Кыргызстандын ЖОЖдорундагы бюджеттик орундардын дээрлик жарымы азырынча бош

Алдыдагы окуу жылына карата Кыргызстандын Жогорку окуу жайларындагы бюджеттик (гранттык) орундар үчүн биринчи турда 2 миң 790 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Алардын билдиришинче, министрлик 4-июнда токтом кабыл алып, анда мамлекеттик ЖОЖдорго 5 447 бюджеттик орун бөлүнгөн. Анын 435 оруну жалпы республикалык тестирлөөнү талап кылбаган кесиптик тармакка берилген.

Биринчи турда 4 862 бюджеттик орунга сынак өткөрүлүп, ага 18 миң 242 абитуриент катышкан.

Министрликтен белгилешкендей, 17-23-июлда өтө турган тестирлөөнүн экинчи турунда абитуриенттер 2 072 бюджеттик орун үчүн күч сынашат.

«Zpress.kg» МА, 20.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.