2010-жыл Кыргызстанда Мурас жылы деп жарыяланды

Мамлекеттик маданият агенттиги Кыргызстанда 2010-жылды Мурас жылы деп жарыялады. Бул туурасында ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Агенттиктин директору С.Раевдин айтымында, маданий мурастын бардык объектилерин сактоо, өнүктүрүү жана байытуу боюнча кеңири масштабдагы план иштелип чыккан.

2010-жылдын сентябрында Бишкекте Дүйнө элдеринин дастандарынын бүткүл дүйнөлүк фестивалын, кыргыз кесиптик-музыка өнөрүн негиздөөчүлөрүнүн бири Мураталы Күрөңкеевдин, көрүнүктүү кыргыз композиторлорунун, опералык залкар ырчы Булат Миңжылкиевдин мааракелерин өткөрүү пландаштырылууда. Маданият агенттиги ошондой эле кыргыздардын мурасын жана көчмөн маданиятты сактоо боюнча ири долбоорлорду иштеп чыккан.

ЖТ, МА “Кабар”, 11.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.