Кытай Кыргызстан менен маданий байланыштарын кеңейтүүдө

Кытай Кыргызстан менен маданият багытында кызматташууга кызыктар. Эки өлкө ортосунда маданият багытында кызматташуу боюнча 2011-жылга чейин программа иштелип чыккан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик “Кыргыздипсервис” ишканасынын гендиректорунун кеңешчиси Ян Ан билдирди.

Анын сөзү боюнча, бүгүнкү күндө, эки өлкөнүн маданият министрлери тыгыз байланышта иштеп бир топ иш чараларды уюштурууну пландоодо. Биринчи иш чаралардан болуп Ань-Хой провинциясынын дүйнөлүк наамга ээ болгон труппанын Кыргызстанга келиши. “Кыргызстандан артистер да ар кыл багыт боюнча Кытайда болуп өз программаларын сунуштаса. Кытай көрүүчүлөрү да кыргыз маданиятына болгон кызыгуусун арттыраар эле. Эки өлкөнүн министрликтери бирдикте эки жакта маданият, искусство багыты боюнча мектеп ачууга көмөк көрсөтсө, тажырыйба алмашуу процессин да жөнгө салса биз өз жардамыбызды берүүгө дайым даярбыз. Тарыхий байланышы бар мамлекеттер бир-биринин тарыхын, маданиятын билүүсү керек”, – деди ал.

Эскерте кетүүчү нерсе 30-майдан баштап 8-июнга чейин Бишкекте жана 9-12-июнга чейин Ош шаарында кытай акробаттарынын шоусу өтөт. Акыркы беш жыл ичинде бул топ цирк артистеринин ичинен кадыр барктуу деп эсептелген 5 наамды жеңип алган.

.Момуналиева, «Кабар» МА, 12.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.