Аксыдан чыккан Жаркынайым, Атагың алты хан элге дайын

6Бир күнү кеңседе олтурсам ал кездеги Жаңы-Жол районунда көп жылдар партиялык, советтик кызматтарда так иштеп, ак кызмат өтөгөн ардактуу атуулдардын бири Памир Кудайназаров деген агабыз кеңсеге келип калды да: “Абдымомун, бизде чон тарых бар, сен Коконго барып келиптирсиң, дагы барышыбыз керек, ошол Кокон хандыгынын тушунда Наманган шаарынын акими болуп турган Токтоназар бийдын кызы Жаркынайым менин эжем болот.Тарыхын кийин айтып берем”,-деди.

Тилекке каршы, ал киши менен Коконго бара албай калдык, оорунун айынан Памир аке өтүп кетти. Эми Кедейбай датканын уулу Дөөлөталы кандайча болуш болуп келип калгандыгы тууралуу сөз кыла кетели. Аксыда Дөөлөталы болуш тууралуу сөз бар болсо да мен бул киши тууралуу толук маалыматым жок болчу. Саруу болуштугу бул жерде эки болуш башкарып келген. Жаңы-Жол, Кара-Жыгач, Ак-Жол,Таш-Көмүр, Ак-Суу айылдары бул Мырзабек болушка караса, Кара-Суу, Кожо-Ата, Авлетим, Жерге-Тал, Сыны айылдары Сулайманкул болуштун карамагында болгон.

Атасынын ордуна Наманганды башкарып турган Кедейбай датканын жарылыгына ылайык бул эки болуштуктан Кара-Суу, Кара-Жыгач жана Сыны айылдары бөлүнүп, бул жерге Дөөлөталы болуш болуп шайланат. Дал мына ушул Дөөлөталы болуштун ордосу Топ-Жаңгак айылына жайгашат. Бул маалыматты Жамшитбек ага да кол жазмасында ырастаптыр. Бирок эки кексе болуштун кысымына кабыла берип, үч жыл болуштук кылгандан кийин бул жерлерди Кеңеш өкмөтү каратып алып, болуштук түп- тамырынан жоюлган да, Жалал-Абад облустук кантонуна баш ийдирилип калган. Ал эми болуштардын көбү кулакка тартылган.

Токтоназар бий акимдиктен түшкөндөн кийин байбичеси Акбала менен Жийде-Белдин этегиндеги булакка келип отурукташып, ал жерге булактын башына беш тал тиктирет. Кийин ал булакты эл Беш-Тал деп атап жиберет. Мына ошол Токтоназар бийдин жеринде азыр Беш-Тал айылы бар, абдан чоң айыл, бирок ал жер азыр Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак районуна карап калган.
Жаркынайымды мына ушул Наманганда, дагы бир маалымат булагында Гава-Сайдагы Токтоназар бийдин резиденциясында бир жума оюн-шоок менен той берип, Шералы ханга беришет. Кийин Жаркынайым уул төрөгөндө Акбала эне кыз-келиндери менен бешик тоюн Коконго алып баргандыгын Жамшитбек карыя баяндап жазыптыр. Жаркынайымды көргөнү Шералы эки жолу келет, көрүп жактырып калып ырдаган ырын Дөөлөталы ава кол жазмасында жазган экен. (Дептердин 37- бети.)

“Улуу тоодо улар бар,
Уйкулуу көздө кумар бар.
Унутуп койсоң сен мени,
Үстүбүздө Кудай бар.

Асманда жылдыз бириндеп,
Суу ылдый шамал дирилдеп.
Өзөндү бойлоп келатсам,
Алдыман чыксаң күлүндөп,

Кыштообуз башы Кырташтан,
Кыргыйек учат бир баштан.
Кызыл көйнөк, кымча бел,
Сен кыйкырсам кеттиң укпастан.

Жайлоонун башы Жар-Таштан,
Жагалмай учат бир баштан.
Жашыл көйнөк, узун чач,
Сен жалынсам кеттиң укпастан”,
“Ныязаалы уулу Жамшитбек” кол жазма дептеринин 37-бети. Бул ырга караганда Шералы Жаркынайымды мурда эле тааныган, билген, күйүп, сүйүп алган болушу да ыктымал. Анткени Жаркынайым Шералынын жүрөгүнө чок салып, сулуулугу менен суктандырбаса бул ыр жаралмак эмес.

