Театр – коомдун күзгүсү

Т.Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театры мындан үч жыл мурда оңдоп-түзөө иштерине жабылып, каражаттын тартыштыгынан улам алигүнчө толук кандуу иштебей турат. Бирок быйылкы 84-сезонун театрдын кичи залында 15-октябрда ачып, чакан спектаклдерди коюп жатышат.

Кыргыз драма театры үч жыл оңдолду
Улуттук кыргыз драма театры 2007-жылы ноябрь айында оңдоп түзөө иштерине жабылган болчу. Каражаттын тартыштыгынан улам театр үч жылдан бери толук кандуу иштебей, артисттер ар кайсы театрларда спектаклдерди даярдап келишкен.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиевдин айтымында, театр убактылуу жабылганы менен айрым актерлер чыгармачылык менен алектенүүсүн токтотушкан жок.
– Туура, биздин театрдын сахнасы ремонтто болду. Театрдан спектаклди көргөзгөн жокпуз. Бирок биз ошол эле мезгилде спектакль коюп аттык. Премьераларды өткөрдүк. Өзүбүздүн сахнада болбосо да КТРдин концерттик залында ойнодук. Андан сырткары жогорку окуу жайларда, облустарда спектаклдерди коюп, жолугушууларды өткөрүп, чыгармачылык жактан токтоо болгон жок. Бирок үйүбүз жок кишидей жүрдүк. Бул жердегидей шарт жок. Мындай мүмкүнчүлүк жок. Айла жок болсо да иштөөгө туура келди.

Айрым байкоочулар кыргыз драма театры үч жылдан бери иштебей, көрүүчүлөрүн жоготуп койгонун, коомдук турмуштан артта калганын айтышып, театр кандай шартта болсо да иштөөсү керектигин белгилешти.

Эгемберди Бекболиевдин көз карашында, өкмөт көркөм өнөргө, маданиятка көп маани бербегенинен улам жарандардын руханий дүйнөсүнө доо кетип, уят, намыска маани берилбей, элдин бири-бирине болгон мамилеси өзгөрүп, театрдагы спектаклдер, пикет-митингдер менен алмашканы өкүнүчтүү.
“Театр – коомдун, жашоонун күзгүсү”,-деп бекер айтылбайт. Коом эмнеден турат? Адамдардан турат. Мына ошол адамдар театрдын көрүүчүлөрү. Театр жабылган үч жыл аралыгында биз көрүүчүлөргө көп нерсени берет элек. Биз көйгөйлүү маселелерди козгогон спектаклдерди коомго бере албай калдык. Коом болсо биздин продукцияны ала албай калды. Руханий жактан алганда канчалаган көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсү жабыркап турат.

Театрдын кичи сахнасында спектаклдер коюлууда
Маданият жана маалымат министрлигинин демилгеси менен жакында кыргыз драма театрында кичи зал уюштурулуп, 84-сезонун акын жана драматург Алтынай Темированын «Сынык асман» спектакли менен ачты.

Ошондой эле Антон Чеховдун “Сунуш” жана “Маараке” деген пьесалары боюнча режиссер Замира Акылаева койгон спектаклдердин бет ачары болду. Андан сырткары кичи залда “Дубал”, “Бүттү, быйыл күйөөгө тием”, “Кымбатым” аттуу спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланууда.

Театрдын директору, Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин айтымында, жакында президентинин резервдик корунан Маданият жана маалымат министрлигине Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрынын имаратын оңдоо иштери үчүн 8 миллион сом бөлүнгөн. Учурда чатырды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Эң негизгиси сахна жатат. Сахнага дагы 8 миллион сомдун жарымы кетип калабы деп турам. Себеби ал жерде көп иш бар. Мисалы, 18 тонналык өрткө каршы көшөгө турат. Андан сырткары сахнанын баары оодарылып, аңырайып турат. Көрүүчүлөр залындагы отургучтарды жаңыртыш керек. Ошонун баарын койгонго көп акча кетет деп турабыз. Калган акчасын залды эптеп жылмалап оңдогонго жумшайбыз. Кудай буйруса, март айында ачабызбы деп турабыз.

Марат Алышпаев белгилегендей, театрдын үн күчөткүч, жарык берүү, техникалык жактары да эскирип, жаңыртууга муктаж.

Кыргыз театрларынын абалы оор
Театр ишмерлери белгилегендей, “Учур” телетеатры Бишектеги Чатыр-Көл кинотеатрына көчүрүлүп, имаратын оңдоп-түзөөгө каражат тартыш болуп турса, Чүй облустук театрынын имараты жок болуп, убактылуу мурдагы Кычан Жакыпов атындагы пионерлер үйүндөгү Жаштар театры менен бирге жайгаштырылып, сахнасы оңдоп-түзөөгө муктаж.

Ал эми Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык-драма театрынын чатырын оңдоого каражаты жок, көрүүчүлөр залына тамчы тамып турса, артисттердин коопсуздугу эске алынбай, 28 жыл мурда Советтер Союзунда чыгарылган “Кубань” автобусу менен гастролдорго чыгып жүрөт.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 28.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.