Дроет, Сюриль, Магент: «Француздарга салыштырмалуу кыргыздар жайдары, бактылуу жашайт экен»

Кыргызстандын эли меймандос, жаратылыштын кооздугуна сөз жок. Четтен келгендер сугун артып кетери шексиз. Франциядан келген 21-22 жаштагы ДРОЕТ, СЮРИЛЬ, МАГЕНТ аттуу коноктор Кыргызстан, Таджикстан, Афганистан өлкөлөрүн изилдеп, саякаттап келишкен. Кыргызстан деп чала-була уккан менен «бул эмне деген мамлекет болду экен?» деп кызыгышкан. Кыргызстан 24-мартта «союл таштын революциясы» деп бүт дүйнөгө белгилүү болдук десек, дагы эле тааныбагандар толтура экенин кантип танабыз. Кыргызстанга болгон сапарынан кийин үч француз мырза биз менен баарлашып, таасирлерин ортого салды.

Алгач келгенде

– Кыргыз жергесине биринчи жолу келдик. Кыргыздар кучак жайып тосуп алышты. Өзгөчө меймандостугу, адамкерчилиги жагымдуу болду.

Таң калганыбыз

– Бизди өтө таңгалдырганы өкмөттүн талабы абдан көптүгүнө карабастан адамдар өзүнүн жашоосун жеңилдетишкендиги. Анан айылда жашагандар менен шаарда жашаган адамдардын айырмачылыгы байкалды. Айылдагыларга эч ким жардам кылбаса да өз эмгектери менен жан сакташат экен. Кыргызстанга үч чек арадан текшерилип өттүк, эки посттун ортосунда 30 км жер бош жаткандыгы да таңгалычтуу болду.

Биздин максат

– Негизги максатыбыз-силердин мамлекет жөнүндө маалымат алуу. Кайда саякаттаарыбызды ойлонуп Афганистан, Тажикстан жана Кыргызстанга изилдөө иштерин жана саякат жүргүзүү болгон. Элдин маданиятын, жашоо-шартын изилдеп, дегеле кандай адамдар жашайт, кантип жансактап, эмне тиричилик көрүшөөрүнө кызыкканбыз. Биздин мамлекет менен Кыргызстанды тааныштырсак деген максатыбыз бар.

Суктанганыбыз

– Албетте, кооздугун сөз менен айтып бүтө албайбыз. Биринчи жолу ушундай жаратылышты көрдүк. Жаратылышта бардыгы бар. Кааласаң чөлү, суусу, тоосу, ташы, токойлору кайда көз жүгүртпөйлү бары бар. Биринчи келгенибизде абдан таң калдык, кантип бары бир жерге жайгашкан деп. Париж менен салыштырганда биз таң эрте жумушка чыгабыз, кечинде чыксак караңгы бардык нерсени күңүрт түстө көрөбүз. Кыргыздар жаратылышын жеткиликтүү деңгээлде баалабайт же кооз экенин билишпейт. Эгер Францияда ушундай кооз жаратылыш болгондо убактыбыздын көбүн жаратылышка бөлмөкпүз.

Айырмачылык

– Албетте, биздин өлкө менен силердин өлкөнү салыштырууга мүмкүн эмес. Экономика, саясат деңгээлдерибиз такыр башка, бир эле окшоштук-барыбыз адамбыз. Айта кетчү айырма биздин адамдардын көбү стресске дуушар болушат. Бактылуу адамдарды көрө албайсың. Биздин өлкөдөгү адамдар капиталисттик доордо жашаганды билишет жана эркиндик толук кандуу корголот. Албетте, бизде да мыйзамдар бар. Бирок, сөз эркиндиги, оюңду толук айтууга мүмкүнчүлүгүң чектелбейт. Адам укуктарын басмырлабайт. Эркиндик боюнча суроону кыргыздарга бермекпиз. Ал эми кыргыздардын жашоосу начар, экономикалык абалы төмөн болсо да бары жайдары, бактылуу жашашат экен.

Кыйынчылыктар

– Албетте, кыйынчылыктар болду. Негизгиси бизди алып жүргөн айдоочубуз Кыргызстанды жакшы билгендиктен ал жагынан кыйналган жокпуз. Жолдун начарлыгы, аң-чөнөктөрү бир аз азапка салды. Чегарадан өткөндө ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болдук. Тажикстан менен Кыргызстандын чегарасынан өткөндө ар кандай суроолорду берип, бизди басмырлап атышты. Өткөнүн го өттүк, кайра чыга алабызбы деген коркунучта болдук. Биз турист болуп келдик десек, бары таң калышты. Силер кандай турист болуп келип калдыңар деп. Негедир кечке бизден бир нерсе шектенип турушту. Бизге турист катары жерди изилдеп, кооз жаратылыш менен таанышууга, көп жерди кыдырууга тыюу салышты. Ошол учурда кысымдар көрсөтүлдү.

