Уулуң улук болсун, Акылы тунук болсун

“Эл ичи – өнөр кенчи” дейт элибиз. Кылымдарды карыткан кыргызымдын тарыхында не деген залкар таланттар, көрөгөч, көсөм, даанышмандар жашап өтүшкөн.

Алардын учугу уланып, жашоотурмушубузда жаркын үмүт, жакшы тилек менен берилген ак баталар ар дайым бардыгыбызды алга жетелеп, өргө үндөп турары табигый чындык. Бекеринен акылман бабаларыбыз “жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт” деп айтышпаган чыгар. Батаны канчалык көп алсаң, ошончолук ой-сезимиңен асыл тилек, максаттар орун алары бышык. Жан дүйнөң тазаланып, арууланат. Ал эми ошол ак баталарды бардык эле адамдар бере алышпасы да чын. Теңирден ыроолонгон касиет аркылуу эргип-эргип жүрөктөн чыкканда гана көңүлдөрдү көлкүтүп, сезимдерди сергитерине көпчүлүк күбө.

Жеңишбек Дербишалиев учурда алтымыш төрт жашта. Ал кезинде Жумгал элдик театрынын, “Бекбекей” ыр-бий ансамблинде эмгектенген көп кырдуу талант экендигин жумгалдыктар жакшы билишет. “Өнөр көккө жеткирет” демекчи, өнөрү аркылуу көп чет мамлекеттерди да кыдырып келгени белгилүү. Комуз, мондалин, кыяк ж.б. көптөгөн аспаптарда кол ойнотуу менен бирге обологон обондорду созуп, көпчүлүктүн алкоосуна татыган. Жеңишбек аба учурда Сокулук районундагы Раздольное айылында үй-бүлөсү менен бакубат жашоо кечирүү менен ата-бабаларынан калган асыл өнөрүн аздектеп келет. Ар кандай жагдайларда берген баталарынын топтому да бар. Жакында Жеңишбек аба иниси Эдил менен келини Назгүлдүн кичинекей уулу Кубанычбектин тушоо тоюнда аларга арнап төмөнкүдөй бата берген:

“Ишиңер көңүлдүү болсун,
Балдарыңар өмүрлүү болсун.
Кампаңар данга толсун,
Дасторконуңар нанга толсун.
Корооңор малга толсун,
Баккан малың семиз болсун,
Ургаачылары эгиз болсун,
Мөмөңөрдө жемиш болсун.
Каалаган ишиңде
ар дайым жеңиш болсун.
Ден соолугуңар чың болсун,
Көркүңөрдө сын болсун.
Мингениңер тулпар болсун,
Салганыңар шумкар болсун.
Шыңга келген боюң болсун,
Ынтымак берген оюң болсун.
Бакыт берсин башыңа,
Береке берсин ашыңа.
Ырыскы келсин кашыңа,
Өмүр берсин жашыңа.
Жайлооң жашыл болсун,
Алганы асыл болсун.
Чамгарагыңа куш консун,
Төрүңө кут консун.
Кылган ишиң бааланып,
Кыдыр өзү туш болсун.
Уулуң улук болсун,
Акылы тунук болсун.
Токчулук үчүн дөөмөт берсин,
Перзентиңе дөөлөт берсин.
Короо жайың кенен болсун,
Колдоочуң атаң менен
энең болсун.
Оомийин!”.

Айша АЛИЕВА, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.