Мен Кокондо хан ордо музей комплексинин илимий кызматкери Яахяхан аке менен сүйлөшкөндө кызыктуу эки маалыматты айтып берди. Жаркынайым хан ордого келин болуп келгенде хан сарайдын ортосуна он эки канаттуу ак өргө көтөртүп, ошол ак өргөдө жашагандыгын, ал ордонун тар бөлмөлөрүнө кирбей койгондугун айтат. Ошол ак өргөнүн орду азыр да сакталып туруптур.

Экинчи бир кызыктуу маалымат Жаркынайым өлгөндө хан ордодон көрүстөнгө чейинки аралык эки үч чакырымча жер экен, бир жагына Орус падышачылыгын аскерлерин, бир жагына Кокон хандыгынын хан ордодогу саркерлерин тизип, табытты колдон колго өткөрүп алып барган экен, табыт көрүстөнгө жеткенчекти замбиректер менен атып, залп берип турушкандыгын айтты. Хан айымдын кадыр-баркы ошончолук чоң болгондугун белгилеп, Курманжан датканын устаты дал мына ушул Жаркынайым энебиз болгондугун эскерип өткөн. Биз Жаркынайым энебиздин кабырына барып кой союп, куран окутуп кайтканбыз. Кокон шаарынын чок ортосунан орун алган мазарда энебиздин күмбөсү бар экен. Ал жерде Жаркынайымды Малика-и Шахубан деп аташарын айтышты. Ошол Малика-и Шахубан энебиз Шералы хандан Абдырахманбек (Сарымсакбек), Кудайаркан, Султанмуратбектей уулдарды, Нарсүчүкайым, Айжанайым (Төрөайым), Саадатсүчүкайым аттуу кыздарды төрөп, тарбиялап өстүргөндүгүн айтышты. Малика-и Шахубан айым, тартынбаган, айтканынан кайтпаган баатыр да аял болгондугун айтып беришти.

Бийлик талашып, жер талашып үч болуш тирешип келсе да Сулайманкул болуш Дөөлөталынын сулуу кызына назары түшүп калып, ага куда болууну сунуштайт. Анда Дөөлөталы болуш мен бул сунушту чече албаймын. Атам Кедейбай датка менен сүйлөшсүн ал киши бата берсе мен жок демек белем дейт. Сулайманкул болуш бир тууганы Кабайга Дөөлөталы болуштун кызы Тайбаланы алып берет. Ошентип эки болуш куда болуп калышат. Тайбаладан Кабай уул-кыздуу болот. Биринчи тун уулу Өмүркул, экинчи уулу Атабий, кызы Жаркынай, үчүнчү уулу Асанбек. Бул уул-кыздарын атап жатканымдын себеби Асанбек да тагаларын тартып эр чыгып, эл башкарып, Кеңеш мамлекетине ак кызмат кылып, басмачыларды жоюуда чоң эмгек кылган. Эмгеги жогору бааланып Кызыл Жылдыз орденине татыктуу болгон. Азыр Авлетим айыл өкмөтүндөгү орто мектепке ысмы берилген.

Малика-и Шахубан айым же Жаркынайым энебиз дал мына ушундай даңктуу аялдардан болгондугун айтып кетмекчибиз. Наманган шаарында ошол Токтоназар бий башкарып турган мезгилде курулган имараттар, фабрика-заводдор азыр деле сакталып келет. Алардын бирин Турдумат паңсат менен биргеликте курган Пахта заводу иштеп келет. Намангандагы пахтаны кайра иштетүүчү заводу дал мына ушул Токтоназар бийдин досу, замандашы Турдумат ажы курдуруп, иштеткендиги жөнүндө так маалыматтар бар. Андан сырткары бир нече көпүрөлөрдү, ат майдандарды курдуруп, жолдорду салдыргандыгы айтылат. Ал эми Наманган шаарынан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан Жаркынайым энебиздин Кыз-Рабаты азыр Өзбекстандын Үйчү районуна караштуу чоң кыштак, азыр ал жер Кызыр-Рабат деп аталат. Жаркынайым энебиздин мен билген, Жамшитбек ага толуктаган так маалыматы дал ушундай.

Абдымомун Калбаев, журналист,
Аксы району, Кербен шары,
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.