Саякат сапарынан…

– Биз чет өлкөгө барып эс алып, Афганистан, Кыргызстан, Тажикстан мамлекеттери менен таанышып, изилдөө иштерин жүргүзүүнү максат кылганбыз. Бул өлкөлөрдү картадан көргөнүбүз болбосо, «кандай элдер жашайт, эмне деген жер?» деп кызыктык. Алгач Тажикстандын чек арасындагы Мургап шаарчасына токтодук. Мургап биздин байкообузда өкмөт унутуп калган, өнүгө элек, караңгы шаарча экен. Экономикалык абалы, географиялык абалы да төмөн, тиричилик кылганга шарты жок. Элдерине иш жок, бардык жагынан чектелген, туңгуюкка камалган сыяктанат. Жашоочуларынын көбү кыргыздар. Ошентип, Мургаптан Афганистанга сапар тарттык. Мургап менен Афганистандын ортосунда Шамяк деген дагы бир шаарчага токтолдук. Алардын да билими жок, малчылар жашайт экен. Эң жөнөкөй ден-соолугун сактаганга да шарты жок. Ошончо элде бир гана кыргыз дарыгери бар экен. Ал жерде жашоочулардын көбү кыргыздар. Мургаптын жашоочуларын коркунучтуу оору каптаптыр. Оорулууларга Афганистандын солдаттары дары беришип жардамдашчу экен. Алардын оорусу айыкмак тургай күчөгөн. Көрсө дары бербей эле, наша берип жүрүшүпүтүр. Аларды угуп аябай боорубуз ооруду. Тажикстандын түштүк тарабында ушунчалык көп кыргыздар жашайт экен. Алар ушу убакка чейин каада-салтын, үрп-адатын унутпай сактап калышыптыр, жада калса каткырып жайдары жүргөндөрү да окшош. Андан ары Афганистанга жакындаган сайын көп кыйынчылыктарды көрүп аттык. Кан басымдарыбыз жогорулаганын да байкадык. Элдерди сүрөткө тартып, маалымат сурамжылаганыбызды жактырган жок. Ошондуктан өзүбүздү ыңгайсыз сездик. Ал жерде мүмкүн жашыруун нерсе бар, ошондуктан биздин баруубузду каалашкан жок. Кайрадан Мургапка келип, чоң машиналардын көп жүрөөрүнө абдан таң калдык. Себеби машина жүрүүгө өтө начар жолдордо чоң КАМАЗдардын ары бери өтүшү өзгөчө таң калтырды. Көрсө ушинтип кытай жергесинен азык түлүктөрдү, кийим кечелерди ташышат экен.

Кыз сунуштаган кыргыз чек арачысы

– Афганистан, Тажикстандан кийин кыргыз жергесине сапар тарттык. Тажикстан менен Кыргызстандын чекарасына келип коопсузданып турдук. Ошол убакта милиция кийимин кийген адам келип биз менен ар кайсыны сүйлөшө баштады. Коркуп турган жаныбыз оор шарттан чыгуу үчүн биз да тамашалап сүйлөшө баштадык. Тажик, кыргыз кыздары жөнүндө айтып, 14 жашында күйөөгө чыгат деп оозубузду ачырды. «Силерге кыздар керекпи?» деп, бизге кыздарды сунушташты. Биз коркуп шок болуп, аябай таң калдык. Өзүбүз конок болуп келатсак, андай жетишпегендиктерин жашырат го дегенбиз. Көрсө ал киши ошол чекаранын начальниги экен. Милдети чоң адам да ушинтип сүйлөйбү деп таңкалдык. Көп узабай экинчи чекарага келдик алар «кайдан келдиңер, эмнеге келдиңер?» деп жакшы суроолорун берип бизди көп кыйнабады. Чекарадан өткөн убакыт аябай кызыктуу болду.

Артыкчылыгы жана кемчилиги

– Кыргызстанга кайра келгибиз келет, элдери меймандос, тамак-ашы даамдуу, жаратылышына сөз жок. Жер жүзүндө бүткүл эл таанычу мамлекет экен. Айрыкча Кочкор району өзгөчө жакты, мүмкүнчүлүгүбүз болсо там салып алмакпыз. Биз Кочкорго мектеп куруп же ооруканасына жардам бергибиз келет. Иштегенге алы күчү бар адамдардын жөндөн-жөн келип кайыр сурагандары жаккан жок.

Венера НАРКЕЕВА, «Айат», («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.