Венецияда 4-июнда өтүүчү 53 эл аралык “Венециялык биеннале” сүрөт көргөзмөсүнө кыргызстандык сүрөтчү да катышат

Кыргыз сүрөтчүсү Эрмек Жеңиш Кыргызстандын атынан Венецияда өтүүчү 53-эл аралык “Венециялык биеннале” сүрөт көргөзмөсүнө катышат (4-июнь). Бул тууралуу арт-сынчы, искусствовед, Борбор Азиядагы “Венециялык биеннале” борборунун куратору Берал Мадра билдирди.

Бул иш чарага катышуу максатында 70 ашык билдирмелер келип түшкөн. Сынчылар беш сүрөтчүнү тандап алып, көгөзмөгө катышуу укугун ыйгарышкан. Борбор Азия сүрөтчүлөрү – Жамшид Холиков (Таджикистан), Оксана Шаталова, Елена жана Виктор Воробьевдор (Казакстан), Анзор Салижанов (Өзбекстан) жана биздин сүрөтчү Эрмек Жеңиш европа көрүүчүлөрүнө фотоколлаждарды, видео жана фотоинстоляцияларды тартуулашат.

“Венециалык биеннале” 1895-жылдан баштап уюштурулап, искусстводо эң бир маанилүү иш чаралардын бири болуп эсептелет.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 11.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.