1001 макал-лакап

Кийимдин жакшысы кир көтөрүмдүүсү,
Кишинин жакшысы сөз көтөрүмдүүсү.
Ким болсо да өзүнө кийим тандаганда, кир көтөрүмдүүсүн тандайт. Анткени кир көтөрүмдүүсү – кийимдин жакшысы, себеби кайра-кайра жууп, убактың кетип убара болбойсуң. Ал эми кишинин сөз көтөрүмдүүсү жакшысы болгону, сөз көтөрүмдүү адам токтоо, оор басырыктуу болуп, оңой менен чычалабаган, сени жөндөн – жөн “мындай сүйлөдүң, андай сүйлөдүң” дебеген киши жакшы экени анык.

Конок тойбодум дебейт, сойбодуң дейт.
Алыстан конок болуп келген жолдошуңа, эки – үч жилик эт салып берсең, ага деле тойот, тойбодум дебейт. Бирок “Кардыма таарынбайм, кадырыма таарынам” деп, “эмне үчүн ат арытып алыстан келсем бир козу сойгонго жараган жоксуң” деп айтары анык. Макалдын мааниси ушул жагдайда чечмеленет.

Сүт менен бүткөн, сөөк менен кетет.
Эне сүтү менен бүткөн кыял-жорук, жакшы-жаман адаттар ошол адам өлгөндө гана сөөгү менен кошо кетээри анык. Анткени, перзент энеси менен киндиги бирге болуп, тогуз ай эненин курсагында жатып, эки-үч жашка чейин энесинин эмчегин ээмп, эне сүтү менен калыптанып, эрезеге жеткен баланын кыял-жоругу эненин сүтүнө байланыштуу.

Тамагыман аяган мончогум курусун.
Бул – каймана түрүндө айтылган макал. Мааниси “өзүмдөн аяган оокат – аштын да, дүйнөнүн да кереги жок” деген ойду түшүндүрүп, “адамга көрк берип турган буюм-тайым, жакшы кийим кечеңди өзүңдөн аябай кийип жүргөнүң эле оң” дегенди туюндурат.
Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят.
Бул макалдын маани – маңызы боюнча кыргыздар чоң үй деп аттуу – баштуу эл бийлеген бектер жашаган үйдү айтышкан. Ал эми кичүү үй деп, ошол чоң үйдөгү жашагандардын кызматын кылган, жылкычы, койчу, казанчылары жашаган үйдү аташкан. Буга ылайык чоң үйдөгүлөр күлсө, кичи үйдөгүлөр айла жоктон кошомат үчүн да күлгөнгө аргасыз болушкан. Бул эреже бүгүнкү күндө деле кошоматчылыктын айынан өз маанисин жоготпой келет.

(С. Ж. Бекботоевдин “Кыргыздын кылымдарды карыткан 1001 макал – лакабы” китебинен алынды.)

“Мекенчил жаш” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.02.2011-ж.

Макал-лакаптар

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.