыноонун куралы болуп. Бул эркиндикти тескери сапаттарга эпсиз пайдаланган кишизаттары жекече да, массалык түрдө да ар кандай жолдор менен жазаланууну баштарынан өткөрүшүп турушат.

Миллиондогон жылдар ичинде жер бетиндеги нечендеген цивилизациялар сыноодон өтпөй калуунун кесепетинен талкаланып, материктердин чөгүп кетүүсү, топон суунун жүрүшү менен, айыккыс оорулардын каптоосунан жок болуп, кайра аман калган аз сандагы адамдардын көбөйүп, мезгилдин өтүшү менен тиричилик башталып, жаңы материктер пайда болуп, жер бетиндеги жашоодо сыноо доорлору өз өкүмүн жүргүзүп келген.
(Уландысы бар)

Нуржан-Насыйкат САКЫЕВА,
«
Көк асаба» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.